Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Казань – ислам илиминин борбору

Автору: Элиана-Марьям Сатарова / Сүрѳттѳр: Хамсия Кулинова, Тариэль Малашев / Жарыяланды: 22 март 2017
%article_title%

Дин тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана интеллектуалдуу жаштарды даярдоонун алкагында, Кадыр ажы Маликов тарабынан, жаӊы муунду, Татарстанда окутуу программасы демилгеленген. Анткени, Татарстан ханафит-матуридиттик уламалар мектебинин бирден-бир борбору (Борбордук Азиянын аймагында, бул укуктук мектеп, салттуу-тарыхый мектеп катары жакшы ѳрчүгѳн) болуп эсептелет. Татарстан Республикасынын Президенттик Аппараты жана Казань шаарындагы Орусия ислам университети менен келишим түзүлгѳн. Жогоруда аталган демилгенин аркасында жана уюштуруучулардын аракетинин натыйжасында, Кыргызстандык 8 азамат - «Умма» ислам журналынын мүчѳлѳрү, активисттер, ислам негиздери боюнча билимдерин тереӊдетип келишти. Келечегинде, ал билимдер, биздин коомду агартууга, жаратууга жана тынчтык орнотууга салым кошот деген ишеничтебиз.

Аталган сапар, КРнын Президенттик Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен ѳз ара аракеттенүү бѳлүмүнүн, «Ыйман» диний маданиятты ѳнүктүрүү фондунун жана ошондой эле, КРнын Мусулмандарынын диний башкармалыгынын жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын колдоосунда ишке ашты.

Президеттик аппараттын, татарлардын Бүткүл дүйнѳлүк конгрессинин жана ошондой эле, Орусия ислам университетинин ректору, Татарстан Республикасынын илимдер академиясынын мүчѳ-корреспонденти, профессор Мухаметшин Рафик Мухаметшович жана анын ынтымактуу, жогорку профессионалдуу эмгек жамаатынын аракетинин натыйжасында, биздин жаштар ислам негиздери боюнча билимдерин тереӊдете алышты.

Учурдан пайдаланып, «Умма» ислам журналынын редакциясы, пилоттук долбоордун ишке ашышына, жаштардын билим алышына жана алардын дин жѳнүндѳгү билимдеринин чыӊдалышына кѳмѳк кѳрсѳтүп, ѳз салымын кошкондорго, ыраазычылык билдирет. Аллах силерге жакшылык берип, эки дүйнѳнүн бактылуулугун тартууласын!

Угуучулар үчүн, «Исламга киришүү» программасы боюнча автордук курс иштелип чыккан. Окутуу 21-декабрдан, 28-декабрга чейин, ислам ойлорунун жана илиминин атактуу борбору болгон – Орусия ислам университетинин квалификацияны жогорулатуу борборунда жүргүзүлдү. Курс ѳтѳ татаал болуп, кыска убакыттын аралыгында, жогорку илимий даражага ээ, мыкты окутуучулар, окуу жайдын ректорунун жетекчилиги астында, ар түрдүү сабактарды ѳтүштү: исламдын тарыхы; постсоветтик мейкиндиктеги ислам; ханафит-матуридиттик уламалар мектебинин жаралышы жана ѳзгѳчѳлүктѳрү; Куранды үйрѳнүү; исламдын булактары; исламдагы агымдар жана секталар; классикалык ислам укугу; заманбап ислам укугу; жогоруда аталгандардын алкагында, бүгүнкү күндѳ болуп жаткан процесстер каралды.

Алтынбек Айтматов: «Ѳзгѳчѳ, Орусия ислам университетинин профессордук-окутуучулар курамы жакты. Алар ѳздѳрүнүн дүйнѳ таанымынын кенендиги менен таӊдандыра алышты. Кѳпчүлүк окутуучулар, светтик жана диний билимге, илимий даражаларга ээ. Алар илимий чѳйрѳдѳ белгилүү, дүйнѳдѳ болуп жаткан заманбап тенденциялар жана процесстер жѳнүндѳ маалыматка ээ болуп, мамлекеттердин саясий ѳзгѳчѳлүгүн, эл аралык мамилелерди, жаштардын бүгүнкү күндѳгү маданий артыкчылыктарын түшүнүп, түрдүү муундар ортосундагы диалогго оӊ таасирин тийгизе алышат.

Албетте, Казань жѳнүндѳ! Ѳзүнүн тарыхы, меймандостугу жана адамдары менен жакшы таасир калтырган, дүйнѳдѳгү эӊ кооз борборлордун бири. Казань ислам ойлорунун жана илиминин шаары катары эсептелип, ал жакта кѳптѳгѳн студенттер билим алышат (шаар калкынын ар бир үчүнчүсү студент). Бул шаар, исламдын мурасындай таасир калтырат. Анткени, анда кѳптѳгѳн жаӊы жана эски, кооз мечиттер (52 мечит), намазканалар жайгашкан. Жада калса, мечит Ички иштер министрлигинин аймагында да курулган.

