Текебердик, менменсинүү – мусулманды тозокко алып барган эң коркунучтуу сапат. Пайгамбарыбыз ﷺ: “Жүрөгүндө сары кычынын данындай текебердиги бар киши бейишке кире албайт. Ал эми жүрөгүндө сары кычынын данындай ыйманы бар киши тозокко түшпөйт”, - деген.
Аллах Таала Куранда пенделерин менменсинүүдөн алыс болууга үндөйт: «Адамдарга кекирейбе жана жер үстүндө текеберлене баспа. Акыйкатта, Аллах бардык мактанчаактар менен кекирейгендерди сүйбөйт» (Куран, 31:18)
Аллахтын элчиси ﷺ текебер адамдарга мындай мүнөздөмө берген: “Текебердик – акыйкатты тануу жана адамдарды кемсинтүү” (Муслим). Иблис текебирдигинен Аллахтын наалатына калып, бейиштен куулгандыгын унутпашыбыз керек. Текебердиктин чаңы жүрөгүбүздө пайда болорун сезерибиз менен дароо тазаланууга киришпесек, акыретте өкүнүп калышыбыз мүмкүн.
МЕНМЕНСИНҮҮНҮН ЗЫЯНДУУЛУГУ
1. АЛЛАХТЫН МЭЭРИМИНЕН АЖЫРАЙТ
“Аллах алардын жашыруун жана көрүнөө жасагандарын Билүүчү экени анык. Чындыгында, Аллах өзүн жогору көтөргөндөрдү жакшы көрбөйт” (Куран, 16:23)
2. БЕЙИШКЕ КИРБЕЙТ
Аллахтын элчиси ﷺ айткан: “Кимдин жүрөгүндө кыпындай текебердик болсо, ал бейишке кирбейт”.
3. КЫЯМАТТА КОР БОЛОТ
Абу Хурайра (р.а) пайгамбарыбыздан ﷺ риваят кылат: “Зордукчул жана менменсингендер кыямат күнү Махшар майданына кымындай болуп келишет. Алар Аллахтын буйругун да урматтабагандыктан, элдин тебеленди
синде калышат”.
4. ЖҮРӨГҮНӨ МӨӨР БАСЫЛЫП, АКЫЙКАТТЫ КӨРӨ АЛБАЙТ
Аллах каргышка калган Иблиске таандык бул сапаттан ар бирибизди алыс кылсын! Жөнөкөй, кичипейил бейиштик мусулман болууну насип этсин!