Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Никедеги сүйүүнү күчөтүү үчүн 5 кеңеш

Автору: Кундуз Апышова / Жарыяланды: 13 сентябрь 2023

Нике Аллахтын адамдарга ыроологон эң чоң нээматы болуп саналат. Ыйык Куранда мындай деп келет: “Ага байыр алууңар үчүн өзүңөрдөн жубай жаратып, ортоңорго махабат жана мээримдүүлүк берип койгону да Анын белгилеринен” (Куран, 30:21).

Никедеги сүйүүнү күчөтүп, түгөйү менен мамилени жакшыртууну каалагандар үчүн алдыда 5 кеңеш менен бөлүшөбүз.

АЛЛАХТЫН ЫРААЗЫЧЫЛЫГЫ ҮЧҮН СҮЙҮҮ

Эң алгачкы орунга Аллах Тааланы коюңуз. Анын ыраазычылыгына жетүү гана максатыңыз болсун. Аллахтын ыраазычылыгы үчүн сүйүү дегенди кандай түшүнсөк болот? Бул бир гана Аллахтан күтүү, Ага кайрылуу жана үмүт кылуу, Ага гана көз каранды болуу дегенди түшүндүрөт. Бир гана Аллахка таянуу жана Аллахты ортомчу кылуу менен жубайыңды сүйүү кийин үмүт акталбай көңүл калуудан сактайт.

БИРГЕ ИЛИМ АЛУУ

Үй-бүлө Исламдын негизинде жашаса гана бактылуу болот. Биргеликте диний илим алып, ибадат кылуу, Куран окуу, дуба кылуу эки дүйнө пайда алып келет.

ЫРААЗЫ БОЛУУ

Түгөйүңүз – бул Аллахтын сизге тартуулаган белеги. Мунун өзү ал адамдын сизге ушунчалык кымбат экендигинен кабар берет. Ал адамды бергендиги үчүн Жаратканга көбүрөөк шүгүр келтириңиз. Акыретте да бирге болууну дуба кылыңыз.

КЕМЧИЛИКТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ

Бардык адам кемчиликтүү, кемчиликсиз инсан жок. Сизде деле кемчилик көп, ошондуктан түгөйүңүздүн мүнөзүн кабыл алыңыз. Айрым адаттарына көз жумуп, кечире билиңиз. Анын кемчиликтерин эмес, артыкчылыктарын издеңиз. Мындан соң ал да сизди кандай болсоңуз, ошондой кабыл алат.

САБЫРДУУ БОЛУУ

Пайгамбарыбыз ﷺ жубайларына ар убак мээримдүүлүк менен мамиле кылган. Жубайлары өздөрүн кармай албай ачууланган күндө деле Аллахтын элчиси ﷺ алар менен айтышып, талашып-тартышчу эмес. Ал өтө жумшактык менен түшүндүрчү, же жылмайып койчу. Түгөйлөрдүн бирөө ачууланган кезде экинчиси сабырдуу болуп, айтышпаш керек экендигине бул мисалдар далил.

УБАКЫТ БӨЛҮҮ

Көп түгөйлөр бири-бирине убакыт бөлбөгөндүктөн түшүнбөстүктөр жаралат. Андыктан күнүгө бирге убакыт өткөрүү үчүн атайын план түзүңүз. Бул маалда телефонду алыс коюп маектешүү керек. Бул жубайлар ортосундагы сүйүүнү күчөтүп, бири-бирин түшүнгөнгө жардам берет.



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
15 апрель 2024г.
Багымдат
4:38
Күндүн чыгуу
6:21
Бешим
13:02
Аср
17:45
Шам
19:48
Куптан
21:03