11- ноябрда «Ак жоолук ажары» Коомдук кайрымдуулук аялдар фондунун демилгеси менен түрдүү фонд жана бирикмелелердин ыктыярчыларынын ортосунда "Акыл Карачач"интеллектуалдык жана спорт таймашы өттү.
Ага 6 уюмдун:
1. “Ак Жоолук Ажары” Коомдук кайрымдуулук аялдар фонду;
2. “Адеп Башаты” коомдук прогрессивдүү фонду;
3. UMMA ислам журналы;
4. "Ыйык Ата Журт" Коомдук жаштар фонду
5. “Мы Волонтеры Кыргызстана” демилгелүү тобу;
6. “Инсандык өнүгүү” студенттик клубунун активдүү ыктыярчылары катышты.

4 саатка созулган кызуу таймашта “Умма” журналынын ыктыярчылары жеңишке жетишти.

Алар бул конкурска жоопкерчиликтүү мамиле жасап, болгон күч-аракетти жумшагандыктарын айтышты.

"Умма" командасы билдиргендей, таймашта атаандаштык аябай эле күчтүү болду.

Ар бир топ 8 кыздан туруп, “Өзүн өзү тааныштыруу”, “Өнөрүң болсо өргө чап”, “спорттук жана интеллектуалдык таймаш” боюнча күч сынашышты.

Таймашка бизнес тренер Алтын Рысбекова, М. Кашгари атындагы Чыгыш университетинин кыздар жатаканасынын тарбиячысы Таирова Нурмира, "Даткайым" коомдук фондунун жетекчиси Бекмырзаева Салтанат, спортчу, эл аралык конкурстардын жеңүүчүсү Каным Бургхан кызы калыстык кылышты.

"Акыл Карачач" конкурсунун жеңүүчүлөрү, 1-орундун ээси "Умма" командасы болсо, 2-орунга "Ак жоолук ажары" татып, ал эми 3-орунду "Адеп башаты" фонду алды.

"Ак жоолук ажары" фондунун жетекчиси Айжан Орозбаева конкурстун жыйынтыгында куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып, таймашта жеңген команда бул салтты үзбөй өзүлөрүнүн атынан дагы ушундай конкурс өткөрүп турса деген сунушун айтты.

Конкурстун жыйынтыгында ар бир катышуучуга "Ак жоолук ажары" фонду тарабынан сертификат жана чакан белектер ыйгарылды.

11-ноябрда "акыл Карачач конкурсунун 1-баскычы гана жыйынтыкталды. Алдыда командаларды дебат боюнча таймаш жана кайрымдуулук иш-чарасы күтүп турат.
Уюштуруучулардын айтымында, аталган конкурстун максаты - уюмдар арасындагы ынтымак, достукту бекемдөөгө салым кошуу.
























