Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөтүнө ылайык уктоонун 10 адеби

Жарыяланды: 25 ноябрь 2022

Уйку – Жараткан тарабынан берилген эң чоң нээмат. Уктаар алдында эмне кылышыбыз керек? Аллахтын элчиси ﷺ эмне кылган? Бул материалда уктоонун негизги адептери менен тааныша аласыз.

%article_title%

Эрте уктоого аракет кылуу

Азирети Абу Барза (р.а) айтат: «Пайгамбарыбыз ﷺ куптандан мурунку уйкуну жана андан кийинки сүйлөшүүнү жактырчу эмес” (Бухари).

Даарат менен уктоо

Аллахтын элчиси ﷺ айткан: “Уктаарда намаз үчүн алган дааратыңды ал” (Бухари).

Уйку алдында тобо кылып алуу

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Ким төшөгүнө келгенде “Астагфируллоаллази лаа илааха илла хуваль-хаййуль-коййум” дегенди 3 ирет окуп жатса, Аллах анын күнөөлөрүн деңиздин көбүгүндөй, дарактын жалбырагынын санындай, чөлдүн кумунун, дүйнө күндөрүнү эсебинчелик болсо дагы кечирет” (Тирмизи).

Ички дүйнөнү көрө албастыктан, кек сактоодон тазалоо

Пайгамбарыбыз ﷺ Анас бин Маликке (р.а) мындай деген: “Оо, балам! Жүрөгүңдө бир да адамга кек сактабай таң атырып, кеч киргизе алсаң, анда ошондой кыл”.

Аят аль-Курсини окуп жатуу

Азирети Абу Хурайрага (р.а) шайтан келип, мындай деп айткан: “Төшөгүңө келгенде, Аят аль-Курсини оку! Анткени сага Аллах тараптан бир сакчы болуп турат. Таң атканга чейин шайтан сага жакындай албайт”. Качан Абу Хурайра пайгамбарыбызга ﷺ бул кабарды айтканда ал мындай деген: “Кабардар болгун. Ал (шайтан) чегине жеткен калпычы болсо да, чындыкты айтыптыр” (Бухари).

Тахажуд окууга ниет кылуу

Аллахтын элчиси ﷺ айткан: “Ким уктаарда түндө тахажуд окуйм деп ниет кылып, бирок таң атканга чейин уктап калса, ниет кылган нерсеси ага жазылат (сообу берилет). Уйкусу Роббиси тарабынан ага садака болот” (Насаи).

Оң каптал менен жатып уктоо

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “...Андан кийин оң капталыңа жат” (Бухари).

Көмкөрөсүнөн жатпоо

Пайгамбарыбыз ﷺ көмкөрөсүнөн жаткан адамды көрүп, мындай деди: “Чындыгында бул – Аллах жакшы көрбөгөн көрүнүштө жатуу” (Тирмизи).

“Бакара” сүрөсүнүн акыркы 2 аятын окуу

Аллахтын элчиси ﷺ айткан: “Ким “Бакара” сүрөсүнүн акыркы 2 аятын окуса, ага жетиштүү болот (Бухари).

Уйку келгенче, Аллах Тааланы зикир кылуу

Макалада “Этика энциклопедиясы” китебиндеги маалыматтар колдонулду.



Намаз убактылары
3 февраль 2023г.
Багымдат
06:38
Күндүн чыгуу
08:15
Бешим
13:15
Аср
16:34
Шам
18:21
Куптан
19:36
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов