Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Момундардын энеси Жувайрия бинт Харис тууралуу кызыктуу 8 факт

Жарыяланды: 27 август 2022

Мусулман аялзатынын бийик үлгүлөрү эсептелген аруу энелерибиз жөнүндө баяндап берүүнү улантабыз. Бул ирет пайгамбарыбыздын ﷺ жубайы Жувайрия бинт Харис (р.а) тууралуу биле аласыз.

%article_title%

1. Жувайрия хуза уруусунун мусталик уулдары тобунан чыккан. Анын атасы Харис уруу башчысы эле. Баштапкы ысымы – Барра. Кийин пайгамбарыбыз ﷺ ага Жувайрия деген ысым ыйгарган.

2. Аллахтын элчиси ﷺ хижрийдин 5-жылы Бану Мусталик жортуулуна чыккан. Жеңиш менен аяктаган бул казатта 200 киши туткундалат. Бул жортуулда Жувайриянын күйөөсү каза болуп, өзү туткунга түшөт. Олжо катары Сабит бин Кайстын (р.а) үлүшүнө бөлүнөт.

3. Тектүү үй-бүлөнүн кызы Жувайрия азаттыкка чыгуу үчүн жардам сурап, пайгамбарыбызга ﷺ келет. Аллахтын элчиси ﷺ акысын төлөп, эркиндикке чыгарат. Анан Исламды кабыл алган Жувайрияга (р.а) турмушка чыгуусун сунуштайт.

4. Ошентпп, ал дүйнөдөгү эң мыкты инсанга турмушка чыгат. Пайгамбарыбыз ﷺ жубайынын урматына анын уруусундагы 100 туткунду бошоткон. Мусулмандардын мындай жакшылыгы үчүн Жувайриянын атасы уруусу менен бирге Исламды кабыл алышкан.

5. Пайгамбарыбыздын 8-жубайы Жувайрия (р.а) чырайлуу аял болгон. Ал алысты көрө билген акылдуу, ибадаткөй эле. Түндөсү ибадат кылып, күндүзү орозо кармачу. Дүнүйөнү этибарга албаган такыбаа, жүрөгү таза адам болгон. Эл арасында берешендиги менен белгилүү эле.

6. Азирети Жувайрия (р.а) башка аруу энелерибиз сыяктуу Аллахтын элчиси ﷺ менен биргеликте Коштошуу ажылыгын кылган. Хайбар казатына катышкан мухажиддерден болгон.

7. Жувайрия (р.а) энебиз 7 хадис риваят кылган. Андан азирети Абдуллах ибн Аббас, Жабир ибн Абдуллах жана Абдуллах бин Амр сыяктуу сахабалар хадис риваят кылышкан.

8. Пайгамбарыбыз ﷺ менен 6 жыл жашаган 70 жаштагы Жувайрия (р.а) Муавия ибн Абу Суфьян (р.а) халиф болуп турганда көз жумган. Сөогү Баки көрүстөнүнө коюлган.



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
29 ноябрь 2022г.
Багымдат
06:29
Күндүн чыгуу
08:10
Бешим
12:50
Аср
15:48
Шам
17:35
Куптан
18:50