Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген мекендештерибизге ар тараптуу колдоо көрсөткөн социалдык долбоор иштейт. Ал ЛОВЗ ПРИНТ деп аталып, мүмкүнчүлүгү чектелгендердин таланттарын ачып, өз алдынча акча таап кеткенге шарт түзөт.
Долбоордун идеясы: “Биз бирөөдөн жардам сурабай, өз күчүбүз менен акча тапкыбыз келет”

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга колдоо көрсөтүү идеясы Кыргыз билим берүү ассоцациясынын аткаруучу директору Ольга Юн жана “Эпицентр” коомдук фондунун аткаруучу директору Николай Лучкинге таандык. Николай Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугу тиешелүү деңгээлде корголбогонун, шаарда аларга ыңгайлуу шарттар такыр эле каралбаганын баса белгилейт. Мындан улам, алар мүмкүнчүлүгү чектелгендерге моралдык жана финансылык жактан колдоо болсун деп, бул долбоорду жазып, иштеп чыгышкан.

“Биз эч кимден жардам, кайыр сурагыбыз келбейт. Өзүбүздүн күчүбүз, эмгегибиз менен акча таап татыктуу жашай алабыз” деген ураанды карманган ЛОВЗ принт долбоору 1 жылдан ашык убакыттан бери улам жаңы ийгиликтерди жаратуунун үстүнөн иштеп келет.
Белгилей кетсек, аталган долбоордун катышуучулары өтө эмгекчил, таланттары ташкындаган жана жашоону бүткүл жан-дили менен сүйгөн адамдар.
2016-жылдын май айларында башталган долбоордо 20дан ашуун бала окуп чыкты. Андан бери мүмкүнчүлүгү чектелгендер полиграфиялык иштерди үйрөнүшүп, чыгармачылыктарын кеңейтишти, компьютердик программалар менен таанышып, дизайн, монтаж жасоо өңдүү иштерди өздөштүрүштү. Адамдар менен пикир алышуу, оратордук чеберчилик, PR, маркетинг, SMM кызматтары боюнча да сабак алышты.

ЛОВЗ принттин башкы максаты - пенсияга жана пособияга байланып, элден кайыр сурабай, өз алдынча акча тапканга үйрөнүү, кыялдарды ишке ашыруу.
Бул курстардан өткөн балдар өзүлөрүнө керектүү профессионалдык чеберчиликтерди өздөштүрүп алышкан соң жумушка орношуп, же чакан бизнесин ачып, иштетип кетиши толук мүмкүн.
“Долбоорлор даяр. Аны ишке ашырууга мекендештерибизден колдоо гана керек”
ЛОВЗ ПРИНТ долбоору 1-группасын окутуп, эми 2-группанын үстүнөн иштеп жаткан кези. Бул жолкусунда балдар социалдык жана бизнес долбоор жазганды өздөштүрүп жатышат.
Аталган долбоордун жетекчиси Николай Лучкиндин айтымында, учурда мыкты бизнес долбоорлор жазылып, эми аларды ишке ашыруу үчүн демөөрчүлөрдү табуу гана калды.

Төмөндө биз ЛОВЗ принттин катышуучуларын маекке тарттык. Төлөбек Бейшенбеков – долбоордо улуусу.

ЛОВЗ принт тууралуу интернеттен көрүп калып, катышууну чечкен.
Дастан: “Биз сөзсүз бутубузга турабыз”
ЛОВЗ принттин 1-группасынан окуп бүткөн Дастан азыр 18 жашта. Ал учурда инновациялык технологиялар жана информатика колледжинде дистанциондук түрдө билим алат.

Дастан:
Долбоордун дагы бир катышуучусу - 19 жаштагы Иффат. Ал бул жылы 2-ирет ЛОВЗ принтте окуусун улантып жатат. Иффат 1-жылы полиграфиялык иштерди өздөштүрсө, учурда видеомонтаж жасаганды үйрөнүүдө. Ага баарынан да долбоордогу оптимист эже-байкелер менен бирге окуган жагат.

Алия Табалдиева: “Мүмкүнчүлүгү чектелгендер бидимден артта калбашы керек”.
Маектештерибиздин арасынан өзүнүн мыкты билими жана оптимисттик маанайы менен бизди Алия Табалдиева таң калтырды. Алия Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерин бириктирген “Вперед” коомдук бирикмесинин атынан Японияга барып келген. Япониядагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын турмуш-шарты, алардын билим алуу, жумуш менен камсыз болуусу тууралуу жакындан таанышып, алган билимин эми Кыргызстанга колдонгусу келет.

Алия өз байкоолору менен бөлүштү:

Алия ЛОВЗ принт долбоорунун 2-группасынын окуучусу. Ал азыр ири бизнес-долбоорунун үстүнөн иштеп жаткан кези. Буюрса, мүмкүнчүлүгү чектелген жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү балдарын окуткан инклюзивдүү мектеп ачууну пландоодо.

Эгер жогорудагы таланты ташкындаган, билими күчтүү, жашоого оптимисттик коз караш менен караган мекендештерибиздин жаңы баштай турган иштерине демөөрчү болуп, өз салымыңызды кошкуңуз келсе, анда 0551 269 269, 0312 61 03 26 номурларына байланышка чыксаңыздар болот.

Ошондой эле, полиграфиялык кызматтар (кружка, футболкага сүрөттөрдү түшүрүү, визитка жасоо ж.б.) боюнча ЛОВЗ принт долбооруна кайрылып, буйрутма берүү аркылуу мүмкүнчүлүгү чектелгендерге чоң колдоо көрсөткөн болосуздар.