Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Достук мамилесинде эмнелерди эске алуу керек? Маанилүү 8 кеңеш

Автору: Кундуз Апышова / Жарыяланды: 17 август 2022

Дос – сен кандай абалда болсоң да кабыл алган жакының. Ийгилигиңе жетине албай кубанып, кайгыңды тең бөлүшкөн инсан. Сенин бул дүйнөдөгү эле бактыңды эмес, акыретиңди ойлоп, санаа чеккен адам. Чыныгы доско ээ болгон адам эки дүйнөдө бактылуу десек болот.

%article_title%

Ислам дини достукка өзгөчө көңүл бурат. Бул материалда достошууда сөзсүз эске алынчу кеңештер менен бөлүшөбүз.

Ыймандууну гана дос тутуу

Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Киши досунун дининде болот. Ошондуктан силер ким менен достошуп жатканыңарга көңүл бургула!” (Тирмизи).

Досуңду Аллах үчүн жакшы көрүү

Аллахтын элчиси ﷺ мындай деген: “Кимде 3 нерсе болсо, ал ыймандын даамын татты. Алардын бири – Аллах үчүн гана жакшы көрүү” (Бухари).

Досуңа жакшы көргөнүңдү билдирүү

Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Эгер силердин бириңер досун жакшы көрсө, анын үйүнө барсын жана аны Аллах үчүн жакшы көрө тургандыгын билдирсин” (Муснад Ахмад).

Достошууда ортолукту кармануу

Бир хадисте мындай деп келет: “Досуңду орточо жакшы көр, бир күнү ал сенин душманың болуп калуусу мүмкүн. Душманыңды орточо жакшы көр, бир күнү ал сенин досуң болуп калышы мүмкүн” (Тирмизи).

Катачылыгына көз жумуп коюу

Имам Шафий (ага Аллах ырайым кылсын) айткан: Ким досун чын жүрөктөн жакшы көрсө, анын үзүрлөрүн кабыл кылат. Кемчилик-айыптарын оңдойт жана адашууларын кечирет”.

Биримдикти дайым сактоо

Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген: “Эки адам бири-бирин Аллах үчүн жакшы көргөн соң экөөнүн ортосу ажыраса, бул алардын бири кылган күнөөнүн себебинен болот”.

Ыңгайлуу мезгилде гана достошо тургандардан алыстоо

Досу көзү жумган соң үй-бүлөсү менен жакшы мамиледе болуу

Айша (р.а) мындай деген: “Кээде пайгамбарыбыз ﷺ кой соёт эле. Кийин аны мүчөлөп бөлүп, Хадижанын (р.а) досторуна жөнөтөт болчу” (Бухари).



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
18 апрель 2024г.
Багымдат
4:32
Күндүн чыгуу
6:16
Бешим
13:01
Аср
17:47
Шам
19:51
Куптан
21:06