Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бишкекте заманбап “KAUSAR” хижама борбору ачылды

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 25 октябрь 2017

Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын ага салам-салаваттары болсун) хадисинде: “Дарыланууга силер үчүн эң мыкты каражат бул - хижама (кан чыгаруу)” деп айтылган. Хижаманын ден соолукка тийгизген жакшы таасирлери тууралуу пайгамбарыбыздын мындан башка бир нече хадистеринде баса белгиленип эскерилет. Алла Элчисинен калган дал ушул сүннөттү жандандыруу максатында “Kausar group” бирикмеси Бишкекте “Kausar” хижама борборун ачты.

null

Аталган борбордогу тажрыйбалуу, ижаза алган (хижама жасай турган адамдарга берилүүчү уруксат кагазы) адистер кардарларды пайгамбарыбыздын сүннөтү менен дарылап, мыкты кызмат көргөзгөнгө даяр турушат.

null

“Kausar group” бирикмесинин негиздөөчүсү Тариель Малашевдин айтымында, хижама борбор тазалыкка өзгөчө көңүл бөлөт:

“Борборубузда эркектерди жана аялдарды да тейлей турган кызматкерлер бар. Аялдарга, хижама жасоо багытында 7 жылдык тажрыйбага ээ, медицина боюнча жогорку билимдүү Фатима айым жасайт. Эркектерди 10 жылдык тажрыйбасы бар, жогорку медициналык билимге ээ пакистандык адис тейлейт”, -деди.

Борборго келгендердин алгач жалпы ал-абалы текшерилип, андан соң консультация берилет. Мунун баары -акысыз. Андан соң, ар бир кардардын саламаттыгына жараша хижама жасалып, сүннөт боюнча дары-дармектер жазылат.

null

Бишкектеги жогорку сапаттагы “KAUSAR” хижама борбору Коенкөзов көчөсү, 112 дареги боюнча жайгашкан. Кызмат көрсөтүүнүн баасы-1500 сом.

Кошумчалай кетсек, борбордо хижамадан тышкары сүннөткө отургузуу жана 3 жашка чейинки бөбөктөргө мануалдык терапия да жасалат.

Байланыш номурлары: (552) 99-11-73; (700) 99-11-73



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
22 апрель 2021г.
Багымдат
4:24
Күндүн чыгуу
6:10
Бешим
13:00
Аср
17:50
Шам
19:56
Куптан
21:11
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов