Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

"Рамазан Чатыры", 14-күн: "Алтын уянын" тарбиялануучуларын Теологдор ассоциациясы коноктоду

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 24 июнь 2017

Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын ага салам-салаваттары болсун) мындай бир хадиси бар: “Илим алуу - ар бир мусулман эркектин жана мусулман аялдын милдети”.

“Рамазан Чатырынын” 14-күнүндө коомубуздун диний билимине чоң салым кошуп келе жаткан Теологдор ассоциациясы кайрымдуулук эстафетасын алды. Аталган биримдик бул жылы долбоорго 2-ирет катышууда.

null

Теологдор ассоциациясы мындан 5 жыл мурун түзүлүп, Кыргызстанда дал ушул багытта билим алгандарды бириктирүү, коомдун диний сабаттуулугуна салым кошуу максатын көздөйт. Бүгүнкү күндө теология багытында адистерди даярдоо өлкөнүн 5 жогорку окуу жайында: Ош мамлекеттик университети, Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Арашан гуманитардык институту жана И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинде билим берилет. Келечектеги теологдор диндер тарыхы, Куран, хадис, психология жана педагогика, араб тили боюнча билим алышат. Учурда алар калктын диний сабаттуулугун көтөрүү, экстремизмге каршы күрөшүүдө чоң күч болуп эсептелинет.

null

Аталган ассоциациянын жетекчиси Самаган Мырзаибраимович иш-чара тууралуу төмөндөгүдөй ойлору менен бөлүштү:

“Негизи өлкө боюнча ар кандай ооз ачуу иш-чаралары өтөт. Бирок сиздердин уюштуруп жаткан “Рамазан Чатыры” өтө оригиналдуу жана креативдүү долбоор. Кыргызстанда мындай иш-чара өтүп жатканына кубанышыбыз керек”, - деди ал.

null

Бул күнү чатырдын коноктору “Алтын уя” балдар үйүнүн тарбиялануучулары болду.

Алардын бири - 13 жаштагы Сорбон Зууров. Сорбон бул жылы 4-ирет орозо кармап жатат:

“Бул жакка досторубуз менен келдик. Көңүлдүү отурабыз. Тамактар абдан даамдуу болуптур. Сиздерге рахмат”.

null

Ооз ачуу кечесинин эң эле эмоционалдуу учуру чатырга Сокулук реабилитациялоо борборунан мүмүнчүлүгү чектелген балдардын келе жатканы болду. Бул балдардын көпчүлүгү жашоосунда эч качан ата-энесин көргөн эмес. Алар төрөт үйүнөн дароо балдар үйүнө которулган. Ал жактан реабилитациялоо борборуна. Эми аларды алдыда карылар үйү күтүп турат. Бул балдардын айрымдарын гана үй-бүлөлөрү алып кетип, кийин аларды жумушка орноштуруп, өз турмушун куруп кетишет.

null

Келген конокторго уюштуруучулар кызыктуу маданий программа тартуулашты. Акын Бердибек Жамгырчиев өз калемине таандык Ыйык Рамазан айы тууралуу ырын көркөм окуп берди.

null

Иш-чаранын соңунда балдар үйү жана көп балалуу үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам тапшырылды.



Намаз убактылары
11 август 2022г.
Багымдат
4:13
Күндүн чыгуу
6:04
Бешим
13:07
Аср
18:05
Шам
20:14
Куптан
21:40
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов