Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Тагдырдын сыноосуна бетме-бет чыккан Жамиля Афгани: Консервативдүү үй-бүлөдөн мамлекеттик кызматка карай жол

Автору: Мария Айткулуева, Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 13 февраль 2017

Жамиля Афгани - учурда Афганистандын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары, укук коргоочу жана коомдук ишмер.“Кыздарга үйдөн чыкканга болбойт”, “Кыздарга окуганга болбойт” деген консервативдүү көз караштагы үй-бүлөдөн чыккан Жамиля Афганини азыркы деңгээлге тынымсыз эмгек жана күчтүү эрк жеткирди. Ал - ислам динин жөлөк кылып, тагдырдын сыноосуна бетме-бет чыккан тайманбас айым.

%article_title%

1990-жылдарда талиб бийлиги айымдарга мечиттерде намаз окууга тыюу салган. Шаардагы жалгыз мечит гана 12 жыл бою айымдарга өз эшигин жаппай, иш алып барып келет. Андан соң Кабулдун бир топ мечиттеринде намазканалар ачылды. Мындан 15 жыл илгери алардын бири да жок болчу Булардын баары- Жамиля Афганинин тынымсыз аракеттеринин жемиши.

Эмгекчил айымдын назик жылмаюусунун артында турмушта тарткан азабы, түмөн түйшүгү жашырылган. Ал ымыркай кезинде полиомиелит дартына чалдыгып, кийин бир бутунан ажырайт. Бирок Жамилянын оорусу анын ийгиликке жетүүсүндөгү себептердин бирине айланат. Анткени анын үй-бүлөсү кыздарга билим берүүнү колдогон эмес. Эже-сиӊдилери сыртта ойноп, чуркап жүргөнүн көргөн Жамиля өзүн жалгыз сезип, көп ыйлай турган. Акыры, дарыгерлердин сунушу менен атасы кызына мектепке барууга уруксат берет.

Окуу Жамилянын жашоосуна бакыт алып келген:

«Мектепке келгенде, өзүмдү ажайып дүйнөдө жүргөндөй сезчүмүн»,- деп эскерет Жамиля.
Бешинчи класста окуп жатканда өлкөдөгү кооптуу кырдаалдарга байланыштуу Жамиля Афганинин үй-бүлөсү Пакистанга көчүүгө мажбур болгон. Кийин ал Пешавар шаарындагы ислам таануу чөйрөсүндө магистратурага тапшырып, араб тилин өздөштүрүп, билимин улантат.

Дал ушул жерден Жамиля айым өзү мурда билбеген чыныгы ислам менен тааныша баштайт:

«Үй-бүлөм, жакындарымдын мурда ислам тууралуу айтып бергендери менен бул жактан алган билимидин ортосундагы чоң айырмачылыкты байкадым”,- дейт Жамиля.

Ал мурда агаларынын жубайларына жасаган мамилелерине түшүнчү эмес:

“Жеӊелерим билимдүү болчу, бирок агаларым алардын билим алууларын улантууга тыюу салган. Мен кичинемден эле эмне үчүн агаларым көчөгө чыкса болот, ал эми жеӊелериме тыюу салынганын түшүнө алчу эмесмин?”-
деп эскерет Жамиля айым.

Окуп жүргөндө Жамиля Афгани Пешавар шаарындагы афган аялдарынын укугун коргогон уюм менен таанышып, байланыш түзөт. Мындан соң ал өзү «Нур – потенциалды өнүктүрүү» аттуу бирикме түзүп, көйгөйлүү маселелерди ислам аркылуу карап, чечүү жолуна бел байлайт. Пакистандагы качкындар лагеринде аялдардын билимин, сабатын арттыруу боюнча тренинг жана курстарын ачат. «Агартуу иштерин жүргүзүү, адамдар менен тил табышуу оңой болгон жок. Бирок ислам билимдерине таянып иш жүргүзгөнүбүз бизге оң натыйжаларды алып келди”,-дейт Жамиля.

Афган бийлигинен талибдер кеткенден кийин, 2001-жылы ондогон качкындар өз мекенине кайтышкан. Алардын арасында Жамиля Афгани да бар эле. Келгенден баштап, Жамиля Афгани убакытты коротпой, дароо аялдарды сабаттуулукка үйрөткөн борборлорду ачкан.

Бирок өз мекениндеги агартуу иштери бир топ тоскоолдуктар менен коштолот. Айрым мечиттердин имамдары Жамиля айымдын агартуу иштерине каршы чыгышат. Ошондой каршылык көрсөткөн имамдардын бири менен ал бетме-бет көрүшүүнү чечкен. Жамиля айым имамга «Ыйык Курандан билим алуу жат нерсе деген бир эле аят таап берсеӊиз, ушул борбордун ачкычын сиздин колуӊузга карматайын»,- дегенин азыр ал жылмайып эскерет.Чакырылган имам ошондо Жамиля Афганинин тереӊ билимине баа берет. Мына ушул окуядан кийин имам эркектерге аялдарына билим алууга урукат берүүгө үндөп баштайт. Натыйжада, окуу класстары билимге суусаган кыздарга жык толот.

%article_title%

2008-жылы Жамиля Афгани Малайзиядагы «Теӊдик жана руханий чөйрөдө айымдардын демилгеси» аттуу конференцияга чакырылган. Бул жерден ал имамдарга атайын аялдардын укуктары жөнүндө насыяттарды жазган филиппин айымы менен таанышат. Бул таанышуу Жамиля айымга дагы жаңы идеяларды берет. Илимпоз айымдардын жардамы менен имамдарга арналган атайын окуу китебин иштеп чыгышат.

Жамиля айым конференциядан Афганистанга кайтып келгенде иштелип чыккан китепти имамдарга көргөзүүсү керек эле. Алгач ал бул китеп имамдарга арналганын айтпастан, жөн гана алардын пикирлерин сурап көрүүнү чечет. Бул жөнөкөй сунуш, имамдар менен китепти иштеп чыккан Жамиля айым жана анын кесиптештеринин ортосундагы чоң талкууну жаратат. Айрым имамдар айымдардын пикирлерине дароо кошулса, кээ бирлери алардын ойлорун четке кагышат.

“Баарынан кыйыны аялдардын саясаттагы ордун талкуулоо болду”,- дейт Жамиля Афгани.

Ошентип, Жамиля айымдын демилгеси менен атайын имамдар үчүн уюштурулган NECDO курстарынан 6000 имам окуп бүтүрөт. Алардын бири Мохаммед Эхсан Сайкал өз оюу менен мындайча бөлүштү:

«Менин үч кызым бар, баары билимдүү жана иштеп жүрүшөт. Аталган уюмдан мен эӊ маанилүү нерсе алдым, ал-агартуу жана динди туура түшүнүү».

Бир жыл мурда Жамиля Афгани Афганистандын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине кызматка дайындалган. Жамиля Афгани бүгүнкү күнгө чейин адилеттүүлүк үчүн тынымсыз күрөшүп келет:

«Бул биздин өлкөбүз. Келечек муун үчүн адилеттүүлүк өкүм сүргөн, тең укуктуу өлкөнү калтырып кетүүгө милдеттүүбүз. Мен болбосом, анда ким жасайт?»- деген ой менен алдыга гана умтулуп келет.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
18 сентябрь 2019г.
Багымдат
5:09
Күндүн чыгуу
6:45
Бешим
12:56
Аср
17:17
Шам
19:10
Куптан
20:43
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов