Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Пайгамбарыбыздын ﷺ жубайы Зайнаб бинт Жахш тууралуу 11 кызыктуу факт

Жарыяланды: 20 август 2022

Аруу энелерибиз жөнүндө маалыматтар менен бөлүшүүнү улантабыз. Бул ирет пайгамбарыбыздын 7-жубайы Зайнаб бинт Жахш тууралуу кеп кылабыз.

%article_title%

1. Зайнаб бинт Жахш (р.а) тектүү Абдушамс уурусунун кадыр-барктуу кызы болгон. Атасы – Жахш бин Риаб, энеси – Умайма бинт Абдулмутталиб. Умайма пайгамбарыбыздын ﷺ эжеси болот.

2. Зайнаб (р.а) энебиз Меккеде ыйман келтирип, азап-кыйынчылык тарткандардан жана алгачкы мухажирлерден эле. Ал бир туугандары менен Мадинага хижрат кылган кезде 30 жаштагы бойдок кыз болгон.

3. Зайнаб бинт Жахштын (р.а) биринчи күйөөсү Зайд бин Харис (р.а) болгон. Ал пайгамбарыбыздын ﷺ сунушу менен Зайдга турмушка чыккан. Бирок түгөйлөр чын көңүлдөн каалап үйлөнбөгөндүктөн, көпкө жашай албай, эки жолго түшүшкөн.

4. Идда мөөнөтү бүткөндөн кийин пайгамбарыбыз ﷺ Зайнабга (р.а) үйлөнүү ниетин билдирип, киши жөнөтөт. Бул кубанычтуу кабарды уккан азирети Зайнаб (р.а) дароо шүгүр намазын окуп, эки ай орозо кармоого ниет кылат.

5. Ошентип, Зайнаб бинт Жахш (р.а) дүйнөдөгү эң мыкты инсанга турмушка чыгат. Бул нике Аллахтын буйругу менен ишке ашкан. Азирети Зайнаб сыймыктануу менен мындай дечү: “Силерди пайгамбарга үй-бүлөңөр, мени болсо жети кабат асманда Улуу Жараткан турмушка берди”.

6. Шүгүр келтирип жашаган Зайнаб бинт Жахш (р.а) өтө берешен аял болгон. Пайгамбарыбыз ﷺ анын бул сапаты тууралуу жубайларына мындай деген: “Силердин араңардан мага акыретте эң биринчи жолуга турганыңар – колу узун (берешен) болгонуңар”.

7. Зайнаб энебиз (р.а) Ухуд согушуна катышып, жоокерлерге суу тараткан. Хайбар жеңишине жана Таиф шаарын курчоого алууга катышкан. Коштошуу ажылыгында болгон. Аллахтын элчиси ﷺ дүйнөдөн кайткандан соң анын буйругуна баш ийип, үйүнөн сыртка чыккан эмес.

8. Азирети Зайнаб (р.а) ибадаткөй, такыбаа, дайыма орозо кармап жүргөн, кичипейил, көп ыйлап, көп дуба кылган, динди бекем карманган аял болгон. Ал 11 хадис риваят кылган.

9. Таланттуу, жөндөмдүү, чыгармачыл Зайнаб (р.а) энебиз кол өнөрчүлүк менен алектенген. Тери иштеткен, бут кийим тиккен, таар, килем соккон. Жасаган буюмдарын сатып, Аллахтын жолуна сарптаган.

10. Аллахтын элчиси ﷺ менен 6 жыл түтүн булатып, бактылуу өмүр сүргөн Зайнаб бинт Жахш (р.а) азирети Умар халиф болуп турганда көз жумган. Ошентип, ал 53 жашында сүйүктүү жолдошунун артынан биринчилерден болуп жөнөп кеткен. Зайнаб болгон акчасын муктаждарга таратып бергендиктен, артынан бир дагы дирхам калтырган эмес.

11. Азирети Зайнабдын (р.а) сөөгү аруу энелерибиз тарабынан жуулуп, Умар (р.а) белек кылган кепинге оролгон. Жаназа намазын халиф Умар төрт такбир менен окутуп, Баки көрүстөнүнө коюлган.



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
29 ноябрь 2022г.
Багымдат
06:29
Күндүн чыгуу
08:10
Бешим
12:50
Аср
15:48
Шам
17:35
Куптан
18:50