Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

“Рамазан Чатыры” жардамга муктаж 3000 адамды өз кучагына алат

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 7 июнь 2017

Кыргызстандагы уникалдуу долбоорлордун бири “Рамазан Чатырынын” ачылышына 2 гана күн калды. Бул күндөрү аталган долбоордун демилгечиси жана уюштуруучусу болгон “Умма” журналынын жалпы жамааты жана ыктыярчылар тобу талыкпай даярданып, иштеп жатышат.

%article_title%

Келе жаткан куттуу жума күнү "Рамазан Чатыры" конокторго эшигин ачат.

Эскерте кетсек, бул жылы долбоор 2-ирет уюштурууда. Өткөн жылы "Рамазан Чатыры" 15 күн бою жардамга муктаж 3000 адамды таттуу тамак менен сыйлап, маданий программаларды тартуулаган.

Рамазан Чатыры кайрымдуулук долбоор гана эмес, түрдүү ишеним, улут жана социалдык деңгээлдеги адамдарды бир чатыр астына топтоп, өз ара диалог куруу, бири-бирин таануу, жардам берүүгө шыктандыруу аянтчасын түзөт.

Мурдагы жылы "Рамазан Чатырында" 15 күн бою кызматта болгон ыктыярчылардын дээрлик көпчүлүгү күндүн ысыгында орозо кармаганына карабай, конокторду жылмаюу менен тосуп жатышты. "Рамазан Чатыры" бул Ыйык Айда соопчулук иштерди көп-көп жасап, Аллахтын ыраазычылыгына жетүүгө зор мүмкүнчүлүк түздү.

%article_title%

"Умма" ислам журналынын башкы редактору Элиана-Марьям Сатарова:

"Бул жылы да күн сайын түрдүү жергиликтүү жана эл аралык уюмдар, дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана кайрымдуулук фонддору тарабынан ооз ачуу тамактары берилип, ал Рамазан тууралуу баяндар, кызыктуу тасма, түрдүү конкурстарды камтыган уникалдуу маданий программалар менен коштолмокчу. Биз мекендештерибизге бул айда жагымдуу майрамдык маанай тартуулагыбыз келет. "Рамазан Чатыры" жогорку дегээлде өтүүсү үчүн биздин топ азыркы тапта чарчоо дегенди билбей иштеп жатышат", -деди.

Чатыр И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин аймагына курулат.

1 / 9



Намаз убактылары
11 август 2022г.
Багымдат
4:13
Күндүн чыгуу
6:04
Бешим
13:07
Аср
18:05
Шам
20:14
Куптан
21:40
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов