Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

1 кылымга тете 3 күндүк кошумча орозо

Автору: Умма журналы / Жарыяланды: 12 декабрь 2016

Мусулмандарга парз кылынган ыйык Рамазан айындагы орозодон тышкары кармала турчу нафил (кошумча) орозолор да бар. Нафил орозолор күнөөлөрдүн кечирилишине жана чексиз сооп табууга өбөлгө түзөт.

Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салават-саламдары болсун) сахабаларынын бири Абу Хурайрага 3 нерсени аткарууга кеңеш берген. Алардын бири - ар айда кармала турчу 3 күндүк кошумча орозо эле.

Бул кошумча орозонун сообу абдан чоң.

Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салават-саламдары болсун):

«Ким ар айда 3 күн орозо тутса, ал бир кылым бою орозо тутканга барабар»
деп айткан.

Ар бир айдагы 3 күндүк кошумча орозону адам өзү каалаган күндөрү кармай берет. Бирок айдын 13,14 жана 15-күндөрү кармоо жакшы экендигин хадистер баяндайт. Пайгамбарыбыз Абу Заррага:

«Эгер ар айда 3 күн орозо кармоого ниеттенсең, анда бул орозону айдын 13,14 жана 15-күндөрү карма»
,- деген.

Ал эми Айша (Аллах андан ыраазы болсун) пайгамбарыбыз 3 күндүк нафил орозону калтырбай кармагандыгын айткан.

Эртең, 13-декабрь, пайгамбарыбыздын сүннөтүн аткаруу менен чексиз сооп табууга аракеттенели.

Нафил орозолорду кармоодо адам ичинен ниет кылат да, төмөнкү дубаны айтуу керек:

«Навайту ан асума савма нафиля миналь-фаджри иляль-магриби халисан лил-ляхи та‘аля» (Таң аткандан күн батканга чейин Аллах Тааланын ыраазычылыгы үчүн нафил орозону кармоону ниет кылдым).

Ал эми ооз ачып жатып төмөнкү дубаны айтуу зарыл:

«Аллахумма лякя сумту ва бикя ааманту ва алейкя таваккяльту ва ‘аля ризкыкя афтарту. Фагфирли, я гаффар ма каддамту ва ма аххарту» (Жаратуучум, Сенин ыраазычылыгың үчүн орозо кармадым, Сага ишендим, Сага гана таяндым жана сенин ырыскың менен оозумду ачып жатам. О, Чексиз кечиримдүү Аллах Таалам, менин өткөн жана кийинки күнөөлөрүмдү кечире көр).

Тегдер: Орозо


Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
18 апрель 2024г.
Багымдат
4:32
Күндүн чыгуу
6:16
Бешим
13:01
Аср
17:47
Шам
19:51
Куптан
21:06
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов