Биригүү. Агартуу. Жаратуу.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
19 ноябрь 2017г.
Багымдат
06:19
Күндүн чыгуу
07:58
Бешим
12:47
Аср
15:54
Шам
17:41
Куптан
18:56

Фисабиль: Адамды күчтүү кылган 3 өзгөчөлүк
Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 2 ноябрь 2017

Эмне үчүн адамдар көп учурда жашоосундагы кыйынчылыктарга кез келгенде депрессияга түшүп, өзүлөрүнө болгон ишеничин жоготушат? Ар дайым көңүл ток жүрүш үчүн эмне кылуу керек? Убакытты эффективдүү пайдаланууну дагы деле билбей жатасызбы? Жашооңузду ирээтке келтирип, айлана-чөйрөдөгүлөр менен ар дайым жакшы мамиледе болгуңуз келеби?

Бул суроолорго 28-октябрда Бишкекте өткөн тренингде мыкты жооптор айтылды. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин профессору, жазуучу, аналитик, мыкты тренерлердин бири Ашик Саид Конурбаев жана анын кызы, филология илимдеринин кандидаты, тренер Азалия Конурбаева бишкектиктерге ийгиликке жетүүнүн принциптери жөнүндө айтып беришти.

Текст мындан ары тренерлердин атынан 1-жак менен уланат.

null
Профессор Ашик Саид Конурбаев жана кызы Азалия Конурбаева

Акыл, нафс, рух

Адамдар көп учурда жашоосундагы кыйынчылыктарга кез келгенде депрессияга түшүп, өзүлөрүнө болгон ишеничин жоготушат. Мунун баары алар өзүлөрүндөгү 3 нерсени туура колдоно албагандыктан болот. Адам акыл, нафс жана рухтан турат. Акылды Жараткан бизге ойлонуу үчүн берген. Дагы жөнөкөйлөтүп айтканда адамдын акылы ар дайым “мен билем”, “мен ойлойм”, “мен эсептейм” деген таризде иштейт. Ал эми нафс качан болсо бир нерсени каалап турган денебиз болуп саналат. Ал: “Мен каалайм, мен каалайм, мен каалайм” деп сүйлөйт. Рух - адамдагы эң маанилүү нерсе, Аллах Таала аны бизге сыноо үчүн берген. Рухтун тили: “МашАллах, ИншаАллах. Мен каалагандай эмес, Сен каалагандай болду” деп ыраазы болуп, баш ийип турган өзгөчөлүккө ээ. Жогорудагы үч инструмент (акыл, нафс, рух) өз ара тең салмактуу, гармонияда болгондо гана адам кыжаалат болуп, кейибей бейпилдикте жашайт. Көңүл ток жүрүү үчүн биз бул 3 инструментти туура башкарганды билишибиз керек.

1- мисал: Жаңы иш баштап жатканда, акылыбызга таянып, “мен билем” менен өзүбүзгө ишенип, ишибиз оңунан чыгарына көзүбүз жетип турат. Бул – албетте жакшы. А бирок кандайдыр бир себептер менен пландар аткарылбай, такыр эле тескерисинен чыкса адам кандай абалга туш келет? Айрымдары мунун жеңил кабыл алса, башкалары депрессияга түшүп, чөгүп кетүүсү мүмкүн. Ошол депрессияга түшкөн адамдар - өзүнүн акылына ишенип, рухту иштетпей койгондор. Анткени бул жашоодо ар дайым биз каалагандай боло бербейт. Аллахтын өз чечими бар. Канчалык күч-аракет жумшабаңыз, ишиңиз оңунан чыкпай калса, демек бул Жараткандын каалоосу экен деп түшүнүп, ага толугу менен моюн сунууңуз керек. Ичиңизден “МашаАллах, мен каалагандай эмес, Сен каалагандай болду” деп айтышыңыз абзел. Ошондо сиз эч качан чөгүп, чүнчүп кетпейсиз.

null
Тренингге жаштар жана улуу муундун өкүлдөрү да келишти

2- Мисал: Сиздерге хадис айтып берейин.

Пайгамбарыбызга бир бедуин келет.

Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам жана салаваттары болсун): “сен эмне менен келдиң?”

Бедуин: төөм менен келдим

Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам жана салаваттары болсун): А төөңдү кайда калтырдың?

Бедуин: Талаага кое берип жибердим.

Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам жана салаваттары болсун): “Төөң жоголуп кетет деп коркпойсуңбу?

Бедуин: Мен аны Аллахка тапшырдым, тобокел кылдым.

Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам жана салаваттары болсун): төөнү байлап туруп, анан Аллахка тобокел кыл.

Бул хадис бизге мыкты сабак болушу керек. Биз "МашАллах, мен каалагандай эмес, Сен каалагандай болду" деп айтуубуз үчүн алгач коюлган максатка болгон күч-аракетти жумшоо зарыл. Эгер жыйынтыгы сиз ойлогондой чыкса, шүгүр келтирүү, ал эми болбой калса - ага да моюн сунуп, аракетти улантуу.

