Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Азирети Усмандан (р.а) жашооңузга керектүү 9 насаат

Жарыяланды: 19 декабрь 2022

Усман ибн Аффан – момундардын үчүнчү халифи, пайгамбарыбыздын ﷺ такыбаалыгы менен белгилүү сахабасы жана күйөө баласы.

Бул ирет Азирети Усмандын (р. а) насааттарын сунуштайбыз. Жөн гана окуп койбостон, жашоодо пайдаланыңыз.

%article_title%

1. Дүйнө үчүн кайгыруу – жүрөккө караңгы, акырет үчүн кайгыруу – жүрөккө нур.

2. Заманды салыштырбаган тагдырларды тааный албайт жана келечек күндөрдүн эмне убада кылганын да биле албайт.

3. Эң чоң жоготуу – акырет сапары үчүн азык камдалбаган узун өмүр.

4. Бүткүл иштер Аллахтын буйругу менен болгонун билсе да, колунан чыгарып ийгендиги үчүн капалангандарга таң калам.

5. Кылган күнөөлөрүңөрдү кандай жашырсаңар, кылган жакшылыктарыңарды да ошондой жашыргыла.

6. Албетте, дүйнө убактылуу. Акырет болсо түбөлүктүү. Убактылуу болгон силерди кутуртуп, азгырбасын, түбөлүктүү болгонго тоскоол болбосун. Силер убактылууну эмес, түбөлүктүүнү тандагыла.

7. Аллах насип кылбаган нерсени кыялдантпайт.

8. Такыбаалык – Аллахтын азабына карата калкан жана Анын ыраазычылыгына жетүү үчүн арачы.

9. Эгер жүрөгүңөр чын эле таза болгондо, Куран окуганга тоймок эмессиңер.

Цитаталар "Төрт хадифадан насаат" китебинен алынды



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
24 февраль 2024г.
Багымдат
06:12
Күндүн чыгуу
07:46
Бешим
13:15
Аср
16:59
Шам
18:49
Куптан
20:04