Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кайсы маалда уктаганга болбойт?

Жарыяланды: 15 июнь 2022

%article_title%

Күн чыкканга чейин уктоо ырыскыны тосот

Фатима (р.а) айтат: “Мен таң эрте уктап жатканмын. Пайгамбарыбыз ﷺ биздин алдыбыздан өтүп жатып, буту менен кыймылдатып айтты: “Ээ, кызым! Өз Роббиң ырыскы бөлүп жаткан учурда сен ойгоо бол, капилетте калуучулардан болбо. Таң чыккандан тартып, күн баткан мезгилдин ортосунда Аллах Таала элдерге ырыскыны бөлүштүрөт”.

Күн чыкканга чейин уктагандын кулагына шайтан заара кылат

Ибн Масуддан (р.а) риваят: “Пайгамбарыбызга ﷺ бир кишинин таң атканга чейин уктап жата бергендиги тууралуу айтылганда: “Анын кулагына шайтан заара кылды”, - деп айтты.

Асрдан кийин уктаса, акылда алсыздык пайда болот

Айша (р.а) пайгамбарыбыздан ﷺ риваят кылат: «Ким асрдан кийин уктап, акылында алсыздык пайда болсо, ал өзүнөн башка эч кимди жемелебесин”

Шамдан кийин уктоо макүрөө

Айшадан (р.а) риваят: “Пайгамбарыбыз ﷺ куптандан мурда (шамдан кийин) уктоону макүрөө деп түшүнөт эле”.

Макаланы жакындарыңыз бөлүшүүнү унутпаңыз.



Намаз убактылары
29 ноябрь 2022г.
Багымдат
06:29
Күндүн чыгуу
08:10
Бешим
12:50
Аср
15:48
Шам
17:35
Куптан
18:50
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов