АКШ президенти Дональд Трамптын Иерусалимди Израилдин борбору деп таанышына нааразычылык билдирип, бүгүнкүгө чейин дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө масштабдуу нааразычылык акциялары, митингдер өттү.
Индонезияда 80 миңге чукул адам америка элчилигинин алдына Трамптын кадамына нааразычылык билдирип чыгышты. Борбор калаа Жакартада көчө демонстрациялары бир жума бою жүрдү. 80 миңге чукул адам катышкан митингде коопсуздук үчүн 20миңге чукул аскер жана милиция тартылган.
Алар колдоруна “Иерусалим-мусулмандарга таандык”, “Биз палестиналыктарды колдойбуз”, “Эркин Палестина” деген плакаттарды көтөрүшүп, Америка чечиминен кайтуусун талап кылышты. Бул акцияда сөз сүйлөгөндөр элди израиль продуктыларына бойкот жарыялоого чакырышты.
Анкаранын Анатолия аянтында, Стамбулдун Йеникапы районунда “Иерусалим-исламдын ажырагыс бөлүгү” урааны алдында митинг өттү. Алар Түркия, Палестина желектери менен “Кудус - үммөттүн жүрөгү”, “Эркин Палестина” деген плакаттарды кармап, Американын кадамына нааразычылыктарын билдиришти. Көчөлөр, Йеникапы аянты миңдеген демонстранттарга толду.
Берлиндин Нойкёльн округунда жана Бранденбург дарбазаларында 2000ге чукул адам нааразычылык митингине чыгышты. Катышуучулар АКШ менен Израиль эл аралык укукту одоно бузуп жатканын айтышты.
Лондондо да миңдеген жарандар Израилдин Палестинага болгон оккупациясын токтотушун талап кылышып, Америка элчилигинин алдына чыгышты.
Бул митингге мусулмандар гана эмес, укук коргочулар, Unite, UNISON, профсоюздары, билим берүү жаатында иштегендердин улуттук профсоюздары катышты.
Лондондогу бул акцияга катышуу үчүн Бирмингем, Бристоль, Кембридж, Брэдфорд, Ковентри, Ливерпуль, Ньюкасл жана Шеффилд шаарларынан атайын келгендердин саны да арбын болду.
Элчиликтин алдында 1 сааттан ашык созулган митингден соң акцияга чыккандар парламенттин алдына чейин жөө жүрүш жасап, коомдук ишмерлер палестиналыктарды колдоого чакырды.
Мындай нааразычылык акциялары Йемен, Сирия, Египет, Карачи, Кашмир, Морокко, Ливан сыяктуу ондогон өлкөлөрдө өттү.
Эскерте кетсек, өткөн шаршемби күнү, 6-декабрда АКШнын президенти Дональд Трамп Иерусалимди расмий түрдө Израилдин борбору деп таанууга мезгил жеткенин белгилеп, АКШ элчилигин Тель-Авивден Иерусалимге көчүрүүгө даярдыктарды баштоону тапшырганын айткан. Ошондон тарта дүйнө коомчулугу анын бул аракетин сындап, АКШ менен Израиль эл аралык укукту бузду деген бааларын беришүүдө.