12- декабрда Бишкекте жаңы форматтагы “Интегра” дискуссиялык клубунун алгачкы жолугушуусу өттү. Анда Жакынкы жана Ортоңку Чыгышка байланышкан процесстер, алардын Борбор Азия өлкөлөрүнө мүмкүн болгон таасирлери талкууланды. Спикерлер катары Кыргызстандын алдыңкы саясат таануучулары жана эксперттер Таалатбек Масадыков, Бакыт Бакетаев жана Кадыр Маликов катышты.
Иш-чара Кадыр ажы Маликовдун жетекчилигиндеги “Дин, укук жана саясат” көз карандысыз аналитикалык борбору тарабынан уюштурулду.
Дискуссиялык клубдун биринчи жолугушуусуна жөнөкөй студенттерден тарта илимдин докторлоруна чейин, мамлекеттик органдан өкүлдөр, Иран, Катар, Афганистан, Россия, Түркия, Пакистан элчиликтеринен расмий делегаттар, ошондой эле, Кыргызстан жана дүйнөдө болуп жаткан окуяларга кайдыгер карабаган шаар тургундары катышты.
Иш-чаранын форматына ылайык, ар бир спикер өзүнө бөлүнгөн темада 20 мүнөттөн сөз сүйлөп, кийинки бөлүк суроо-жооп иретинде уланды.
Алгач сөз саясат таануучу Бакыт Бакетаевге берилип, ал Кыргызстандын ички саясаты тууралуу айтып берди. Бакыт Бакетаев Кыргызстан эгемендүүлүктү алган жылдардан бери оңой эмес учурларды басып өткөнүн, өлкө эми бутуна туруп, өз жолун таап келе жатканын айтты.
“Ислам жеке кызыкчылыктарга жетүүдөгү куралга айланууда”
Б.Бакетаевден соң дин таануучу, саясат илимдеринин доктору Кадыр Маликов бүгүнкү күндө ислам жеке кызыкчылыкты көздөгөн күчтөрдүн куралына айланып жатканын баса белгиледи.
Жакында эле бир карикатураны көрдүм. Бир жагынан ага күлкүң келсе, экинчи жагынан жүрөк оорутат. Анда Иерусалимдеги Аль-Акса мечити, анда Израиль желеги, мечиттин жанында Кааба, Каабада болсо Американын желеги тартылыптыр. Тилекке каршы бүгүн ислам дүйнөсү руханий жана интеллектуалдык кризистин сазына батып турган убагы. Биз ар тараптан өнүккөн күчтүү мусулмандарга муктажбыз. Коом светтик жана диний болуп 2ге бөлүнүп, жоопсуз суроолордун туңгуюгунда турабыз. Мусулмандарга “же Куран, же Баш мыйзам” деген тандоо койбошубуз керек”, - деди К.Маликов.
“Терроризмди алдын алуу үчүн социалдык көйгөйлөрдү чечүү зарыл”
Жакынкы жана Ортоңку Чыгыш, Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугу маселелери, тышкы саясат боюнча адис, аналитик Таалатбек Масадыков да Кадыр Маликовдун пикирин улай, террористтер бул исламды жамынган күчтөр экендигин баса белгиледи. Таалатбек Масадыков 13 жылдан ашуун БУУнун Афганистанга көмөк көрсөтүү боюнча Миссиясынын (МООНСА) саясий кеңешчиси катары, мындан тышкары Афганистан, Иран, Пакистан өлкөлөрүндө да иштеген. Ал учурунда талибдер менен сүйлөшүп, бир нече ирет алардын сурагына катышкан.
Эгер мамлекет жарандарын коргоп, аларга шарт түзүп бере албаса, бул жерде “жардам колун” сунган 3-күчтөр пайда болот. Террористтик топтордун артында чоң күчтөр жана чоң акчалар жатканын унутпоо керек. Ислам эч качан бирөөнү өлтүрүүгө, жардырууга үндөбөйт. Динди жана мусулмандарды терс жагынан көрсөтүп жаткан бул атайын долбоорлор”, - деди Таалатбек Масадыков.
Ал, ошондой эле, учурда кызуу талкууланып жаткан Иерусалим маселеси боюнча да пикирин билдирди:
2 сааттан ашык созулган иш-чарада катышуучулардан берилген суроолор абдан көп болду. Мунун өзү өлкөдөгү жана дүйнөдөгү түрдүү процесстерге карата өз ара пикир алмашуучу аянтчанын керектигин тастыктады.
Белгилей кетсек, “Интегра” дискуссиялык клубу коомдогу актуалдуу маселелердин айланасында өз ара пикир алмашууга аналитик, коомдук ишмер, көз карандысыз эксперттер, диний лидерлер жана активдүү жаштарды тартуу максатында уюштурулууда.
Клубдун тапшырмасы – өз ара эркин интеллектуалдык ойлор менен алмашуу, Кыргызстандагы коомдук-саясий абалга, экономикалык, социалдык жана руханий процесстерге баа берүү. Анын бүгүнкү этаптагы эл аралык мамиледеги ордуна, өлкөнүн өнүгүү перспективасына байкоо салуу.
Уюштуруучулардын айтымында, мындан ары жолугушуулар ар 3-4 айда бир уюштурулуп, ар жолкусунда жаңы темалар көтөрүлмөкчү.






