%article_title%

Тариэль Малашев: «Заманбап техникаларды, кѳрсѳтмѳ куралдарды, салыштырмалуу талдоолорду колдонуп, материалдарды түшүндүрүп бергендери ѳтѳ жакты. Тилекке каршы, динсиздик мезгилинде баалуу билимдерди жоготуп алган, бизде тарыхый катары эсептелген, ханафит-матуридиттик уламалар мектебин үйрѳнүүгѳ кѳп убакыт бѳлүштү. Чындыгында, биз ага суусап турабыз десем жаӊылышпайм. Анткени, ѳз мазхабыбызды чыӊдап, диндин чебер ѳзгѳчѳлүктѳрүн билишибиз зарыл. Биз, эртеден кечке окуп, чарчоону сезген жокпуз. Берилген маалыматтардын баардыгы кызыктуу болуп, суроо артынан суроо жаралып жатты.

Бизди, илимий негизде далилденген базаны гана колдонуп, билим берген, окутуучулардын жогорку академиялык деӊгээли таасирлентти. Университетте мамлекеттик кызматкерлер, мечиттердин имамдары үчүн программа иштелип чыгып, борбордун базасында, үзгүлтүксүз иш алып барган, квалификацияны жогорулатуу боюнча курстар ар дайым ѳткѳрүлүп турат. Ал жакка, Орусиянын баардык аймактарынан келишет. Окутуу, жогорку окуу жайдын окутуучулары тарабынан жарыкка чыгарылган, китептер жана окуу куралдар аркылуу да жүргүзүлѳт. Алган билимдерибизди, биздин жаштардын арасында таратабыз деген ойдомун»

Абакир Шаршенов: «Аталган курс мага абдан жакты. Биз, Мордва Республикасынан келген имамдарга менен бирге окуп, жаштарды ойлонткон маселелердин алкагында талкуу жүргүзүп, кѳптѳгѳн суроолорубузга жооп таба алдык. Бизди, жалпы маданий-тарыхый баалуулуктардан тышкары, диний тамырыбыз бириктирип турат. Татарлар жана алардын Шигабутдин Маржани, каюм Насыри сыяктуу аалымдарынын жана ислам агартуучуларынын илимий мурастары, татар тилинде басылып чыккан китептер, Борбордук Азияга чоӊ таасир тийгизгени сыр эмес. Биз, Татарстандагы китеп басып чыгаруу ѳнүккѳнүн, кѳптѳгѳн ислам басылмаларында, китеп дүкѳндѳрүндѳ белгилүү аалым-классиктердин, заманбап аалымдардын эмгектери сатылаарын кѳрѳ алдык. Адамдар кѳп окуп, ѳз дининин негиздерин билүүгѳ аракет кылышат».

%article_title%

Азат Аманов: «Баардык сабактар абдан кызыктуу болду. Мени баарынан да, шарияттын негиздери кызыктырды. Дүйнѳ бир ордунда турбайт. Анын ѳнүгүшү менен кѳптѳгѳн суроолор жаралып, мурда изилденбеген маселелер, аалымдардын ижтихадын (ынта, аракет. Шариатта укуктук буйруктарды жана чечимдерди чыгаруу аракети) талап кылат. Заманбап медицинадан (карын энеликке, клондоого кандай мамиле кылуу керек) тартып, бүткүл элдердин абалына (жер шарынын кээ бир бѳлүктѳрүндѳ кантип намаз окуу, диний жѳрѳлгѳлѳрдү кантип жүргүзүү керек. Мисалы, жарык күндѳрү же кыска күндѳрү ж.б.) чейинки, ар түрдүү маселелер каралды. Ислам аалымдарынын түрдүү тилдеги эмгектери топтолгон, университеттин чоӊ китепканасы, мени таӊгалдырды. Мында, ар кайсы ѳлкѳлѳрдүн башчылары белек кылган китептер да орун алган».

Асанбек Талдыбаев: «Мени, маалыматтык технологиялар тармагын тереӊ билген адам катары, таӊгалдырганы, окутуучулардын заманбап техникаларды жана алардын мүмкүнчүлүктѳрүн мыкты ѳздѳштүргѳндүгү болду. Алардын кѳпчүлүгү, онлайн-курстарды жана вебинарларды (интернет технологиялардын жардамы менен, түз алып берүү режиминде дарстарды, семинарларды ѳткѳрүү) ѳткѳрүшүп, суроолорго жооп берип, ѳз каналдарын түзүп, социалдык тармактарда жигердүү иш алып барышат. Бул, кѳпчүлүк убактысын интернет тармагында ѳткѳргѳн жаштар менен пикир алышууда ѳтѳ маанилүү. Окутуучулардын интернет аркылуу кѳпчүлүк менен жетиштүү байланышы да, жакшы натыйжаларды берет. Алардын бул тажрыйбасын, биздин имамдарга, дин кызматкерлерине жана окутуучуларга кеӊири таратсак, алар массалык маалымат каражаттары аркылуу, иштѳѳнүн жаӊы ыкмаларына ээ болуп, заманбап техникаларды жана жаӊы технологияларды ѳз ишинде колдоно алышмак деп ойлойм. Мезгилден артта калбашыбыз керек. Жаштарга жакын болуу үчүн, мечиттин же университеттин дубалдарынан тышкары болсо дагы, маалыматтык мейкиндикте жигердүү иш алып баруу зарыл».

