Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

“Рамазан Чатыры” 9-июнда салтанаттуу түрдө эшигин ачты

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 10 июнь 2017

Ислам дининдеги баалуулуктарга амал кылып, Кыргызстандагы “Умма” ислам журналы социалдык-маданий, кайрымдуулук мүнөздөгү иш-чараларды байма-бай уюштуруп келет. Журналдын ири долбоорлорунун бири бул – “Рамазан Чатыры”. Бул жылы 2-ирет журналдын жамааты Ыйык Рамазан айы, ошондой эле, “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын урматына И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин аймагына 250 адамды батырган чатыр тикти. 9-июнда “Рамазан Чатырынын” расмий ачылышы болуп, ага мамлекеттик орган, дипломатиялык өкүлчүлүк, коомдук фонддор, Кыргызстан элдер ассамблеясынан, ошондой эле, түрдүү улут жана ар кыл ишенимдеги адамдар келишти. Салтанаттуу иш-чаранын өзгөчө сыйлуу коноктору көп балалуу үй-бүлөлөр, жардамга муктаждар жана “Алсыз жарандардын укугун жана кадырын коргоо” коомдук бирикмесинен аялдар жана балдар болушту.

%article_title%
Саат 20.00го чукул коноктор акырындап чогула башташты

Аталган долбоордун башкы максаты - колунда жок, жардамга муктаж адамдарга ооз ачуу тамактарын уюштуруп, атайын даярдалган уникалдуу маданий программалар аркылуу аларга майрамдык маанай тартуулоо. Мындан тышкары, түрдүү улут, диний көз караш, ар кыл курак жана социалдык деңгээлдеги адамдарды бир чатыр астына бириктирип, өз ара диалог түзүү, бири-бирин таануу, байланыштарды чыңдай турган платформа түзүү.

null
Түрдүү улут жана ишенимдин өкүлдөрүнө бул күнү ислам маданияты менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү

Ачылыш салтанат Ыйык Куран аяттарын окуу менен башталып, Ыйык Айда Кыргызстанга тынчтык, биримдик, ыйман тиленип, дуба кылынды.

null
Алакан жайылып, жакшы тилектер айтылды

null
Иш-чараны белгилүү алып баруучу Нурсултан Майназаров алып барды

Андан соң “Умма” журналынын башкы редактору Элиана-Марьям Сатарова долбоор жана анын максаты тууралуу кенен айтып берди:

“Мындай иш-чаралар Түркия, Россия, айрым Араб өлкөлөрүндө өткөрүлүп келет. Өткөн жылы Кыргызстанда да ушул сыяктуу кайымдуулук иш-чарасын өткөрүү идеясы пайда болгон. Анткени бул Ыйык Ай орозо кармоо менен гана чектелбей, анын ар бир мүнөтүн Жаратканга жаккан иштерди жасоо менен өткөрсөк жакшы болот. Бул жылы 12 уюм, Иран, Афганистан, Катар өлкөлөрүнүн элчиликтери алдыдагы күндөрдө муктаж адамдарга ооз ачырып, ал уникалдуу маданий программалар менен коштолот”,- деди Элиана-Марьям Сатарова.
null
Элиана-Марьям Сатарова: "Бул жакшы иште бизге ар тараптан колдоо көрсөтүп жаткандардын баарына терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз"

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети 2-жыл катары менен өзүнүн аймагынан жер бөлүп, жакшы иштин башатында чоң колдоо көрсөтүп келишет.

null
Ректор Төлөбек Абдрахманов:Журналдын жамааты менен жакшы иштерде кызматташууга даярбыз

Биргелешкен майрамдык ооз ачуу концерттик программа менен уланды. Жарамазан айткан фольклордук топтун талантына өзгөчө башка улуттун өкүлдөрү чоң кызыгуу менен көз салып отурушту.

null
Жарамазан айткан шаңдуу балдар иш-чаранын көркүнө көрк кошту

Белгилүү ырчы Турдакун Ниязалиев Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммедге (Алланын ага салам-салаваттары болсун) салават айтып, тарбиялык маанидеги ырларынан обон созду.

