Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

ФОТОБАЯН: 260 эмгек коюлган фото-арт көргөзмө жана китептин бет ачары эмнеси менен өзгөчөлөндү?

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 5 декабрь 2017

2-декабрь Кыргызстанда маданий жана агартуучулук иш-чаралар менен коштолду. Бул күнү Бишкекте алгачкы жолу MUSA2017 мусулман фото-арт көргөзмөсү жана диний аалым, профессор Кадыр ажы Маликовдун китептеринин бет ачары өттү. Бул иш-чаралар “Ыйман, адеп жана маданият” жылына арналып, “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борбору менен “Умма” ислам журналы тарабынан уюштурулду.

Көргөзмө белгиленген убакка чукул Улуттук китепканага студенттерден тарта неберелерин жетелеген чоң ата, чоң энелерге чейин агылып келе башташты.

null
Иш-чара саат 10до А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада башталды

Бишкекте алгач ирет уюштурулуп жаткан маданий иш-чарага муфтийдин орун басары Жоробай Шергазиев, "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков, Кыргызстан Ислам Университетинин проректору Марс Ибраев, бир катар университеттин окутуучулары, жана коомдук ишмерлер, түрдүү элчиликтен өкүлдөр конок катары чакырылды.

null

“Мусулман фото-арт көгөзмөсү аркылуу биз исламдын ар тараптуулугун, сулуулугун көрсөткүбүз келди. Бул жактагы эмгектер Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарында исламдын калыптануусу жана өнүгүүсүн чагылдырат. Бүгүн фотосүрөттөрдөн тарта каллиграфия, инфографика, интарсияга чейинки 260 эмгек коюлду. Эмгектер көз жоосун алган кооздугу гана эмес, а маанисинин тереңдиги, ар тараптуулугу, агартуучулук сыпаттары менен көрүүчүлөрдү өзүнө тартат”, - дешет уюштуруучулар.

null
Диний аалым, профессор Кадыр Маликов

“Дин, укук жана саясат” көз карандысыз аналитикалык борборунун жетекчиси Кадыр Маликов көргөзмөнүн ачылыш аземинде сүйлөп жатып, искусствонун бул түрү ага жакын экенин белгилеп өттү:

“Мен мектепти аяктаган соң алгач Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайына тапшырып, ал жактан билим алгам. Ислам бул нерсеге каршы чыкпайт, а тескерисинче аны колдойт. Искусствону бүткүл адамзатка түшүнүктүү тил деп айтсак болот. Андыктан, аны колдонуу менен биз исламдын баалуулуктарын баарына жеткире алабыз. Пайгамбарыбыз айткан хадисте: “Аллах сулуу жана ал сулуулукту жакшы көрөт” деп баяндалат”, - деди Кадыр Маликов.

null
"Умма" журналынын башкы редактору Элиана-Марьям Сатарова

“Умма” ислам журналынын башкы редактору Элиана-Марьям Сатарова бул иш-чара түрдүү курак, улут жана ишенимдеги адамдарды бир аянтчага бириктире турарын баса белгиледи:

“Көргөзмөгө жаш студенттен тарта өмүрүнүн жарымын искусствого арнаган профессионалдарга, жергиликтүү сүрөтчүлөрдөн чет өлкөлүктөргө чейинки катышуучулар болду. Ислам улуу цивилизацияны түзгөн. Бул цивилизацияда искусствонун орду чоң жана ал саясаттан жогору турат. Сүрөт көргөзмө өз кезегинде жаштарды тарыхын, маданиятын изилдөөгө шыктандырат”, - деди.

null
Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев

Бул ойго муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев да кошулуп, мындай өзгөчө ыкма исламды коомго жеткирүүдө чоң роль ойнорун айтты:

“ Көбү динди мечиттин чегиндеги нерсе катары гана карашат. Айрымдары исламды намаз, орозо, зекет менен гана чектеп коюшат. Бул жакка келгендерге динибизди бир тараптан эле эмес, көп тараптуу караганга жардам берет экен”, -дейт Жоробай ажы.

null
Фото-арт көргөзмөнүн демилгечиси жана куратору Саид Ибраимов

Фото-арт көргөзөмгө 20 га чукул автордун эмгектери коюлуп, алар “Жан дүйнө”, “Ислам Кыргызстанда”, “Мусулман жаштары: баалуулуктар жана приоритеттер”, “Коопсуздук жана өз ара макулдашуу” тематикаларына бөлүндү.

