Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Хафса энебиз тууралуу кызыктуу 12 факт

Жарыяланды: 17 июнь 2022

Аруу энелер тууралуу кызыктуу маалыматтарды жарыялоону улантабыз. Бул жолу пайгамбарыбыздын ﷺ 4-жубайы Хафса бинт Умар (р.а) жөнүндө айтып беребиз.

%article_title%

1. Хафса энебиз болжол менен 605-жылы Меккеде дүйнөгө келген. Анын атасы - мусулмандардын 2-адилеттүү халифи Умар ибн Аль-Хаттаб, апасы Зейнеб бинт Мазун болгон.

2. Азирети Хафса (р.а) бой жетип, Хунайс бин Хузаафага турмушка чыккан. Жубайлар алгач Хабашистанга, андан кийин Мединага хижрат кылышкан.

3. Ислам дини үчүн мал-мүлкүн, жанын аябаган Хунайс (р.а) Бадр согушунда оор жарадар болуп, хижрийдин 3-жылы дүйнөдөн кайткан. Жаназа намазын пайгамбарыбыз ﷺ өзү окуткан. Азирети Хафса энебиз Хунайстан (р.а) балалуу болгон эмес.

4. Азирети Умар күйөө баласы каза болгондон 6-7 ай өткөндөн кийин жесир калган кызына татыктуу жар издей баштаган. Ал баш кошуу сунушун азирети Абу Бакр Сыдыкка (р.а), андан кийин азирети Усманга (р.а) билдирген. Бирок алардан оң жооп алган эмес.

5. Умар (р.а) пайгамбарыбызга ﷺ келип, дартын айтканда, Аллахтын элчиси ﷺ сүйүнүчтүү кабар менен кубандырган:

“ Хафсага Усмандан да кайырдуу бир киши үйлөнөт. Усман болсо, Хафсадан да кайырдуу бирөөнү алат. Оо, Умар! Кызыңды Абу Бакр менен Усмандан да кайырдуу инсанга бергиң келбейби?”.

6. Хафса энебиз (р.а) пайгамбарыбызга ﷺ хижрийдин 3-жылы Шаабан айында турмушка чыккан. Аллахтын элчиси ﷺ 56, азирети Хафса (р.а) 20-22 жашта болчу.

7. Азирети Хафсага (р.а) махр катары 400-480 дирхам берилген. Ал эми себинде кылдан токулган 1 керебет, 2 жаздык, 1 көрпөчо, 2 табак жана төөлөрдүн мойнуна тагылган коңгуроо бар эле.

8. Азирети Хафса Мединада жазганды, окуганды үйрөнгөн. Ал Куран хафизи болчу. Сөзгө чечендиги, так жана туура сүйлөгөндүгү менен белгилүү болгон. Шарият илимин (фикх) өтө терең билип, фатва берген сахабалардан эле. Атасы азирети Умар (р.а) да андан фатва сураган.

9. Хафса энебиз (р.а) көп орозо кармачу, көп дуба кылчу. Түнү жылуу-жумшак төшөгүнөн туруп, көп намаз окуган. Рамазан айынын акыркы күндөрүн итикаф кылып өткөрчү. Ал баам-парасаттуу, кайраттуу, акылдуу аял болгон. Мүнөзү атасы азирети Умардыкына (р.а) окшош болчу.

10. Умар ибн Хаттаб (р.а) көзү тирүү кезинде азирети Абу Бакрдан (р.а) өткөрүп алган Куран кол жазмасын Хафса (р.а) энебизге аманат катары калтырган.

11. Азирети Хафса 60 хадис риваят кылган. Ал риваят кылган 4 хадисти Бухарий менен Муслим бир пикирде кабыл алышкан. Анын хадис илимин үйрөткөн шакирттери болгон.

12. Аллахтын элчиси ﷺ дүйнөдөн кайткандан кийин 35 жыл жашаган азирети Хафса 60-63 жашында каза болгонг. Хафса энебиз (р.а) пайгамбарыбыз ﷺ менен 8 жыл жашаган.



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
11 август 2022г.
Багымдат
4:13
Күндүн чыгуу
6:04
Бешим
13:07
Аср
18:05
Шам
20:14
Куптан
21:40