Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

“Жетимдин башын сылаган кишиге, анын башындагы чачтардын санынчалык сооп жазылат” (хадис)

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 14 февраль 2017

Улуттук статистика комитети билдиргендей, Кыргызстанда 80 000ден ашуун кароосуз калган балдар катталган. Анын 15 миңге жакыны балдар үйлөрүндө тарбияланса, калганы туугандарынын карамагында. Балдар үйүнөн тарбияланып чыккандар кийин кандай жолго түшүп кетери чоң шек-күмөндү жаратат. Бул багытта “Куттуу багыт” коомдук фонду жана “Элим барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фонду биргелешип, “1 демөөрчү- 1 окуучу” долбоорун баштады.

Жакында эле аталган долбоорго ырчы Омар Жанышев кошулду. Ал жетим балдар үйүндөгү бир баланы өз камкордугуна алды. Ырчы:

“Мен инилүү болдум. Бир тууганыма көз салып, бардык тараптан жардам бергенге аракеттенем”,-деди.

%article_title%

“1 демөөрчү- 1 окуучу” долбооруна 100 дөй демөөрчү катталган. Алардын арасында Европа, Америка, Түркия, Токиодогу жердештер жана Кыргызстандагы айлыкка иштеген жөнөкөй эле жарандарыбыз бар. Жаш болсо да кайрымдуулук иштерине активдүү катышып жаткан белгилүүлөрдөн - Эркин Рыскулбеков, Нурсултан Майназаров жана Омар Жанышев.

1 окуучунун 1 айлык чыгашасы 2700 сомду түзөт. Долбоор узак мөөнөттүк болуп, бир канча баскычтан турат:

1) 18 жашка чейин окутуу (тамак аш, кийим кече ж.б.);

2) Жогорку окуу жайына тапшыртуу (жатаканасы, тамак аш ж.б.);

3) Жумуш орду менен камсыздоо;

4) Турмуш жолуна багыт көрсөтүп берүү

“Куттуу багыт” жана “Элим барсыңбы?” коомдук фондунун мүдүрү Хабибулла Арзыкулов өлкөнүн тагдыры жаштардын колунда экендигин белгилеп:

“Өз жаштарынын келечегине азыртадан баштап кам көрбөсө, келечекте түрмө салууга туура келет. Долбоорго кайдыгер карабай, демөөрчүлүк көрсөтүп жаткан мекендештерибизге чоң рахмат”,- деди.

Аллах Куранда жетим-жесирлерге кам көрүп, аларга жылуу мамиле жасоону буюрган. Пайгамбарыбыздын хадисинде “Жетимдин башын сылаган кишиге, анын башындагы чачтардын санынчалык сооп жазылат” деп айтылат. Андыктан, аталган долбоордун демилгечилерине жана жардам көрсөтүп жаткандардан Аллах ыраазы болсун.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
27 июнь 2019г.
Багымдат
3:08
Күндүн чыгуу
5:25
Бешим
13:05
Аср
18:25
Шам
20:49
Куптан
22:33
Жаӊылыктар