Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Тегерек стол: Эмнеге дүйнө жүзү Иерусалимди (аль Кудусту) коргоп жатышат?

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 25 декабрь 2017

Дүйнө коомчулугу менен бирге Кыргызстан да АКШ президентинин Иерусалимди расмий түрдө Израилдин борбору деп таанышына нааразычылыгын билдирди.

Мындан 1 жума мурун палестина элине тилектештик иретинде Бишкекте “Иерусалим-мусулман дүйнөсүнүн кайгысы” аталышындагы тегерек стол өтүп, ага дин аалымдары, укук коргоочулар, окутуучулар, студенттер жана мындай чоң адилетсиздикке кайдыгер карабаган жарандар келишти.

Иш-чара Аалымдар кеңешинин мүчөсү Кадыр Маликовдун жетекчилигиндеги “Дин, укук жана саясат” көз карандысыз аналитикалык борбору тарабынан уюштурулду.

Тегерек столдо Иерусалимдин макамы, эл аралык укук, мусулман дүйнөсүнүн бүгүнкү күндөгү абалына байланышкан маселелер көтөрүлүп, жалпы катышуучулардын макулдугу менен резолюция кабыл алынды.

null

АКШ 6-декабрда эл аралык укукту одоно бузду

1-дүйнөлүк согуштан бери чечилбей, чоң кагылышуулар, кан төгүүлөргө себеп болгон Иерусалим маселеси бүгүнкүгө дейре дүйнө коомчулугунун көзөмөлүндө болуп, ага байланыштуу бир беткей чечим чыгарыла элек болчу. 6-декабрдагы Трамптын күтүүсүз жарлыгынан 2 күн өткөн соң, тагыраагы, 8-декабрда Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши кезексиз жыйын өткөрүп, анда 18 өлкөнүн 17си АКШнын кадамын сынга алышып, эл аралык укуту одоно бузду деген бааларын беришкен.

Ал эми 21-декабрда чогулган БУУнун Генералдык Ассамблеясында Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныбоо резолюциясына 128 өлкө бир добуш менен макулдугун беришип, алар өлкөлөрдү Иерусалимде дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн ачпоого чакырышты.

null

Мындан тышкары, 57 мамлекет кирген Ислам кызматташтык уюму да Иерусалимди Палестинанын борбору деп жарыялап, дүйнө жүзүн эгер алар адилеттүүлүк, эл аралык укукту сыйлашса, анда АКШнын чечимине каршы чыгуулары керектигин билдиришкен.

Аталган бирикмеге кирген Кыргызстан да АКШнын кадамына каршы позициясын ээледи.

Трамптын чечим – пландалган аракет

Тегерек столдун ачылышында сөз сүйлөгөн Кадыр Маликов Трамптын 6-декабрдагы билдирүүсүн күн тийип турган маалда күтүүсүз жааган жамгырга окшотту.

“АКШ конгресси 1995-жылы Клинтондун убагында да Иерусалимди Израилдин борбору деп таанууга бир нече ирет аракеттенген. Бирок анда Клинтон, Буш, Обама да бул мыйзамга кол койгон эмес. Трамптын мындай күтүүсүз чечими жаңылыштыкпы же атайын пландуу жасалган аракетпи? Албетте бул - пландуу жасалып жаткан иш-аракет. Эгер Трамп мусулман дүйнөсүнүн алсыздыгын, өз ара бөлүнүүсүн билбегенде мындай кадамга бармак эмес”, -деди К.Маликов.

null

Азыркы абал дүйнөнү чон башаламандыкка түртөт

Кадыр Маликов Трамптын бул күтүүсүз чечиминде саясий, геосаясий гана эмес идеологиялык, диний да маани жатканын өзгөчө баса белгиледи.

“Мындан бир нече күн мурун Ак үйдө израилдик лоббилер менен жолугушуусунда Трамп аларды Ханука майрамы менен куттуктады. Анда АКШ лидери “Иерусалимдин Израилдин борбору деп жарыяланышы Кудайдын колдоосу, мындай болору ыйык китептерде жазылган деп айтты. Мында чоң маани жатат”, -дейт диний аалым Маликов.

null

Тегерек столго конок катары катышкан Дүйшөнбек ажы Абдылдаев эгер Американын бул адилетсиз кадамына жол берилсе, анда ага дүйнө лидерлери жоопкер болорун баса белгиледи. “Азыркы абал бизди чоң башаламандык, 3-дүйнөлүк согушка түрдүүдө”, - деди ал.

Бүгүнкү күндө Иерусалим адилетсиздиктин символуна айланды

К. Маликов чоң державанын мындай кадамын араб дүйнөсү, дегеле бүткүл ислам дүйнөсүнө болгон соккусу деп сыпаттады.

“Бүгүнкү күндө мусулмандардын ыйык жери тепсендиде калып, Иерусалим кош стандарттардын, адилетсиздик жана зулумдун символу болду. Тилекке каршы, көпчүлүктүн бул абалга кайдыгер караганы, Кудустун маанисин түшүнбөгөнү өкүндүрөт. Айрым мусулмандар “палестиналыктар хижра (мекенинен көчүп кетүүсү) кылышы керек” деп айтышат экен. Бул – өтө коркунучтуу идеология. Мусулмандарды пессимисттик маанайга, ойдун жеңилүүсүнө түртүп жатат”, - деди.

null

Бул ойго Өзбек ажы Чотонов да кошулуп, мусулмандар кайдыгер болуп жатканын баса белгиледи. “Азыр биз намаз менен орозодон тышкары эч нерсени ойлонбой калдык. Палестинадагы бир туугандарыбызды унуттук. Бүгүнкүдөй иш-чараларды арбыныраак өткөрүп, мусулмандарга Иерусалимдин маанисин эскертип туруубуз керек”, -деди ал.

Дүйнөдө түшүнүксүз союздар түзүлүп жатат

Ал арада бүгүнкү күндө таң калычтуу союздар түзүлүп жатканын К. Маликов өзгөчө баса белгиледи. “Мисалы, АКШ менен Израиль блогуна сүннөт дүйнөсүнүн лидери саналган перс булуңундагы монархиялар да кошулду. Болбосо, алар ислам баалуулуктарынын сакчысы эмес беле... Азыр байкасак, нейтралдуу ваххабизм да кызык позицияны ээлөөдө. Алар ислам кызыкчылыгына каршы туруп, палестина маселесинде аны колдогондорду сындап, митингге чыккандарды бидаат (динге жаңылык киргизүү) деп айтып жатышат”, -деди дин аалымы.

null

Кыргызстандагы мусулмандар палестиналыктарга кандай жардам бере алышат?

Тегерке столго келген коноктор кыргызстандык мусулмандар диндеш бир туугандарына эң биринчи иретте дуба менен жардам көрсөтө алышарын баса белгилешти.

Экинчиден, дүйнө жүзүндөгү мусулмандар палестина элине тилектештик кылып жатса, кыргызстандыктар да түрдүү иш-чаралар аркылуу Иерусалимдин (Кудус) исламдагы ордун, маанисин түшүндүрүп, аны эсибизден чыграбообуз керектигин айтышты.

null

Тегерек столго катышкан түркиялык тарыхчы, коомдук ишмер, жазуучу Озер Реваноглу айткандай, кимде-ким өзүн мусулман деп эсептеп, бирок Иерусалимге жүрөгү сыздабаса анда ал ыйманынан күмөн санасын. Анткени Иерусалимдин динибиздеги орду бийик. Бул шаар 3 ири диндин борбору, пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун) миражга көтөрүлгөн жер, мусулмандардын алгачкы кыбыласы. Дал ушул жерде улуу адилетсиздик өкүм сүрүп, мусулмандардын каны төгүлүлүп жаткан маалда дүйнө мусулмандары жамаат- жамаатка бөлүнүп, бири-бирин “сен туура эмес намаз окуп койдуң” деп сындабай, өз ара ынтымакта болуп, бир муштумдай түйүлгөндө гана адилетсиздикке чекит коюлат.

null

Жакында аталган тегерек столдо кабыл алынган резолюция жарыяланган соң, Кыргызстанда да Иерусалимдин (Кудус) маани-маңызын кийинки муунга жеткирүү, коомчулукту Жакынкы жана Ортоңку Чыгыштагы болуп жаткан окуяларга кайдыгер карабоого чакырган кадамдар ишке ашырылып баштамакчы.

1 / 20



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
5 ноябрь 2024г.
Багымдат
06:04
Күндүн чыгуу
07:40
Бешим
12:45
Аср
16:07
Шам
17:55
Куптан
19:10