Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Момундардын энеси Умм Хабиба Рамла тууралуу 10 факт

Жарыяланды: 21 октябрь 2022

Пайгамбарыбыздын ﷺ жубайлары жөнүндө баяндап берүүнү улантабыз. Бул жолу Умм Хабиба Рамла (р.а) энебиздин жашоосу жана андан алчу сабактар тууралуу сөз кылабыз.

%article_title%

1. Азирети Умм Хабибанын атасы Меккенин башкаруучусу Абу Суфьян болгон. Ал башка аруу энелерибиздин арасынан ата-теги жагынана пайгамбарыбызга ﷺ эң жакыны эле.

2. Умм Хабиба (р.а) Исламды 21 жашында кабыл алган. Өз кызынын Ислам динин кабыл алышы Абу Суфьяндын ачуусун келтирген. Умм Хабиба (р.а) күйөөсү Убайдуллах ибн Жахш менен бирге Хабашистанга көчүп кетишкен.

3. Бирок бул жерден ал өтө оор сыноого кабылат. Күйөөсү Убайдуллах христиан динине өтүп, аялын да көндүрө баштайт. Чыныгы мусулман катары Умм Хабиба бул сунуштан таптакыр баш тарткан. Ошентип, ал бөтөн жерде кичинекей кызы менен жалгыз калат.

4. Идда мөөнөтү бүткөндөн кийин Умм Хабиба (р.а) эң жакшы кабарды укту. Пайгамбарыбыз ﷺ ага турмуш куруу сунушун киргизип, Негуска кат жазат. Умм Хабибанын никедеги күбөсү абасынын уулу Халид ибн Саид болгон. Пайгамбарыбыздын ﷺ күбөсү Нажаши анын атынан Умм Хабибага (р.а) 400 динар махр берген.

5. Аллах Таала Умм Хабибаны (р.) пайгамбардын ﷺ жубайы кылуу менен ага эки дүйнөлүк бакытты ыроологон. Хижранын 7-жылы ал башка сахабалар менен биргеликте Мединага жолго чыккан. Мединалыктар Хабашистандан келгендерди сүйүнүч менен тосуп алышкан. Мусулмандар Умм Хабиба менен пайгамбарыбыздын ﷺ тоюн белгилешкен.

6. Алардын тою тууралуу Абдуллах ибн Аббас (р.а) минтип айтат: “Аллах пайгамбарыбыз ﷺ менен Умм Хабибанын баш кошуусун насип кылгандан кийин меккеликтер менен мусулмандардын душмандыгы тарап, достук мамилелер түзүлө баштады”.

7. Пайгамбарыбыздын ﷺ Умм Хабибага баш кошуусунан улам бул аят түшкөн: “Балким, Аллах силердин ортоңор менен каршы болуп жаткандардын ортосунда достук орнотор. Аллах Кудуреттүү, Кечиримдүү, Мээримдүү” (Куран, 60:7).

8. Баам-парасаттуу, акылдуу жана камкор Умм Хабиба (р.а) энебиз ибадаткөйлүгү менен баарына өрнөк болчу. Өтө жогорку деңгээлдеги аалым аял эле. Иниси азирети Муавия (р.а) халиф болуп турган кезде, Умм Хабиба энебизге келип, илимий маселелерине жооп алып турган.

9. Азирети Умм Хабиба Айша жана Умм Саляма энелерибизден кийинки эң көп хадис риваят кылган энебиз болчу. Анын 65 хадис риваяты бар. Андан Анас ибн Малик жана көптөгөн табииндер хадис риваят кылышкан.

10. Азирети Умм Хабиба энебиз бир тууганы Муавия халиф болуп турган мезгилде (хижранын 44-жылы) дүйнөдөн кайткан. Сөөгү Баки көрүстөнүнө коюлган.



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
3 февраль 2023г.
Багымдат
06:38
Күндүн чыгуу
08:15
Бешим
13:15
Аср
16:34
Шам
18:21
Куптан
19:36