Эртең мусулмандардын көптөн күткөн кубанычтуу майрамы. Исламда Курман Айт – өтө маанилүү эки күндүн бири. Ал Зул-хижжа айынын 10-күнүнөн тартып, 13-күнүнө чейин белгиленет. Майрамды кантип өткөрүш керек? Алдыда кеңири сөз кылабыз.
Түнү ибадат кылууга маани берүү
Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Кимде-ким Айттын түнүндө жан Шаабан айынын 15-түнүндө ибадат кылса, жүрөктөр өлгөн күнү анын жүрөгү өлбөйт”.
Мисвак колдонуу
Улуу аалым Ибнуль-Мусаййаб айткан: “Айт күндөрү мисвак колдонуу сүннөт болуп саналат”.
Гусул алуу
Имам Нафиъ айтат: “Азирети Умар (р.а) Айт күнү намаз аянтчасына баруудан мурун гусул алат эле”.
Атыр себинүү
Жума жана Айт сыяктуу күндөрдө атыр колдонуу – эркектерге сүннөт (Жамъуль-Васааил).
Жакшы кийим кийүү
Имам Нафиъ айткан: “Азирети Умар (р.а) Айтта эң жакшы кийимдерин кийет эле”.
Айт намазынан мурун нафил намаз окубоо
Абу Саид Худрий (р.а) айтат: “Аллахтын элчиси ﷺ Айт намазынан мурун эч бир намаз окубайт эле”.
Намаздан мурда эч нерсе жебөө
Азирети Бурайда атты: “Пайгамбарыбыз ﷺ Курман Айт күнү намаз окумайынча, эч нерсе жебейт эле”.
i]Айт намаз окулуучу аянтка эрте баруу
Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Албетте бул (Курман айт) күнүбүздө биринчи кыла турган ишибиз – намаз окуу, анан курмандык сойгону кайтабыз. Ким ушуну кылса, ал биздин сүннөткө амал кылды”.
Мүмкүн болсо, Айт намазына жөө баруу
Азирети Саад (р.а) айтат: “Пайгамбарыбыз ﷺ Айт намазына жөө чыгат эле”.