Мечит – бул Аллахтын үйү. Ошондуктан мечитке ниетти түздөп, жакшылап даарат алып, таза кийимдерди кийип баруу керек. Бул материалда мечитке баруунун 10 адеби менен таныша аласыз.
Дин үйрөнүү же үйрөтүү ниетинде баруу
Аллахтын элчиси ﷺ айтты: “Ким бул менин мечитиме келсе, жакшылыкты үйрөнүш үчүн же үйрөтүш үчүн гана келсин! Ошондой кылса, Аллахтын жолунда күрөшкөн адамдын даражасында болот. Ал эми ким мындан бөлөк нерсе үчүн келсе, анда ал башка адамдардын буюмдарын карап жүргөн адамдын даражасында болот” (Ибн Маажа).
Жөө баруу
Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деди: “Ал аркылуу күнөөлөрдү кечире турган, даражаны көтөрө турган амалды айтайынбы?”. Сахабалар: “Сөзсүз, оо, Аллахтын элчиси”, -дешти. Пайгамбарыбыз ﷺ аларга айтты: “Жагымсыз учурда дааратты толук алуу, мечиттерге кадамды көп кылуу, намаздан кийин намазды күтүү. Мына ушул силер үчүн рибат (шайтандан сактануу чеби)” (Муслим).
Жүрөктү мечитке байлоо
Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Жети түрдүү адамды көлөкө жок күндө Өзү көлөкөсүнө алат... алардын бири ушундай киши – жүрөгү мечиттер менен байланган” (Бухари).
Шашылбай, оор басырыктуулук менен баруу
Аллахтын элчиси ﷺ айткан: “Икоомат айтылганын уксаңар, анда намазга карай баскыла. Бейпилдикти жана токтоолукту бекем туткула, шашылбагыла” (Бухари).
Тахиятуль масжид намазын окуу
Макүрөө эмес убакыт болсо Тахиятуль масжид (мечиттин Кожоюну менен учурашуу) намазын окуу керек. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Качан силердин бириңер мечитке кирсе, отуруудан мурун эки рекет намаз окусун” (Бухари).
Аллахты эстөө менен алек болуу
Мечитте пайдасыз дүйнө сөздөрүн сүйлөбөй, Аллахты эстөо менен алек болуу зарыл. Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Мечиттерди үнүңөрдү бийик кылуудан сактагыла!” (Ибн Маажа).
Жагымсыз жыт менен барбоо
Азирети Айша (р.а) айтты: “Аллахтын элчиси үйлөрдө да мечит курууга жана аны жыттандырып (жыпар жыт менен), таза кармоого буюрган”.
Мечитте түкүрбөө
Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Мечитте түкүрүү – катачылык. Анын жуушу – көмүп коюу” (Эгер таза жерге түкүрсө, анын каффарасы – тазалоо ).
Дайым бир орунду ээлеп албоо
Абдуррахман ибн Шибл (р.а) айтат: “Аллахтын элчиси ﷺ (кайтарган нерселердин бири).. .төо олтуруу үчүн өзүнө орун ээлеп алгандай, адамдын да мечитте орунду мекендеп алуусунан кайтарган” (Абу Дауд).
Мечитте соода-сатык кылбоо
Амр ибн Шуайб атасынан, ал чоң атасынан риваят кылат: “Аллахтын элчиси ﷺ мечитте алып сатуудан кайтарган” (Абу Дауд).