Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Ашура күнү орозо кармаган адамдын бир жылдык күнөөсү кечирилет

Автору: Айдай Амангельди кызы / Жарыяланды: 10 октябрь 2016

Курани Каримде ыйык ай деп билдирилген 4 айдын бири Мухаррам айы болуп саналат. Бул айдын 10-күнү ислам тарыхында эң маанилүү күндөрдүн бири "Ашура" күнүнө туш келет. Анткени дал ушул күнү Чексиз Мээримдүү жана Кечиримдүү Аллах Таала Адам алейхи саламдын күнөөлөрүн кечирип, Нух алейхи салам жана анын жолдоочуларын топон суудан аман алып калган. Бул күнү Аллах Таала Муса пайгамбарды каапырлардын зыянынан коргоп, куткарган. Дал ушул күнү Улуу жаратуучу ааламды, периштелерди жана биринчи адам - Адам алейхи саламды жараткан.

Ашура күнү орозо кармоо сүннөт болуп, эбегейсиз чоң соопторду табууга жол ачат. Бул улуу күн быйылкы жылдын 11-октябрына туш келет. Ашура күнү менен кошо анын алдыңкы же кийинки күнү орозо тутуу да сүннөт. Анткени жөөтөр да ушу күнү орозо тутушкандыктан пайгамбарыбыз Мухаммед саллаллооху алейхи ва саллам аларга окшоп калбоо максатында алдыңкы жана кийинки күнүн кошуп туткан.

Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллааху адейхи ва саллам) Ашура күнүндөгү орозонун пазилети туурасында:
“Арафат күнүндө кармалган орозо 2 жылдын күнөөлөрүн кечирсе, Ашура күнүндө кармалган орозо былтыркы жылдын күнөөлөрүн кечирет”
,-деп айткан.

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) Аллахтын элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам) төмөндөгүлөрдү айтканын келтирет:

“Рамазандан кийинки эң абзел орозо Аллахтын Мухаррам айындагы орозо, парз намаздан кийинки эң абзел намаз түнкү намаз”
(Имам Муслим риваяты).

Ошондой эле Абдулла ибн Аббас (Аллах алардан ыраазы болсун):

“Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алайхи ва салам) бул күндөгү (Ашура) орозо сыяктуу бир да күндүн орозосун артык көрүп, кармоого тырышканын көрбөдүм жана бул айды, тактап айтканда, рамазан айында да орозо кармоого ушундай тырышар эле”
,- деп айткан.

Келиңиз, мусулман бир туугандар, Мухаррам айында орозо кармап, күнөөлөрүбүздүн кечирилишин үмүт кылалы.

Тегдер: Орозо


Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
17 август 2019г.
Багымдат
4:23
Күндүн чыгуу
6:10
Бешим
13:06
Аср
17:59
Шам
20:05
Куптан
21:29
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов