Таңкы намазга туруу көпчүлүк үчүн кыйынчылык жаратат. Жылуу төшөктөн туруп, даарат алып, намаз окуу адам напсиси үчүн оор келет. Бирок Аллах багымдат намазына мол берекени камтып койгондугун унтпашыбыз керек. Багымдат намазын калтырбай окуган адамдын убактысында, материалдык байлыгында да береке болот.
Аллахтын элчиси ﷺ багымдат намазы тууралуу мындай деген: «Багымдат намазынын эки рекет сүннөтү бул дүнүйөдөн жана андагы бардык нерселерден артык». Алдыда багымдаттын артыкчылыгы жана аны окуганга берилүүчү сооптор тууралуу сөз кылабыз.
1. ТҮНҮ БОЮ НАМАЗ ОКУУ МЕНЕН БАРАБАР
Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Ким багымдат намазын жамаат менен окуса, ал түнү бою намаз окуган менен барабар соопко ээ болот” (Муслим).
2. БЕЙИШКЕ ЖОЛДОМО
“Таңкы жана кечки намазын окуган адам бейишке кирет”, - деген пайгамбарыбыз ﷺ (Бухари)
3. АЛЛАХТЫН КОРГООСУНА ЭЭ БОЛУУ
Аллахтын элчиси ﷺ айткан: «Ким багымдат намазын окуса, ал Аллах Тааланын коргоосунда болот жана Ал Өзүнүн коргоосу үчүн силерден эч нерсе талап кылбайт». (Муслим)
4. КЫЯМАТТА НУРГА БӨЛӨНҮҮ
Хадис: «Караңгыда намаз окуу үчүн баргандардын денеси Кыямат күнү нур менен толук жарык болот!”
5. БЕРЕКЕ
Багымдат намазын калтырбаган адамдын жашоосуна береке келет. Пайгамбарыбыз ﷺ: “Менин үммөтүмдүн таңына береке бер”, - деп дуба кылган. Таңда береке бар; ким уктаса, ошол берекеден кур калат.
6. ТОЗОКТОН КУТУЛУУ
Хадис: «Ким күн чыга электе жана күн батканга чейин намаз окуса, ал тозокко кирбейт» (Муслим).
7. ЭКИ ЖҮЗДҮҮЛӨРДӨН АЙЫРМАЛАНУУ
Абу Хурайра пайгамбарыбыздын ﷺ айткандарын риваят кылат: “Эки жүздүүлөр үчүн эң оор намаз – куптан менен багымдат”.