Акыл, нафс жана рухтун ортосундагы тең салмак жашообуздун баардык тармагында, маселен үй-бүлө, карьера, көңүл ачуу, жоро-жолдош, коомдон ордуңду табуу сыяктуу бардык тармакта туура бөлүнгөндө гана ички гармонияга жете алабыз. Тилекке каршы, көпчүлүгүндө акыл менен нафс көбүрөөк иштеп, ал эми рух кээде гана ойгонот. Биз бул 3 инструментти жашоодо жана бизнесте өз убагында жана туура жерде колдонгонго аракет кылалы.

null
Тренинг кызыктуу оюндар менен коштолду

Аманат адамды күчтүү кылат

Бизди жашоодо көптөгөн аманаттар курчап турат. Адамдардын ата-эне, жубай, балдары, кошуна, достору арасында бир нече милдеттери бар. Маселен, ата-энелерге кам көрүү, жубай, балдардын муктаждыктарын толуктоо, кошуна, тууган-туушкандар менен жакшы мамиледе болуу жана башка. Мусулман адам Жараткандын алдында аманаттар үчүн эсеп-кысап берерин жакшы билет. Көптөгөн аманатка байланган адам өзүлөрүн чарчатып ийбей, айланадагыларды да таарынтып албаш үчүн ыңгайлуу жолдор, оптималдуу варианттарды издей баштайт. Айрымдары чарчап кетип, аманаттарды түйшүк катары кабыл алышат. Ошондо алар баарынан кол үзүп, эркин болууну самашат. “Эркиндикти” алган адамдын эч кимдин алдында жоопкерчилиги калбай калат да, бул анын ойлонуусун, бир нерсеге умтулуусун алсыздатат. Ал эми канчалык көп аманатка байланган адам өзүнүн жоопкерчилигин сезип, жөндөмдүүлүктөрүн күчөтөт. Бир дагы мүнөт убактысын текке кетирбей, жашоосун маңыздуу жашаганга аракеттенет. Жыйынтык: аманат бизди күчтүү кылат.

Мен силерге Наполеон Бонапарттын бир сөзүн келтиргим келип турат. Аны өзүм да көп колдоном: “Эң башкысы согушка аттаныш керек, анан калганы эмне болсо, ошо болсун”. Согушка киришкен адам өлүп калбоосу үчүн колунан келген аракеттин баарын жасайт. Болгон жөндөмүн, талантын, акылын колдонот. Дагы бир жыйынтык: Эгер ийгиликтүү болом десеңиз, анда өзүңүздү аманатка байлаңыз.

null
Келгендерге убакытты туура пайдалануу боюнча Фисабилдин өзгөчө блокнотторун сатып алганга мүмкүнчүлүк болду

Ритмди кармоо

Убакытты эффективдүү колдонуу үчүн адам ар дайым ритмде жүрүшү керек. Айлана-чөйрөңүздү карап көрсөңүз, баардык жерден ырааттуулукту (ритм) табасыз. Күн менен түндүн алмашышы, төрт мезгил ар дайым өз убагы менен, планеталар минут секунду менен жылышат жана башка ушул сыяктуу толгон-токой көрүнүштөр. Алыс барбай эле өз дене түзүлүшүңүз жана андагы процесстерге байкоо салыңыз: жүрөгүңүздүн кагышы, дем алууңуз. Мунун баарын ойлонуп көрүңүзчү. Биздин жашообуздан башкабыздын баары бир ырааттуулукта кыймылдайт экен. Тек гана адамдар өз жашоосун ирээттей албай кыйналышат. Карыганга чейин чаржайыт жашоо образын кечиргендер бар. Алар өлүм астында башын мыкчып, бүт жашоо текке кеткенин түшүнүшөт. Келгиле, бир мисал келтирип көрөлү. Кичинекей баланын кыймылына көз салыңыз: ал чуркайт, секирет, кыйкырат. Айтор анын кыймылы - башаламан. Бул - анын табигый абалы. Белгилүү бир максаты болбогон адам дал ушул башаламан кыймылдаган кичинекей бала сыяктуу. Ал эмнеге умтулуп жатканын, кыймыл-аракетинин маңызын билбейт. Мусулмандардын жашоосундагы ирээттүүлүк жана ырааттуулук жипке тизилген шуру сымал. Мунун себеби – исламдагы так коюлган максат жана белгилүү жоопкерчиликтердин болушу.

Жашоодо ритмди кармоодо 5 убак намаз кандай сонун жардамга келет. Намаз окуган адам ар дайым таза жүрүү, убакытты короткон ушак, керексиз сөздөрдөн алыс, аң -сезимди тумандаткан мас кылуучу ичимдиктерден оолак болууга аракеттенет. Эң негизгиси, намаз, Аллах Таала менен болгон байланышты, диалогду кармап турат. Жүрөгүндө Кудайы бар адам жаман жолго барып, өзүнүн өмүрүнө зыян алып келген иш-аракеттерден болушунча качат. Азыркы заманда бизди негизги максатыбыздан алаксыткан көп нерселер бар. Намаз бизди ошол нерселерден тазалап, ар дайым башкы максатыбызды эске салат. Пайгамбарыбыздын хадисинде, “Аллах Таалага сүйкүмдүү иш - аз да болсо уланып туруучу иш” деп айтылат. А бул нерсе, жашоодо ритмди карма дегенди айтып турбайбы. Жашоону бир калыпка келтирүү бардык жерде жетишүүгө (үй-бүлө, жумуш, карым-катыш, хобби, эс алуу) шарт түзөт.

null
Иш-чара 5 саатка уланды

Тренинг реалдуу мисалдар, ошол мисалдарга түздөн-түз жооп берген хадистер акылуу бекемделип жатты. Арадагы интерактивдүү оюндар угармандарды дагы да терең ойлонууга өбөлгө түздү. Ашик Саид Конурбаев жана Азалия Конурбаева кандай гана ийгилик болбосун, ал, алгач адам өзүн- өзү жана Жаратканын таануусунан башталарын баса белгилешти.

Кошумчалай кетсек, тренерлер өз кезегинде - “Фисабиль” брендинин негиздөөчүлөрү. “Фисабиль” бренди 8 жылдан бери мусулмандарга арналган аксессуарларды (блокнот, ручка, открытка ж.б.) чыгарат. Фисабилдин блокноттору мусулман адамга убактысын болушунча пайдалуу жана туура колдонгонго, жардам берет.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү