Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Карызга байланыштуу 9 адеп

Автору: Кундуз Апышова / Жарыяланды: 26 июль 2022

Карыз – бул аманаттын бир түрү. Аллах момундарга буйруйт: “Акыйкатта, Аллах силерге тапшырылган аманатты анын ээсине тапшырууну буйрук кылат...” (Куран, 4:58). Аманатка жоопкерчиликтүү мамиле кылганы үчүн момундар Жараткандын каалоосу менен бул дүйнөдө да, акыретте да соопко (сыйлыкка) ээ болушат.

%article_title%

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: Карыздан сактангыла! Карыз бул – түн ичиндеги кайгы-муңдун, күндүзгү убактагы кор болуунун себеби”. Ошондуктан мусулман карыз алууга жана берүүгө олуттуу мамиле кылыш керек.

%article_title%

КАРЫЗ БЕРҮҮЧҮГӨ ЭСКЕРТҮҮ:

1. Жакшы ниет менен карыз берүү

Аллахтын элчиси ﷺ мындай деген: “Ким эки жолу күмүштү карызга берсе, бир жолу садака бергенге барабар болот” (Байхаки).

2. Карызын жакшы көрүнүштө талап кылуу

Пайгамбарыбыз ﷺ минтип дуба кылган: “Сатканда, сатып алганда жана акысын талап кылганда жумшак болгон адамды Аллах Таала өз мээримине алсын” (Бухари).

3. Төлөй албай калганда узартып берүү

Аллах Таала айтты: “Эгер (карыз алуучу) начар (турмушта жашаган киши) болсо, бай болгонго чейин күткүлө” (Бакара, 280).

4. Мүмкүн болсо, карызды кечип жиберүү

Ыйык Куранда мындай деп келет: “Эгер (карызыңарды) садака кылып жиберсеңер, өзүңөргө жакшы, эгер билсеңер” (Бакара, 280).

5. Сүткорлуктан алыс болуу

Азирети Жабир (р.а) айтат: “Аллахтын элчиси ﷺ сүткорлуктан жегенди, жедиргенди, аны жазганды, ага күбө болгондорду каргыштап: “Булардын баары бирдей”, - деген.

КАРЫЗ АЛГАН АДАМГА ЭСКЕРТҮҮ:

1. Жөнү жок эле жана зарылчылыксыз карыз албоо

2. Кайра кайтарып берем деген ниетте алуу

Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Ким кайтарып берүү ниетинде карыз алса, Аллах Таала анын карызын кайтарып берүүсүн жеңил кылат” (Бухари).

3. Карызды убагында кайтаруу

Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Бай (карызды кайтарууга мүмкүнчүлүгү бар) адамдын (карыз мөөнөтүн) узартуусу зулумдук болуп саналат” (Бузари).

4. Карыздан жеңил кутулуу үчүн дуба кылуу

Абу Ваил (р.а) төмөндөгүчө баяндайт: “Азирети Алиге азат болуу үчүн кожоюнуна төлөм төлөө келишимин түзгөн кул келип: “Төлөмдү төлөй албай калдым, мага жардам бер”, - дейт. Азирети Али: “Сага Аллахтын элчиси ﷺ үйрөткөн дубаны үйрөтөйүнбү? Эгер бул дубаны кылсаң, тоодой карызың болсо да Аллах сага жардам берет. Мындай деп дуба кыл: “Оо, Жараткан Аллах, мага адал нерселерди жетиштүү кыл, арамга кирүүнү оюма да салба. Мага байлык бере көр жана Өзүңдөн башкага муктаж кылба”.



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
21 сентябрь 2023г.
Багымдат
5:13
Күндүн чыгуу
6:48
Бешим
12:55
Аср
17:12
Шам
19:05
Куптан
20:37