Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Сами Юсуф: "Кыргызстанга келүү- чоң кыялдарымдын бири эле"

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 30 июнь 2017

29-июнда дүйнөгө белгилүү ырчы Сами Юсуф Бишкекке атайын концерттик программасы менен келди. Бүгүн ал борбор калаада, а дегеле Орто Азияда алгачкы концерттик программасын тартуулайт. Мындай ири иш-чараны өлкөбүздөгү GammaMediaGroup уюштуруу тобу ишке ашырууда. Кечээ, 29-июнда, түштөн кийин Сами Юсуф жергиликтүү журналисттер менен жолугуп, бардык суроолорго жооп берди. Баса белгилей кетсек, пресс-конференцияга коңшу Өзбекстан өлкөсүнөн да журналист, блоггерлер катышты. “Умма” журналы да бул иш-чарага катышып, окурмандарынын суроолоруна жооп алды.

null

Сами Юсуф музыкада жаңы жанрга жол салды - “спиритик”

Сами Юсуф – британиялык ырчы жана композитор. Ал Азербайжандын түндүгүндө музыканттардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Бирок бала кезинде Англияга көчүп келишип, ошол жакта жашап калышкан. Учурда ырчы 36 жашта.

Сами Юсуф батыш менен чыгыш дүйнөсүн өзүнө терең сиңирген. Музыка дүйнөсүндөгү карьерасын ал мындан 15 жыл мурун баштаган. Сами Юсуф поп, рок, r&b, жадагалса классика жанрында да ырдабайт. Ал музыкадагы өзүнүн жолуна жаңы ат берген – “спиритик”. “Спиритик” англис тилинен “руханий” деген маанини түшүндүрөт. Ал ырлары аркылуу элди тынчтык, биримдикке үндөйт. Сами Юсуф ырларында Аллахка жана анын пайгамбарыбыз Мухаммедге (Алланын ага салам-салаваттары болсун) болгон чексиз сүйүүсүн баяндайт. Сами Юсуф, ошондой эле, ырлары аркылуу дүйнө жүзүндөгү адилетсиздикке каршы чыгат. Мисалы, ал айрым чыгармалары аркылуу француз өкмөтүнүн мектептерде жоолук салынууга каршы мыйзамын сындаса, башкаларында палестиналыктардын оор акыбалына көңүл бурууга чакырат, террорист жана радикалдарды сындайт. Анын чыгармаларынын угуучуларына тийгизген таасири зор. Мисалы, Сами Юсуф «Forgotten Promisis» (Унутулган убада) ыры аркылуу Африкадагы ачкачылыкка миллиондогон доллар чогулта алган. Ал эми «Муалим» композициясы канчалаган элдерди ислам менен тааныштырып, андан ары изилдеп, мусулман болушуна өбөлгө түзсө, популярдуу «My Umma» ырынын биздин “Умма” журналына тийгизген түздөн-түз таасири чоң.

Журналдын башкы редактору Элиана-Марьям Сатарованын айтымында, журнал алгач түптөлүп жаткан кезде Сами Юсуфтун бул ырын угуп, андагы айтылган “О, Аллах! Бардык мусулмандарга биримдик жана күч бер! Биз кайрадан гүлдөгөн, биримдигибизден тайбаган бир умма (үммөт) бололу” сөздөргө таасирленип, журналды “Умма” деп атоону чечкен.

Сами Юсуф ырчы болом деп кыялданган эмес

Сами Юсуфтун бала кезинде белгилүү ырчы, музыкант болом, карьера жасайм деген кыялы болгон эмес. Бирок ал музыканттардын үй-бүлөсүндө чоңойгондуктан, бул чөйрөгө жакын болуп өскөн.

Сами Юсуфтун талантын байкап калган достору ага альбом чыгарууну сунушташкан. Анын биринчи альбому чыкканда, анда Саминин эч кандай сүрөтү да болгон эмес. Болгону апасы альбомго анын кичинекей кезиндеги сүрөтүн чаптап койгон. Сами Юсуф:

“Мен атактуулуктуу эңсеп, башка ырчылар менен жарышкандан алысмын. Болгону мен өзүмө жаккан иш менен алектенем. Эгер ырларым аркылуу элдерди тынчтык, биримдик, Жаратканды сүйүүгө үндөй алсам ошол мага бакыт тартуулайт”, - дейт ырчы.

Белгилей кетсек, Сами ырчынын эң башкы кыялдарынын бири да ошол дүйнө элдеринин биримдиги, өз ара түшүнүшүүсү.

Сами Юсуфтун алгачкы альбому 50 миллион нускада сатылган

Сами Юсуфтун алгачкы эле альбому ага болуп көрбөгөндөй чоң ийгилик алып келген. 3 өлкөдө анын ырлары хит-параддын баш сабында 3 ай бою алдыңкы орундан түшпөй кармалып турган.

“Алгачкы альбомум 50 миллион нускада сатылган. Бул нерсе мен үчүн күтүүсүз чоң бурулуш болду. Башка каналдар да ырларымды сурай башташты. Мындай жыйынтыкты мен бир белги катары түшүндүм да, музыка менен алектенүүнү чечтим”.

null

Сами Юсуф улуттук баалуулуктарды үйрөнүүгө чакырат

Сами Юсуф кайрымдуулук иш-чаралары менен активдүү алектенет, бирок аны коомчулукка жарыялоону анчейин каалабайт.

Мындан 2-3 жыл мурун Сами Юсуф тарабынан түзүлгөн “Спиритик” аталышындагы коомдук фонд бар. Анын башкы максаты – ата-бабадан калган мурасты, каада салттарды жандандыруу. Өзүңдүн ким экендигиңди таанып, ага кайтуу. Түрдүү экстремизмге каршы туруунун да эң жакшы куралдарынын бири ата-бабалардан калган мурастарга кайтуу, аны тереңден түшүнүү дейт ырчы.

“Экстремизм түшүнүгү белгилүү бир динге таандык эмес. Ал түрдүү, башка диндерде да болушу мүмкүн. Экстремизм бул - кийинчерээк чыккан жаңы түшүнүк. Аны менен күрөшүүнүн эң жакшы жолу бул – тарыхка, каада-салттарыбызга, өтмүшүбүзгө кайтуу. Мисалы, салтуу индуизмди алып карасак, бул динде кайсы гана диндеги адамга болбосун сый-урмат көрсөтүү идеясын көрө алабыз. Салттуу христиан дини сүйүүгө негизделген. Ал эми ислам дини мунун баарын бириктирип турат. Биздин динде башка динди жамандоо деген нерсе жок, Ислам баардык пайгамбарларды тааныйт. Ислам дини дүйнөгө сүйүү тууралуу эң чоң чыгарманы, Ыйык Куранды белек кылды”, - дейт Сами Юсуф.

Сами Юсуф келечекте кыргыз тилинде да ырдашы мүмкүн

Сами Юсуф англис, түрк сыяктуу бир нече чет тилдерде да ырдайт. Журналисттердин “Балким келечекте кыргыз тилинде да ырдашыңыз мүмкүнбү?” деген суроосуна “Эмнеге жок, толук мүмкүн” деп жооп берди.

Кыргызстанга келүү - жубайым экөөбүздүн кыялыбыз эле

"Мен Кыргызстанга келгеним үчүн, бул жакта концетимдин өтөрүнө абдан кубанып отурам. Буюрса, концертимде бардык хит ырларым аткарылат. Дегеле, Кыргызстанга келүү, көрүү - жубайым экөөбүздүн чоң кыялдарыбыздын бири эле. Анткени менин мурдатан бери келе жаткан Орто Азияга болгон сүйүүм күч. Бул жактан канчалаган талантуу адамдар, баатырлар чыккан. Тарых, маданиятыңыздар абдан бай. Тилекке каршы, батыш өлкөлөрүндө Кыргызстандай керемет жер бар экенин көбү билишпейт. Мен Кыргызстандын дүйнөгө таанылышына, бул өлкөнүн туризм тармагынын өнүгүшүнө аз да болсо өз салымымды кошкум келет".

null

Сами Юсуф сабырдуулукту жогору баалайт

Сами Юсуф адамдагы эң мыкты сапат катары сабырдуулукту жогору коет. Пресс-конференциянын жүрүшүндө ал сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун) жашоосунан мисал келтирип, пайгамбарыбыз балдарынан айрылган күндө да сабырдуулуктун мыкты үлгүсүн көрсөткөнүн айтты. Кандай гана оор маселе болбосун анын жакшы жагын, бизге сабак болчу жерлерин алганга үйрөнөлү:

“Жашообуздагы сыноолордун баары биздин жакшы болушубуз үчүн жиберилет. Башыбызга мүшкүл иш түшкөндө Кудайга акаарат айтпай, Аллах тууралуу ар дайым жакшы ойдо болушубуз керек. Анткени ал чексиз Мээримдүү жана Боорукер!"



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
27 октябрь 2021г.
Багымдат
5:55
Күндүн чыгуу
7:30
Бешим
12:45
Аср
16:19
Шам
18:05
Куптан
19:37
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов