Биригүү. Агартуу. Жаратуу.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)
Намаз убактылары
19 ноябрь 2017г.
Багымдат
06:19
Күндүн чыгуу
07:58
Бешим
12:47
Аср
15:54
Шам
17:41
Куптан
18:56
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов


"Умма-ОШ" командасы акыл таймашта атаандаштарын артка калтырды
Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 14 ноябрь 2017

12-ноябрда уюмдар арасындагы биримдикти жана достукту чыңдоо максатында уюштурулган "Достук" акыл таймашында “Умма” журналынын ыктыярчыларынын кыздар командасы жеңишке жетти.

null
"Умма-Ош" кыздар командасы

Ош шаарында ыктыярчылар ортосундагы байланышты чыңдоо максатында түрдүү иш-чаралар өтүп турат. Бул салтты "Ыйык Ата-Журт" коомдук бирикмеси баштаган. Активдүү жаштар ар жекшемби сайын спорттук жана интеллектуалдык таймаштарды өткөрүп турууну чечишкен. 12-ноябрда кезек “Умма” журналынын ыктыярчыларына жетип, акыл таймашы уюштурулган. Ага жалпысынан 8 команда: Адеп Башаты коомдук прогрессивдүү фонду, “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду, “Ыйык Ата-Журт” коомдук бирикмеси жана UMMA журналынын ыктыярчылары катышкан. Ар бир уюмдан 2ден команда: кыздар жана балдар тобу акыл таймашына катышышкан.

Таймаштын жүрүшү 3 баскычка бөлүнүп, ар бир турда экиден команда оюндан четтетилген.

null
Таймаш учуру

Жыйынтыгында

3-даражадагы диплом менен “Ыйык Ата-Журт” коомдук бирикмесинин кыздар командасы;

2-даражадагы диплом менен “ЫЙМАН” фондунун “Жарык 1” аталышындагы жигиттер командасы;

1-даражадагы дипломго “Умма-Ош” ыктыярчылар тобунан “УММА-КЫЗДАР” командасы татыктуу болушту.

Оюндун жүрүшүндө тарых, ислам таануу, география, логика, спорт, категориясында суроолор берилген.

null
"Умма-Ош" балдар командасы

Оюндун соңунда ОшМУнун Теология факултетинин деканынын орун басары Фархет Гөкче сөз сүйлөп, катышуучуларга жана уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдирүү менен ар бир катышуучуга теология факультетинин басылма китептеринен белекке ыйгарды.

“Умма” журналынын жалпы жамааты аталган оюнду уюштурган “Умма-Ош” командасына жана ага жардамын аябаган теология факультетине терең ыраазычылыгын билдирет.

Кошумчалай кетсек, “Умма” журналынын Ош шаарындагы ыктыярчылары түзүлгөн күндөн тартып мыкты активдүүлүгүн көрсөтүп келет. Жакында эле “Ыйык Ата-Журт” коомдук бирикмеси уюштурган балдар арасындагы спорт таймашында да биздин жигиттер 1-орунга татыктуу болушкан.

1 / 5



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү