Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Мугалимге кандай мамиле кылуу керек?

Жарыяланды: 5 октябрь 2022

5-октябрь – Билим берүү кызматкерлеринин күнү. Динибизде илим-билим алып жаткан инсанга сый-урмат көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Пайгамбарыбыздын ﷺ хадисинде мындай деп келет: Улууну сыйлабаган, кичүүгө ырайым кылбаган жана илимдүүнү ызааттабаган адам менин үммөтүмдөн эмес”.

%article_title%

Жакшы билим алуу бир гана аракеттен, мыкты эс-тутумдан, кымбат окуу китептеринен көз каранды эмес. Пайдалуу илим-билим алуу үчүн мугалимдерди сыйлоо зарыл. Устазына терең сый-урмат көрсөтүү менен көптөгөн аалымдар терең илимге ээ болушкан.

Улуу аалым Маймун бин Михрон мындай деген: “Сенден илимдүү болгон адам менен талашып-тартышпагын. Андай кылсаң, анын илими сага тосулуп калат. Сен айткан сөз ага эч кандай зыян бере албайт”.

Алдыда жугуштуу илим-билим алгысы келгендер үчүн кеңештерди сунуштайбыз. Бул насаатарды аткаруу менен пайдалуу илимге ээ боло аласыз.

Сабакка кечикпей, эртерээк баруу керек.

Мугалимге озунуп биринчи салам берүү зарыл.

Устаз менен талашып-тартышпоо талап кылынат.

Мугалимдин ар бир сөзүн биринчи жолу угуп жаткандай көңүл буруп угуу керек

Сабак жүрүп жатканда уйкудан жана башка азгыруучу нерселерден сактануу зарыл.

Устаздын алдында тазалыкты сактоого маани берүү талап кылынат.

Мугалимдин айтканына моюн сунуу абзел.

Устаз адашып калганда, ылайыктуу жол менен жумшак эскертүү керек.



Намаз убактылары
29 ноябрь 2022г.
Багымдат
06:29
Күндүн чыгуу
08:10
Бешим
12:50
Аср
15:48
Шам
17:35
Куптан
18:50
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов