Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Күйөөнүн жубайынын алдындагы 9 милдети

Автору: Кундуз Апышова / Жарыяланды: 26 сентябрь 2023

Эгер бардык жубайлар акыларын талап кылбастан, милдеттерин да билип, аны толук аткарышса, бактылуу болушмак. Бул макалада эркектин аялынын алдындагы милдеттери тууралуу сөз кылабыз.

%article_title%

МАХР БЕРҮҮ

Эркек нике кыйылып жатканда, аялы айткан өлчөмдөгү махрды берүүгө милдеттүү. Бул тууралуу Куранда айтылат: «Баш кошкон аялыңарга махр-калыңын чын дилден бергиле. Эгер алар калыңдын кайсы бир бөлүгүн өз ыраазылыгы менен силерге багыштаса, анда аны алсаңар болот…» (Ниса, 4).

МАТЕРИАЛДЫК ЖАКТАН КАМСЫЗДОО

Аллахтын элчиси ﷺ айткан: “Өзүңөр жеген нерседен аларга (аялыңарга) да жедиргиле, өзүңөр кийгенди аларга да кийгизгиле” (Абу Дауд).

Аял тапкан каражатын үй-бүлөсүнө сарптоого милдеттүү эмес. Аялды багуу, анын муктаждыктарын камсыздоо эркекке жүктөлгөн.

ЖАКШЫ МАМИЛЕ КЫЛУУ

Ислам эркекти аялына мээримдүүлүк менен жумшак мамиле кылууга чакырат. Аллахтын элчиси ﷺ жубайларына жакшы мамиле кылгандардын сап башында турат. Ал өз хадисинде мындай деген: “Эң жакшыңар – аялына жакшы мамиле кылгандар.. Силердин араңардан мен да аялына жакшы мамиле кылгандарданмын”.

ЖАРДАМ БЕРҮҮ

Пайгамбарыбыз ﷺ кийимдерин өзү жамап алчу, эчки саачу. Үй-тиричилигинде жубайына жардам берүү сүннөт болуп саналат. Айшадан Аллахтын элчиси үйдө эмне менен алек болгондугун деп сураганда: “Үй иштери менен алек болчу, намаз убактысы болгондо мечитке барчу”, - деп айткан.

КЕМЧИЛИКТЕРИН КЕЧИРҮҮ

Эркек жубайынын катачылыктарын кечире билгени жакшы. Пайгамбарыбыз ﷺ жубайлары сезимге алдырып, туура эмес кадамга барганда, токтоо жана сабырдуулук менен мамиле кылган. Хадисте келет: “Момун эркек момун аялды жек көрбөшү керек. Эгерде анын мүнөзүнүн кайсы бир жери ага жакпаган болсо, анда ал башкасынан ыраазы болот” (Муслим)

ЖОЛ КӨРСӨТҮҮ

Эркек – үйдүн башчысы, акыретте үй-бүлөсү үчүн жооп берет. Ошондуктан ал аялдын шариятка туура келбеген кадамдарын тыйып, жол көрсөтүш керек. Үй-бүлөсүнө шариятты түшүндүрө алгыдай деңгээлде илими болушу зарыл.

ТУУГАНДАРЫН СЫЙЛОО

Пайгамбарыбыз ﷺ жубайы Хадижанын туугандарын ал каза болгондон кийин да унуткан эмес. Кой сойгондо, эттин бир бөлүгүн аларга жиберип турган. Мунун өзү эркек жубайынын туугандарына жакшы мамиле жасаш керектигин далилдеп турат.

ӨЗҮН КАРАП, ЖАКШЫ КӨРҮНҮШТӨ БОЛУУ

Ибн Аббас (р.а) айтат эле: Аялымдын мен үчүн кооздонуусун жакшы көргөнүмдөй эле, мен да аялым үчүн кооздонууну жакшы көрөм”.

МААНАЙЫН КӨТӨРҮП, ТАМАШАЛАШУУ

Аялы менен азилдешип, тамашалашып туруу да эркектин милдети болуп саналат. Бул аялдын көңүлүн көтөрүп, бактылуу кылат. Пайгамбарыбыз ﷺ жубайларынын мүнөзүнө жараша азилдешип, ойноп-күлгөн. Алтургай эки жолу Айша энебиз (р.а) менен жарышып чуркаганы айтылат.



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
11 сентябрь 2024г.
Багымдат
5:00
Күндүн чыгуу
6:37
Бешим
12:58
Аср
17:27
Шам
19:23
Куптан
20:57