null
Турдакун Ниязалиев мекендештерин ыр менен куттуктады

Ачылыш аземге келген коноктор бул иш-чаранын социалдык мааниси зор экендигин бир ооздон белгилеп өтүштү.

null
Жакшы маанай, жылуу мамиле үчүн келгендер ыраазычылыктарын билдиришти

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов бул долбоор түрдүү улут жана ишенимдеги адамдар бир чатыр астында ынтымактуу жашай аларын далилдеп турарын айтты.“Караханиддер доорунда мусулман, христиан, буддисттер биримдикте жашашканын археологиялык табылгалар далилдейт. Биз азыр да бири-бирибизге түшүнүү менен мамиле жасап, достукта жашай алабыз”,-деди ал.

null

"Рамазан Чатырынын" ачылыш салтанатына Орус православ чиркөөсүнүн өкүлү,Бишкек епархиясынын катчысы протоиерей Алексий Сыромятников да чакырылган. Ал бул күнү биринчи жолу мусулмандардын биргелешкен ооз ачуу иш-чарасына катышты. Протоиерей Алексий:

"Мындай диниий активдүүлүк бизди кубандырат. Анткени, ишеними бар адамдар - коомдун тиреги. Биз да орозо кармайбыз. Орозо кармоо – жөн гана тамак-аштан тыйылуу эмес, а кайрымдуулук менен да алектенүү. Ошондуктан, биз сиздердин жакшы жөрөлгөңүздөрдү толугу менен колдойбуз",- деген ойлору менен бөлүштү.

null

Коомдук ишмер Турсунбай Бакир уулу мындай иш-чаралар исламды анын баардык кооздугунда чагылдырып, мусулмандардын имиджин көтөрөрүн айтты.

null

“Умма” журналы фейсбуктагы социалдык баракчасында "Рамазан бул" деген цитатаны эң мыкты улаган окурмандар арасында конкурс уюштурган. Ачылыш аземдин жүрүшүндө жеңүүчүлөр аныкталып, башкы редактор Элиана-Марьям Сатарова аларга “Умма” журналынын жаңы санын жана журналдын өнөктөшү “Cafe312” атынан ооз ачуу тамагына сертификат тапшырды.

null
Aliye Duran аттуу окурман 1-орунга ээ болсо, Мунара Акматказиев 2-орун, ал эми атайын белекке активдүү окурман Vangeliya Kulboldieva татыктуу болушту.

Бул күнү Франция, Түркия, Украинадан келген коноктор жана ыктыярчылар да келишип, алар кыргыз элинин меймандостугу менен бай маданиятына суктангандарын билдиришти. Франциядан келген түрк улутундагы Өмер иш-чарада ыктыярчы катары кызмат кылды. Кыргызстанга окуудагы алмашуу программасы менен келген ал быйыл Рамазан айын үй-бүлөсү менен тосо албай калганына өкүнүп, бирок кыргыз досторунан иш-чара тууралуу билип калып, өтө кубанганын айтты.

null
Мага абдан жакты. Францияга барганда да сөзсүз досторума бул идеяны айтып көрөм.

Келген коноктордун дээрлик бардыгына "Умма" журналынын жаңы саны белек катары таратылды.

Иш-чаранын соңу белгилүү диний аалым, "Умма" журналынын каноникалык редактору Кадыр ажы Маликовдун дуба-тилектери менен аягына чыкты.

null

Алыста жашаган жардамга муктаж конокторду уюштуруучулар атайын жалданган кичи автобустар менен жылуу-жумшак үйлөрүнө жеткирип коюшту.

null

Иш-чара Кыргызстандын жергиликтүү жана эл аралык бир катар телеканалдары аркылуу чагылдырылды.

"Рамазан Чатыры" 9-июндан 23-июнга чейин, күн сайын жардамга муктаж 200 кишиге ооз ачуу тамактарын тартуулайт. Ар күнү түрдүү уюм, коомдук фонд жана элчиликтер ооз ачуу тамактары менен биргелик маданий программаларын көргөзүшөт .



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
11 август 2022г.
Багымдат
4:13
Күндүн чыгуу
6:04
Бешим
13:07
Аср
18:05
Шам
20:14
Куптан
21:40