Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Пайгамбарыбыз ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге кандай мамиле кылган?

Автору: Кундуз Апышова / Жарыяланды: 2 декабрь 2022

3-декабрь дүйнө жүзүндө Эл аралык майыптар күнү белгиленет. Акыркы статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген 198 миң адам бар. Алар жалпы калктын 3%ын түзөт. Тилекке каршы, майыптардын саны жыл сайын өсүүдө.

%article_title%

Пайгамбарыбыздын ﷺ доорунда майыптар абдан көп болгон. Исламды жайылтуу, адилеттик орнотуу үчүн болгон салгылаштарда канча деген мусулмандар жаракат алып, майып болуп калышчу. Бирок эч ким абалына нааразы болчу эмес, сыноолорду жеңил кабыл алышкан.

Ислам келгенге чейин мүмкүнчүлүгү чектелгендер түрдүү дискриминацияга кабылып келген. Психологиялык жактан ооругандарды жиндер менен байланышы бар деп, өрттөп салышкан. Чынжыр менен байлап коюшкан. Аллахтын элчиси б ﷺ ул жаатта бир топ реформаларды жүргүзүп, жүрүм-туруму аркылуу аларга кандай мамиле жасоо керектигин көрсөтүп кетти.

Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге өзгөчө мээримдүүлүк менен мамиле кылып, аларга кам көргөн. Майыптык Жараткандын жазасы эмес, күнөөлөрдүн кечирилишине себеп экендигин түшүндүргөн. Мусулман кандай кыйынчыкка кабылбасын, сабырдуулук менен көтөрсө чоң соопко ээ болорун айткан.

Аллахтын элчиси ﷺ бардык сахабаларына бирдей мамиле кылган. Майыптарды коомдон бөлбөөгө чакырган. Мисалы, Абдуллах ибн Умм Мактум деген көзү азиз сахабасына муэдзин болуу жоопкерчилигин жүктөгөн, 13 жолу намазга имамдык кылууну буйруган.

Мүмкүнчүлүгү чектелгендер көңүл бурууга муктаж болот эмеспи. Алар эл менен аралашпаса, депрессияга түшүп кетиши ыктымал. Ошондуктан аларга тез-тез каттап, ал-абалын сурап туруу талап кылынат. Пайгамбарыбыз ﷺ да ооруп жаткандарды зыярат кылып, жакшы сөздөрүн арнаган. Айыгуусу үчүн дуба кылган.

Ал эми учурда мүмкүнчүлүгү чектелгендерге карата мамиле кандай? Тилекке каршы, аларга жеткиликтүү көңүл бурулбайт жана кээде коом тарабынан дискриниацияга туш болушат. Алардын түйшүгүн жеңилдетүү үчүн алты сана соо адамдар кандай аракеттерди көрүп жатабыз?



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
24 февраль 2024г.
Багымдат
06:12
Күндүн чыгуу
07:46
Бешим
13:15
Аср
16:59
Шам
18:49
Куптан
20:04