1-сентябрь Курман Айттын урматына “Умма- Ош” командасы Оштун тургундарына чыныгы майрамдык маанай тартуулашты.
Иш-чара 2017-жыл “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында “Умма” ислам журналынын Ош шаарындагы ыктыярчылары тарабынан уюштурулду.
Кечки саат 5 те “Алымбек Датка” атындагы сейил багына тургундар майрамдык маанай менен агылып келе жатышты.
Курман Айт майрамы Ыйык Курандын керемет үнү менен ачылды.
Андан соң аалымдар кеңешинин мүчөсү Ниязалы ажы Арипов тургундарды орду чоң бул майрам менен куттуктап, Курман Айттын маани-маңызына токтолду.
Майрамдык иш-чаранын алкагында уюштуруучулар тарабынан кызыктуу оюндар ойнотулуп, баалуу белектер тапшырылды.
Кичинекей бөбөктөргө “Курман Айт балдардын көзү менен” деген темада сүрөт жарышы уюштурулду. Балдар бул жарышта өзгөчө активдүүлүгүн жана чеберчиликтерин көрсөтүштү.
Ал эми чоңдор арасында кой союу, аны жиликтөө, жиликтердин аттарын туура табуу боюнча кызыктуу конкурс ойнотулду.
Баарынан да шаардыктарды аркан тартыш оюну чоң шаңга бөлөдү.
Ош шаарында өткөрүлүп жаткан түрдүү социалдык иш-чараларда жергиликтүү мекендештерибиз активдүү түрдө өз жардамдарын аябай көрсөтүп келишет. Бул жолу да алар четте калышкан жок. Оюндардын жеңүүчүлөрүнө “Элим” үй-бүлөлүк стоматолгиялык клиникасы 1000-2000 сом өлчөмүндө, “157 Ислам такси” акысыз жол кызматына белек сертификаттарын тапшырса, “Nomad store” дүкөнү саркеч сумкалары менен кубандырды. Ошондой эле, Ош мамлекеттик университетинин проректору Алтынбек Замидинов жана жеке ишкер Дарика Беккулова иш-чаранын уюштуруу иштеринде өз колдоосун көрсөтүштү.
“Умма-Ош” командасы буга чейин да бир топ иш-чараларды өткөрүп, элдин алкышына ээ болуп келишет.













