Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Оор мезгилде окула турган дубалар

Автору: Кундуз Апышова / Жарыяланды: 18 сентябрь 2022

Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Момун мусулмандар бир дене сыяктуу. Эгерде дененин бир мүчөсү ысытма оорусу же уйкусуздук менен ооруса, анда дененин калган мүчөлөрү да аны менен бирге ооруп, тынчы кетет” (Бухари),

Мекенибизге келген сыноо ар бирибизди тынчсыздандырып, жүрөгүбүздү канатууда. Бул оор кырдаалда колдон келген жардамыбызды көрсөтөлү. Аллахтан жергебизге бейпилдик сурап, дуба кылалы. Дуба –мусулмандын эң чоң куралы.

1-дуба

إِنَّا للهِ وَإِنَا إِلَـيْهِ راجِعُونَ، اللَّهُـمَّ اْجُـرْنِي فِي مُصِـيبَتِي، وَاخْلُـفْ لِي خَيْـراً مِنْـهَ

«Инна лилляхи ва инна иляйхи раджи’ун! Аллахумма-журни фи мусибати вахлюф ли хайран минха».

Мааниси: “Албетте, биз Аллах Таалага гана таандыкпыз жана Ага гана кайтуучубуз. Оо, Аллах! Сен мага ушул кыйынчылыктан сооп бер жана анын ордуна андан да жакшы белек бер!”

2-дуба

Пайгамбарыбыз азирети Алиге (р.а) мындай деген: “Эй, Али! Кандайдыр бир коркунучтуу окуяга туш болгонуңда бул дубаны оку:

بسم الله الرحمن الرحيم

لا حول ولا قوة الا بالله العلي العظيم

للَّٰهُمَّ إِيَّاكَ نَعْبُدُ وَإِيَّاكَ نَسْتَعِينُ

"Бисмиллахи рохмаани рохийм

Ля хавля ва ля куввата илля билляхи ль-'аллиййи ль-'азым

Аллохумма иййака на‘буду ва-иййака настаъин".

Мааниси: “Мээримдүү жана ырайымдуу Аллахтын ысымы менен. Чексиз Кудуреттүү Аллах Тааладан башка ишенип-таяна турган эч бир күч жок. Оо, Аллахым, биз жалгыз Өзүңө гана ибадат кылып, жалгыз Өзүңдөн гана жардам сурайбыз!”

3-дуба

حَسْبُنَا اللَّهُ وَنِعْمَ الْوَكِيلُ

«Хасбуналлаху ва ни'маль вакиль»

Мааниси: “Аллах Таала бизге жетиштүү. Ал биздин жападан жалгыз таянычыбыз”.

4-дуба

لا حول ولا قوة الا بالله

«Ля хауля ва ля куввата илля биллях»

Мааниси: “Аллах Тааладан башка таянып-ишене турган эч бир улуу күч жок”.

5-дуба

لَّا إِلَٰهَ إِلَّا أَنتَ سُبْحَانَكَ إِنِّي كُنتُ مِنَ الظَّالِمِينَ

«Ля иляха илля анта субханака инни кунту мина-залимин».

Мааниси: “Сенден башка ибадатка татыктуу зат жок. Сен бардык айыптардан тазасың! Албетте, мен зулум кылуучуларданмын”.

“Мусулман бул дуба аркылуу кайсы гана нерсени сурабасын, ага сөзсүз жооп берилет” (Тирмизи).



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
29 ноябрь 2022г.
Багымдат
06:29
Күндүн чыгуу
08:10
Бешим
12:50
Аср
15:48
Шам
17:35
Куптан
18:50