Иш-чаранын демилгечиси, "Умма" журналынын дизайнери Саид Ибраимов мындай көргөзмө уюштурууну көптөн бери ойлоп жүрүшкөнүн айтты:

"26 жылдан бери ислам калыптанып, динамикалуу өнүгүп келе жатат. Бүгүнкү күндө биздин коомго көрсөтчү нерселерибиз бар. Мусулмандар социалдык, экономикалык, маданий, спорт чөйрөсүндө өлкөнүн алдыга жылышына салым кошту. Келечекте биз коомго дагы кандай пайда келтире аларыбызды бул көргөзмө менен ачыктагыбыз келди", - дейт Саид.

null
Сүрөт көргөзмөсү өтүп бара жаткан “Ыйман, адеп жана маданият” жылына арналып, жаштардын өлкөбүздөгү коомдук, билим-берүү жана маданий көйгөйлөрүнө болгон жаңыча көз карашын чагылдыруу жана жаштардын чыгармачыл потенциалын ачууну максат кылды

null
Көргөзмөдө өзгөчө интарсия ыкмасына салынган Куран аяттары да коюлду

Бул күнү иш-чарага келген ар бир шаар тургунуна китептин ортосуна чалынчу креативдүү чөп кат белекке берилди.

null

Фото-арт көргөзмөдөн соң диний аалым, профессор Кадыр ажы Маликовдун жаңы китептеринин бет ачары болду.

null
Мусулман жаштары: маанилүү жана пайдалуу баалуулуктар”, "Ислам жана мамлекет китептери

Бет ачарда авторго бүгүнкү күндө жаштарды ойлондурган суроолор берилип, баалуулуктар, светтүүлүк, демократия, саясат темаларында чакан талкуу жүрдү.

null
Бет ачарга түрдүү улуттун өкүлдөрү да келди

Кадыр ажы Маликов коомдун светтик жана диний деп бөлүнүп жатышы туура эмес экенин белгиледи.

“Буга байланышкан талкуулардын чыгышы, исламды кабыл алгандардын санынын өсүшү менен байланыштуу. Айрымдары бул көрүнүштү исламизация дешсе, башкалары “рухий агартуучулук, өз динине кайтуусу” деп түшүнүшөт. “Бул светтик адам”, “бул диний” деп коомду 2 ажырымга бөлгөн туура эмес. Ооба, “светтик баалуулуктар” деген түшүнүк бар. Бирок бул нерсенин өзү Европадагы христиан тушүнүгүнөн бөлүнүп чыккан. Тагыраак айтканда, христиан чиркөөсүнүн саясий бийлик институтунан бөлүнүүсү . Бирок диндин өзү кайсы гана коомдо болбосун жашай берет, аны адамдардын жүрөгүнөн сууруп алуу мүмкүн эмес. Дин маданияттын калыптануусунда өтө чоң ролду ойнойт. Ал тарых, инсандын өнүгүүсүнө зор таасирин тийгизет. Бул нерсени түшүнүүгө, калыптанган стереотиптерди бузууга бизге убакыт керек деп ойлойм” ,-деди Кадыр Маликов.

null

Жаштарды кызыктырган дагы бир суроо- "Саясий ислам" менен "Ислам жана саясат" түшүнүктөрүнүн ортосундагы айырмачылык.

Кадыр Маликовдун айтымында, бул 2 түшүнүктүн ортосунда айырма бар. “Ислам жана саясат", "саясий исламдан" алда канча жогору турат.

“Исламдын башкы максаты бул бийликке умтулуу эмес, а коомдогу терс көрүнүштөрдү оңдоо. Бузуу, кыйратуу, жок кылуу эмес, а куруу, калыбына келтирүү. Андыктан, мусулмандар, бийлик, байлыкты максат эмес, Аллахтын ыраазычылыгына жетүүчү курал катары гана карашат”,-дейт диний аалым.

Кадыр Маликов, ошондой эле, талкуунун жүрүшүндө жаштардын бүгүнкү күндөгү баалуулуктары, адеп-ахлагына да токтолду.

“Керек болсо Совет мезгилинде кыз менен жигиттин кол кармашып басуусу сыяктуу көрүнүштөр терс кабылданчу эле. Азыр жаштардын тарбиясы болуп көрбөгөндөй өзгөрдү. Мектеп, жогорку окуу жайларда жаштарга билим гана берилет. Ал эми тарбияны аларга азыркы кино индустриясы, музыка, ММК берүүдө. Бул-өтө көйгөйлүү маселе.

Андыктан, биз интелллектуал, адеп-ахлагы бийик жаштарды тарбиялоого муктажбыз.

null

Автор жаңы чыккан китептери аркылуу коомду, өзгөчө жаштарды ойлонуу, ой жүгүртүү, терең билим алууга үндөрүн айтты. “Исламда эң чоң жихад бул адамдын өзү менен күрөшүүсү, ЭГОсун тыя билип, бийик максаттарга умтулуусу. Качан гана адам өзүн тааныганда, курчап турган дүйнө жана Жаратканын тааныйт”, -деди.

null
Окурмандарга китепти автордун кол тамгасы менен алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү

Китептин бет ачарынын соңунда “Умма” ислам журналы тарабынан социалдык тармактарда уюштурулган конкурстардын жеңүүчүлөрү баалуу белектер менен сыйланды.

1 / 29



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
22 апрель 2021г.
Багымдат
4:24
Күндүн чыгуу
6:10
Бешим
13:00
Аср
17:50
Шам
19:56
Куптан
21:11