Күн өткөн сайын убакыттын берекеси кетип бара жаткандыгы байкалат. Жашоону жеңилдеткен технологиялар өнүккөндүгү менен адамдар жетишпей, шашып эле жүрүшөт. Убакытты берекелүү өткөрүп, көп жумушту бүтүргөнгө кантип жетишебиз? Алдыда макаладан жооп таба аласыз.
БАГЫМДАТКА ТУРУУ
Күн чыкканга чейин туруп, багымдат намазын окуган адамдын күнү сөзсүз берекелүү болот. Пайгамбарыбыз ﷺ үммөтүнө минтип дуба кылчу: “Аллахым, менин үммөтүмдүн таңына береке бер”. Ким таңга маал уктаса, бул куттуу дубадан кур калат.
“БИСМИЛЛАХ” МЕНЕН БАШТОО
Ар бир ишти “Бисмиллах” менен баштоо жашоого береке алып келет. Мусулман бардыгын Аллахтын ысымы менен баштап, Жараткандан ырыскы сурайт. Хадисте: “Бисмиллахсыз” башталган иш – натыйжасыз”, - деп айтылган.
ТЕЛЕФОНДУ АЗ КАРОО
Убакыт аз деп наалыганыбыз менен көп убакытты экран тиктөө менен өткөрүп жиберебиз. Телефон колунан түшпөгөн адамдын күнү кантип берекелүү болот?! Смартфонду зарыл учурларда гана колдонуп, убакытты алган социалдык тармактарды өчүрүп таштаңыз.
ДУБА КЫЛУУ
Жараткан береке бербесе, канча аракет кылсаңыз деле, эч нерсеге жетише албайсыз. “Аллахым, убактыма береке бер” деп көбүрөөк дуба кылыңыз.
ПЛАН ЖАЗУУ
Кечинде же эртең менен (сизге кайсынысы ыңгайлу болсо)күнүмдүк кыла турган иш-аракетиңиздин планын түзүңүз. Баарын ирети менен жазып алган жакшы. Жазгандан кийин, чачыраган ойлор биригип, иреттеле түшөсүз. План түзүү унутуп калбоого да жардам берет.
КИЙИМДЕРДИ КЕЧИНДЕ ДАЯРДОО
Эртең кийиле турган кийимдериңизди үтүктөп, сумкаңызды даярдап, бут кийимиңизди тазалап жатыңыз. Эртең менен “кайсыны кием?” деген ой, шашып-ушуп даярдануу да бир топ энергияны алат.
ЭРТЕ УКТОО
Куптан намазын окугандан кийин дароо жатканга шашылыңыз. Бул убактагы уйку организм үчүн эң керектүү. Кеч жатуу багымдатка турбай калууга же чарчаңкы абалда жүрүүгө алып келет. Айша (р.а) айтат: Аллахтын элчиси ﷺ эрте жатып, түндүн акыркы бөлүгүн ибадат менен өткөрөт эле. Кийин кайрадан уктачу”.