%article_title%

Алманбет Ибраев: «Мен бул сапардан эргүү алып, аны менен бирге, кѳптѳгѳн билимдерге ээ болдум. Кудай буюрса, алган билимдеримди бекемдеп, башкалар менен бѳлүшсѳм деген ойдомун. Татарстан, исламдын жана интеллектуалдуу ислам ойлорунун таралышынын бирден-бир мыкты борбору экендигин далилдей алды. Мамлекеттин башчысынан тартып, диний саясатты колдоп, бул тармакка ѳзүнүн чексиз салымдарын кошуусу, мага абдан жакты. Бүгүнкү күндѳ иш алып барып жаткан, Ислам университетинен тышкары, Булгар шаарында Ислам академиясын – ислам таратуу борборун куруу белгиленген. Аны менен бирге, 2016-жыл ханафит мазхабынын жылы деп жарыяланган.

Республикада, ислам маданиятынын музейине, мечиттерге аяр мамиле жасалып, аларды сактап калуу үчүн, оӊдоп-түзѳѳ иштерине каражат бѳлүнүп турат. Татарстан Республикасынын Президентинин резиденциясы жана ар кандай министрликтер, ведомстволор жайгашкан, Казань кремлинин аймагында, дүйнѳдѳгү кооз мечиттердин бири – Куль Шариф орун алган. Президент Минниханов мырзанын демилгеси менен, хафиздер (Куранды жатка окугандар) 24 саат бою, ушул мечитте Ыйык Куранды окушу үчүн, мамлекеттен каражат бѳлүнүп берилген. Ѳлкѳ башчысы, Ислам университетинин материалдык базасын чыӊдоого, ѳз жардамын аябайт. Мамлекет, ѳз кезегинде, салттуу – христиан жана ислам диндеринин ортосундагы мамилени чыӊдоого басым жасайт».

Акыйкат Тыныбеков: «Студенттик коомчулуктун ѳкүлү катары, кѳп нерсеге кѳзүм ачылды. Мени ойлонткон кѳптѳгѳн суроолорума жооп таптым. Исламдын тарыхы, анын ичинен исламдагы агымдардын жана секталардын келип чыгуу тарыхы, мага абдан жакты. Менин оюм боюнча, азыркы бүдѳмүк учурда, ар бир адам ѳзүнүн дини жѳнүндѳ билип, билим-илимге умтулуусу кажет. Анткени, кѳптѳгѳн кѳйгѳйлѳр, билимсиздиктин, түркѳйлүктүн жана адашуунун натыйжасында келип чыгат.

Мен мурда, экстремизм маселелерине арналган иш чараларга катышып келгем. Бүгүнкү күндѳ, ишмердүүлүктүн ушул тармагы боюнча эмгектенүү максаттарын алдыма койдум, инша Аллах. Биздин коомдогу тынчтыкты камсыз кылуу үчүн, илим-билим менен куралданышыбыз керек».

%article_title%

Нургазы Жусубалиев: «Бизге, алгачкылардан болуп, ѳз билимдерибизди кеӊейтүүгѳ мүмкүнчүлүк түзүп бергендерге, долбоордун ишке ашышына кѳмѳк кѳрсѳткѳндѳргѳ тереӊ ыраазычылык билдирем. Алар бизди жылуу кабыл алышып, окуудан тышкаркы бош убактарда, Казандын тарыхый жерлерин, мыкты жайларын кѳрүүгѳ мүмкүнчүлүк түзүштү.

Окууту абдан кызыктуу ѳттү. Мен, заманбап каржылык-укуктук мамилелер жѳнүндѳ тереӊдеп билүүмѳ шарт түзүлдү. Анткени, дүйнѳдѳ ислам банктары ылдам темпте ѳнүгүп жатат. Биз, жаштардын ѳкүлдѳрү үчүн, исламдагы үй-бүлѳлүк укук жана инсандык макам (статус) суроолору ѳтѳ кызыктуу болду. Биз, исламдагы тѳрт мазхабдын (юридикалык укуктук мектептер) жана ар түрдүү диндердин айырмачылыктарын талдап, билдик».

1 / 39



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
25 август 2019г.
Багымдат
4:36
Күндүн чыгуу
6:19
Бешим
13:04
Аср
17:50
Шам
19:52
Куптан
21:22
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов