Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Эртең Бишкекте “Иерусалим– мусулман дүйнөсүнүн кайгысы” аталышындагы тегерек стол өтөт

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 15 декабрь 2017

Эртең, 16-декабрда саат, 14:00до Бишкектеги «City Hotel» мейманканасында “Иерусалим (Аль-Кудс) – мусулман дүйнөсүнүн кайгысы” темасында тегерек стол өтөт. Иш-чара Кадыр Маликовдун жетекчилигиндеги “Дин, укук жана саясат” көз карандысыз аналитикалык борбору тарабынан уюштурулууда.

null

Тегерек столдо АКШ тараптан Иерусалимдин Израилдин борбору деп таанылышына байланыштуу Иерусалимдин (Аль-Кудс) исламга ылайык жалпы мусулмандардын 3-ыйык жери саналган макамы, ошондой эле, геосаясий себептер, эл аралык укукка карата натыйжалары каралмакчы.

Трамптын Иерусалимди Израилдин борбору деп жарыялоо чечими эл аралык укукту жана БУУнун резолюциясын бузат. Ошондой эле, мындай билдирүү бүткүл регионду жана дүйнөнү баш аламандыкка алып келет. Жакынкы Чыгыштагы абал олуттуу өзгөрүүлөрөгө учурап, ал дүйнөдөгү эл аралык абалга, ислам дүйнөсүнүн коопсуздугу жана стабилдүүлүгүнө таасир этет.

Башкы Ассамблея 8-декабрда 37/8 резолюциясында АКШнын кадамын “эл аралык укукту одоно бузуу” деп сыпаттады. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрү жана БУУнун мүчөлөрү бул оккупацияны тааныбайт жана Иерусалимдин макамын Жакынкы Чыгыш маселесинин олуттуу көйгөйү катары билет.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да АКШнын мындай кадамын колдобойт жана маселенин тынчтык жолу менен чечилишине чакырат.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигининин басма сөз кызматында кабарлангандай, Кыргыз Республикасы эл аралык коомчулуктун аракети менен келечекте палестина-израиль жаңжалынын эл аралык укук жана нормаларынын негизинде, ошондой эле, БУУнун Башкы Ассамблеясы жана Коопсуздук Кеңешинин тиешелүү резолюцияларына ылайык тынчтык жолу менен жөнгө салынышына үмүттөнөт.

Тарыхый жактан алганда Иерусалим (Аль-Кудс) - үч диндин борбору. Ар бир мусулман үчүн Мекке жана Мединадан кийинки аль-Акса мечити менен Иерусалим 3- ыйык жер саналат. Бүгүнкү күндө Иерусалим (аль-Кудс) жалпы мусулмандардын ачык жарасы жана кайгысы боюнча калууда.

Тегерек столдун катышуучулары - коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер, активдүү жаштар.

Байланыш номерлери: 0777 374 353, 0554 657775



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
22 апрель 2021г.
Багымдат
4:24
Күндүн чыгуу
6:10
Бешим
13:00
Аср
17:50
Шам
19:56
Куптан
21:11