Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Курман Айттын 9 адеби

Автору: Кундуз Апышова / Жарыяланды: 8 июль 2022

Эртең мусулмандардын көптөн күткөн кубанычтуу майрамы. Исламда Курман Айт – өтө маанилүү эки күндүн бири. Ал Зул-хижжа айынын 10-күнүнөн тартып, 13-күнүнө чейин белгиленет.

%article_title%

Майрамда мусулмандар дасторкон жайып, конок тосот. Бири-бирин куттуктап, белектерди беришет. Жараткандын ыраазычылыгы үчүн курмандык чалынат. Колунда жок муктаждарга жардам берилип, курсагы тойгузулат.

Түнү ибадат кылууга маани берүү

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Кимде-ким Айттын түнүндө жан Шаабан айынын 15-түнүндө ибадат кылса, жүрөктөр өлгөн күнү анын жүрөгү өлбөйт”.

Мисвак колдонуу

Улуу аалым Ибнуль-Мусаййаб айткан: “Айт күндөрү мисвак колдонуу сүннөт болуп саналат”.

Гусул алуу

Имам Нафиъ айтат: “Азирети Умар (р.а) Айт күнү намаз аянтчасына баруудан мурун гусул алат эле”.

Атыр себинүү

Жума жана Айт сыяктуу күндөрдө атыр колдонуу – эркектерге сүннөт (Жамъуль-Васааил).

Жакшы кийим кийүү

Имам Нафиъ айткан: “Азирети Умар (р.а) Айтта эң жакшы кийимдерин кийет эле”.

Айт намазынан мурун нафил намаз окубоо

Абу Саид Худрий (р.а) айтат: “Аллахтын элчиси ﷺ Айт намазынан мурун эч бир намаз окубайт эле”.

Намаздан мурда эч нерсе жебөө

Азирети Бурайда атты: “Пайгамбарыбыз ﷺ Курман Айт күнү намаз окумайынча, эч нерсе жебейт эле”.

i]Айт намаз окулуучу аянтка эрте баруу

Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Албетте бул (Курман айт) күнүбүздө биринчи кыла турган ишибиз – намаз окуу, анан курмандык сойгону кайтабыз. Ким ушуну кылса, ал биздин сүннөткө амал кылды”.

Мүмкүн болсо, Айт намазына жөө баруу

Азирети Саад (р.а) айтат: “Пайгамбарыбыз ﷺ Айт намазына жөө чыгат эле”.



Башка макалалар
Намаз убактылары
7 октябрь 2022г.
Багымдат
5:32
Күндүн чыгуу
7:06
Бешим
12:49
Аср
16:48
Шам
18:37
Куптан
20:08
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов