Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Пайгамбарыбыздын жубайы Маймуна бинт Харис тууралуу 10 факт

Жарыяланды: 25 октябрь 2022

Пайгамбарыбыздын ﷺ акыркы жубайы Маймуна бинт Харис болгон. Бул макалада Маймуна энебиздин адеп-ахлагы, өзгөчөлүгү тууралуу биле аласыз.

%article_title%

1. Маймуна курайштын тектүү уругунан болгон. Баштапкы аты “Барра” эле. Кийин пайгамбарыбыз ﷺ “Маймуна” деп өзгөрткөн.

2. Маймуна (р.а) пайгамбарыбыз ﷺ өз сөзүндө келтирген 4 эже-сиңдинин бири болгон. “Ыйман келтирген 4 эже-сиңди булар: “Умм аль-Фадль, Маймуна, Зайнаб жана Асма”.

3. Азирети Маймуна (р.а) жаш чагында эле Исламды кабыл алган. Ислам келгенге чейин Масуд ибн Амрга турмушка чыгып, динди кабыл алгандан кийин аны менен ажырашкан. Кийин Абу Рухм менен баш кошуп, бирок ал күйөосү каза болуп калган.

4. Маймуна (р.а) эжеси Умм аль-Фадлга пайгамбарга турмушка чыгып, өзүн тартуу кылгысы келерин айткан. Эжеси бул сунушту жолдошу Аббаска (р.а) билдирет. Аллахтын элчиси ﷺ мындан кийин жуучулукка киши жиберген. Аббас пайгамбарыбыздын ﷺ атынан 400 дирхам махр берип, аны турмушка узаткан.

5. Бул никеден кийин эки уруунун ортосундагы мамиле жакшырган. Бану Хилял уурусу мене туугандык байланыш түзүлүп, алардын Исламга келишине себепчи болгон. Кийин бул уруу мусулмандарга чоң колдоо көрсөткөн.

6. Азирети Маймуна (р.а) эң жакшы адеп-ахлагы аркылуу белгилүү болгон. Ал акылдуу, чынчыл, өтө такыбаа, ибадаткөй аял эле. Ал туугандарына көп жардам берген. Берешендиги менен өзгөчөлөнгөн Маймуна энебиз жыл сайын Куддуска май жөнөтүп турган.

7. Айша энебиз (р.а) азирети Маймуна жөнүндө буларды айткан: “Маймуна биздин арабыздан такыбаалыгы жагынан жогорку даражада турган жана тууган-урук менен эң жакшы мамиле түзгөн аял эле”.

8. Кайраттуу Маймуна (р.а) энебиз согуштарга катышып, аскерлерге медициналык жардам көрсөткөн. Табук жортуулунда биринчи тез жардам тобун түзгөн.

9. Азирети Маймуна (р.а) 76 хадис риваят кылган. Булардын ичинен 13 хадисти Бухарий жана Муслимдин хадис жыйнактарынан табууга мүмкүн.

10. Маймуна (р.а) Муавия халиф болуп турганда көз жумган. Кээрезине ылайык, сөгү пайгамбарыбыз ﷺ менен баш кошкон Сариф деген жерге коюлган.



Башка макалалар
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
3 февраль 2023г.
Багымдат
06:38
Күндүн чыгуу
08:15
Бешим
13:15
Аср
16:34
Шам
18:21
Куптан
19:36