Биригүү. Агартуу. Жаратуу.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
19 ноябрь 2017г.
Багымдат
06:19
Күндүн чыгуу
07:58
Бешим
12:47
Аср
15:54
Шам
17:41
Куптан
18:56

Кыз-келиндерди “Достук лентасы” долбооруна чакырабыз
Жарыяланды: 10 ноябрь 2017

Өткөн жылы түрдүү кесип, көз караш жана диний ишенимдеги 25 кыз кызыктуу конкурс, интеллектуалдык жана психологиялык оюн, тапшырмалар аркылуу бири-бирин жакындан таанып, аларды өз ара бириктирип турган орток чекиттерди табууга мүмкүнчүлүк болгон. Белгилүү эксперттер жана психологдор катышуучуларга стереотиптер жана жалган баалуулуктар кантип жаралары жөнүндө айтып беришип, ошол калыптанган ой-пикирлер адамдар арасында өз ара пикир алышууда тоскоолдуктарды жаратарын кеңири түшүндүрүшкөн.

null

Аталган иш-чара ийгиликтүү болгондуктан, уюштуруучулар аны бул жылы да масштабдуу өткөрүүнү пландап жатышат. Ал бул жолкусунда 2 күнгө пландалууда. Ал эми катышуучулардын саны бул жылы 2 эсе көп болот. Сиздикине окшобогон көз караш, дүйнө таанымдагы адамдарды жакындан таанып, алар менен пикир алышуу мүмкүнчүлүгүн кармап калыңыздар. “Дин” жана “светтүүлүк” түшүнүктөрүнө карата ар кандай баалуулуктарды карманган кыздардын ортосунда конструктивдүү жарандык диалог түзүүгө катышыңыз.

null

Кымбаттуу эже-сиңдилер, акыркы учурларда, тилекке каршы, коомдо жана интернет айдыңында агрессивдүү формадагы мамилеле, диалогдорду арбын учуратып жатабыз. Конфликттер, “светтик” жана “диндар” деп бөлүнүүчүлүктүн себептери обьективдүү маалыматтын жетишсиздиги жана түрдүү топтор ортосундагы түздөн-түз диалогдун жоктугунан болуп жатат.

Ар бирибиздин максат, принцип, жашоо, жан дүйнө баалуулуктары жана динге болгон көз караштарыбыз бар.Ага карабастан, биз бирдиктүү коом болгондуктан биргеликте алдыга умтулуп, жакшы иштерди жасап, бири-бирибизге өз ара түшүнүшүү, сабырдуулук менен карашыбыз керек.

“Умма” ислам журналы, “Дин, укук жана саясат” көз карандысыз аналитикалык борбору жана “Мутакалим” биримдигинин колдоосу менен демилгелүү жаштар тобу эже-сиңдилерди түрдүү көз караш жана баалуулуктарды кармангандардын ортосунда конструктивдүү диалог түзүү максатын көздөгөн “Достук лентасы” аттуу практикалык семинарга чакырат.

Коомубузда ар кандай баалуулуктарды карманган кыздардын ортосунда гармониялуу диалог платформасын кантип түзүү керек? Биз аларды бирин-бирин сыйлап, башканын чечимине урмат көрсөтүү, талкуулаганга орток темаларды табуу, калыптанган ойлордун тузагына түшпөө, сырткы атрибуттарга илээшкен коомдук аң-сезимди оң жакка өзгөртүүгө аракет жасоо, социалдык көйгөйлөрдү чечүү жолдору тууралуу көп ойлондук.

null

Биздин семинар дискуссия, түрдүү интеллектуалдык оюндар аркылуу бири-бирибизди угуп, бизди бириктирген орток чекиттерди табууга жардам берчү улуттук долбоор болуп саналат.

2 күндүк семинарда коомдо актуалдуу темаларга арналган интерактивдүү панель-дискуссиялар, лекциялар, диалог түзүү жолдоруна ой жүгүрткөн практикалык тапшырмалар камтылган.

Семинардын биринчи күнү симуляциялык оюндар, чакан кейстерди (практикалык тапшырмалар) чечүү тапшырмалары болот.

Экинчи күнү белгилү эксперт жана психологдор баяндама жасашат.

Максаттар: Түрдүү көз караш, баалуулуктарды карманган кыз-келиндердин ортосунда бириктирүүчү факторлордун негизинде конструктивдүү диалог куруу аянтчасын түзүү.

Тапшырмалар: Түрдүү группаларда кандай ойлор жана стереотиптер бар экендигин аныктоо.

Аталган группалар ортосунда конфликттин чыгуу себептерин билүү.

Дискуссияга аянтча түзүп берүү.

Семинардан соң уюштуруучу жана чакырылган конокторго каалаган суроолорду берип, жообун алсаңыздар болот.

Убактысы: 18-19-ноябрь, 2017-жыл, 9:00-17:00

Иш-чарага катышуу АКЫСЫЗ. Катышуучулардын саны: 40 киши

Семинарга 20 жаштан 28 жашка чейинки кыз-келиндер катыша алат.

Кирүү, катталуу тизмеси аркылуу гана жүргүзүлөт.

Семинарга катышуу үчүн шилтеме аркылуу кирип, катталасыз: Долбоорго катталуу

Шашылыңыздар. Орундар чектелген.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү