Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

"Рамазан Чатыры", 13-күн: эң шаңдуу ооз ачуу кечесин "Жашыл Ай" фонду өткөрдү

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 21 июнь 2017

Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун) минтип айткан: “ Жетимдин башынан сылаган кишиге анын башындагы чачтарынчалык сооп жазылат”.

“Рамазан Чатырынын 13-күнү, 21- июнда жетим-жесирлерге жана көп балалуу үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүп келе жаткан “Жашыл Ай” коомдук фонду дасторкон жайды.

null

Аталган фонддун өзгөчөлүгү, ал жөнөкөй үй-бүлөдөн чыккан 2-курстун студенти тарабынан түзүлүп, кайрымдуу мекендештерибиздин жардамы менен колдоого алынып келет.

null

“Жашыл Ай” фондунун пиар-менеджери Ырыскелди Таалайбекович фонд 2009-жылы түзүлгөнүн айтты:

“Биз өз ишибизди мыкты студенттерди мектептерде адеп, ыйман сабактарын өтүү долбоору менен баштаганбыз. Бул иш-аракеттер мектеп директорлору менен болгон келишимдин негизинде Чүй облусундагы 5 мектепте жүзөгө ашкан. Фондубуздун мындан тышкары “Ыйман лагери”, “Берекелүү никелер”, “Рамазан азык пакеттери”, “Хойр аль амаль” сыяктуу кайрымдуулук, агартуучулук мүнөздөгү долбоорлору бар. Биздин башкы кызмат- коомго кызмат кылуу, анын алдыга жылуусуна өз салымыбызды кошуу”,-деди Ырыскелди мырза.

null

Ооз ачуу кечесине көп балалуу энелер, ошондой эле түрдүү улут жана ишенимдин өкүлдөрү келишти. Алардын баары тең уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришип, Рамазан айы тууралуу өз ойлору менен бөлүшүп жатышты.

null

59 жаштагы Эмилбек ата 14 жылдан бери орозо кармайт. Ал дин менен жашоо 2 дүйнөдө тең бактылуулукка алып келерин айтты:

“Рамазан - жүрөктөр, акыл-эс, организм тазалана турган ай. А эң башкысы бул айда орозо кармоо аркылуу канча сооп табарыз бир гана Аллахка маалым. Жаратканыбыз орозо кармаган пендесине сообун өзүм берем деп убада кылган. Андыктан, биз бул айдын кадырын сезе билишибиз керек”, - деди ал.

null

Иш-чаранын жүрүшүндө уюштуруучулар сабырдуулукка арналган чакан баян айтып, андан соң кызыктуу оюндарды уюштурушту. Жеңүүчүлөргө теңдешсиз белек, Ыйык Куран китеби берилди.

null

Сүрөттөгү кичинекей кыз "Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын ага салам-салаваттары болсун) канча баласы болгон?" деген суроого биринчилерден болуп жаңылбай туптуура жооп берип, Пайгамбарыбыздын балдарынын ар биринин аттарын айтып берди.

null

Бул күнү чогу гана тамак жебестен шам намазы жамаат менен окулуп, дуба-тилектер айтылды.

null

"Рамазан Чатырына" көмөк көрсөткөн "Жашыл Ай " коомдук фондуна "Умма" журналы ыраазычылык баракчасын тапшырды.

null

Иш-чаранын соңу адаттагыдай эле ак бата менен жыйынтыкталды

null



Намаз убактылары
11 август 2022г.
Багымдат
4:13
Күндүн чыгуу
6:04
Бешим
13:07
Аср
18:05
Шам
20:14
Куптан
21:40
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов