Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бишкекте чет өлкөлүк белгилүү диний ишмерлердин катышуусунда эл аралык тегерек стол өтөт

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 25 июль 2017

27-июлда Бишкекте “Борбор Азия жана Россиядагы мусулман жаштарынын интеллектуалдык өнүгүүсүндөгү перспективалар жана чакырыктар” аттуу актуалдуу темага арналган эл аралык тегерек стол өтөт. Масштабдуу иш-чара “Дин, укук жана саясат” көз карандысыз аналитикалык борбору тарабынан уюштурулууда.

2017-жыл, “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында өтө турчу тегерек стол жаш мусулмандардын социалдашуусуна тоскоолдук жаратып жаткан бүгүнкү күндөгү кырдаал жана чакырыктар шартында жаштар арасында ислам билимин жайылтуу, регионубузда салттуу деп эсептелген Ислам мектептеринин (ханафи, шафии укук мектептери жана матрудия, ашъария ишенимдери) бекемделиши талкууланмакчы.

Талкууга Россия, Казахстан, Турция, Иорданиядан келген авторитеттүү коноктор- эксперттер, кадырлуу аалымдар, диний ишмерлер, изилдөөчүлөр, диний билим берүүчү жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү чакырылды.

null

Ал эми Кыргызстан тараптан Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы, Кыргызстан Ислам Университетинин, Ош мамлекеттик университети жана И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин теология факультеттеринен өкүлдөр, коомдук жана диний ишмерлер жана жаш лидерлер катышат.

Иш-чаранын катышуучулары тематикалык секциялардын алкагында жаштардын радикалдашуусунун сырткы жана ички себептерин, аларды алдын-алуу чараларын талкуулашмакчы.

Тегерек столдо көтөрүлчү маселелердин бири - салттык ислам билим берүүсүн сапатын көтөрүү максатында аны модернизациялоо жана реформалоо кадамдары, светтик коом менен динчилдиктин чектерин талкуулоо.

Иш-чаранын маанилүү элементи жаштардын интеллектуалдык жана рухий өнүгүүсү, заманбап коомдогу түшүнбөстүктөрдү жумшартууга багытталган алдын-алуучу чараларды жана сунуштарын чогу иштеп чыгуу болмокчу.

Көз карандысыз эксперттик коомчулук жана Ислам дүйнөсүнүн аалымдары менен теологдор тарабынан иштелип чыккан сунуштар өлкөнүн перспективдүү өнүгүүсүнө салым катары расмий түзүмдөргө сунушталат.

Иш-чаранын катышуучулары “мээ чабуулу” ойлом ыкмасынын форматында мамлекет, дин кызматкерлери, жалпы коом жана ММК түрдүү тышкы деструктивдүү таасирлерге каршы туруу чараларына өз сунуштарын айтышат.

Ошондой эле, ислам ойломунун интеллектуалдык жана илимий өнүүгүсүнүн призмасы аркылуу жаш мусулмандардын укуктук маданиятын көтөрүү, социалдык активдүүлүк, жаңы геосаясий жана регионалдык чакырыктар шарттарында заманбап, салттуу дин ишмерлеринин кадрларын даярдоо аркылуу ислам кайра жаралуусуна аракеттер каралат.

Тегерек столдо ханафи укуктук мектеби жана улуттук каада-салттардын чегинде салттуу рухий жана диний баалуулуктарды эске алуу менен орток позицияны иштеп чыгуу, терроризм менен экстремизм идеяларына каршы турууда диний ресурстарды колдонуу маселелери көтөрүлөт.

Жогорудагылардын баарын эске алып, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун колдоосу менен Иорданиядагы Хашимит Королдугунан авторитеттүү ислам окумуштуулары, профессорлор жана Иордания мамлекеттик университетинин профессордук курамы Бишкектеги Жал жана Мадина мечиттеринде жума хутбаларын өткөрүшөт.

Аталган тегерек стол - бул Кыргызстандын бардык региондорунан келген активдүү жаштар, чет өлкөлөрдөн чакырылган авторитеттүү эксперттер жана диний ишмерлерди бир аянтчага чогулткан алгачкы интеллектуалдык аянтча. Анда коомубуздагы кырдаал, түрдүү көйгөйлөр аныкталып эле койбой, актуалдуу маселелердин чечүү жолдору да каралат.

Эл аралык тегерек столдун максаты - Кыргызстандын 7 дубанынан чакырылган активдүү жаштар, түрдүү регион жана мамлекеттерден келген диний лидерлердин маанилүү маселелер боюнча бирдей позиция жана көз караштарынын негизинде бириктирүү менен өлкөлөрүбүздө тынчтык жана стабилдүүлүктү сактоого багытталган долбоорлорду иштеп чыгуу, координациялоо.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
27 октябрь 2021г.
Багымдат
5:55
Күндүн чыгуу
7:30
Бешим
12:45
Аср
16:19
Шам
18:05
Куптан
19:37