Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Айымдарды өнүктүрүү борборунда жоолук күнүнө карата пайдалуу иш-чара өттү

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 5 февраль 2018

1-февраль Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүнө карата Хисса бинт Зайд аль Талиб кыргыз айымдар өнүктүрүү борборунда айымдарга арналган иш-чара өттү.

Аталган борбордун "Умма" ислам журналы менен биргеликте уюштурган чакан кечеде жоолуктун аялзатынын жашоосундагы жана исламдагы орду тууралуу айтылып, аялзаты, жоолук темаларына байланышкан конкурстар ойнотулду, келбетке кам көрүү, туура боенуу, жоолукту кооз салынуу боюнча мастер-класcтар уюштурулду.

жоолук күнү, Умма, 1-февраль
Иш-чара ынтымак, достуктун атмосферасында өттү

Иш-чаранын ачылышында Кыргыз айымдар борборунун жетекчиси Айнагүл Өмүрзакова мындай деди: "Баардык аялзатын жоолук бириктирип турат. Биз, айымдар ынтымактуу болуп, өз ара кызматташып, үй-бүлө, карьера, коомдук иштерде көптөгөн ийгиликтерге жетишүүгө болот. Биздин борбор да айымдарды колдоо, ар тараптуу билим алууга шарт түзүү иретинде түптөлгөн. Бул ишибизде баарыңыздар көмөкчү болосуздар деген ишеничтебиз", - деди.

Ал эми "Умма" ислам журналынын башкы редактору Элиана-Марьям Сатарова алгач бул күндүн тарыхына учкай токтолуп өттү: "Жоолук күнү 2014-жылдан бери дүйнөнүн 150 дөн ашуун өлкөсүндө белгилене баштаган. Анын демилгечиси Нью-Йорктун тургуну Назма Хан бир күн досторуна жоолук салынып көрүүгө сунуштаган. Анткени, өзүңүздөр билгендей, Америкада айрым адамдар мусулмандар тууралуу өтө терс көз карашта. Назма Хандын идеясы колдоого алынып, ошондон бери 1-февраль бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү болуп белгиленип келет. Бүгүнкү жоолук күнүндө мен жоолук салынган эже-сиңдилеримди активдүү болууга, коомго пайда алып келүүчү иштерде биринчилерден болууга чакырам", - деди.

жоолук күнү

Айымдардын чакан жолугушуусунда жоолук жана анын тарыхы,түрдүү элдердин улуттук кийимдеринде жоолуктун мааниси жөнүндө сөз болду. Кайсы гана эл болбосун жоолук -аялзатынын жашоосунда эң керектүү, зарыл жана аны кооздоп, аялдын көркүнө көрк кошуп турганы айтылды. Жоолукка байланышкан викториналык суроолорго жооп бергендерге Айымдарды өнүктүрүү борборунан кооз шарфтар жана "Умма" ислам журналынан журналдын акыркы саны белек катары тапшырылды.

жоолук. 1-февраль, дүйнөлүк, жоолук күнү
Эне жөнүндө ырдын авторун тапкан кызга элечек белекке берилди

Жоолукту тыкан жана жарашыктуу салынуу боюнча жоолук дизайнери, himar.kg жоолуктарынын негиздөөчүсү Лаура Саркобенова күнүмдүк жана түрдүү кечелерде жоолукту кооз салынуунун бир нече түрлөрүн көрсөтүп берди.

жоолук күнү
Лаура айым беттин түзүлүшүнө ылайыктап жоолук салынууну үйрөттү

Ал эми професссионал визажист Хани Тукеева бетке кам көрүү жана туура боенуу боюнча пайдалуу кеңештери менен бөлүштү. Боюнгуч каражаттарды туура тандоодон баштап, аларды бетке туура коюуга чейин када-кадам кылып, толук көрсөтүп берди.

жоолук күнү
Хани Тукеева аялзаты өзүн сулуу, назик алып жүрүүгө аракет кылуусу керектигин өзгөчө баса белгиледи

Ошондой эле тигүүчү, дизайнер Мадина Арзыбай кызы бул иш-чарага келгендерге даяр жоолукту өз алдынча канти тигүүгө боло турганы жөнүндө мастер-класс көрсөттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө журналист Айчүрөк Борукеева жоолук салынган кыздарга суктанарын баса белгледи:

"Мен суйкайып башынан жоолугун түшүрбөгөн кыздарды көргөндө, алардын бири-бирине мээримдүү, тааныш көз караш менен карап салам бергенине суктанам", -деди.

жоолук күнү

Иш-чаранын соңунда эже-сиңдилер өз ара маектешип, ортодогу байланыштуу чыңдоосу үчүн чакан кофе-брейк уюштурулду. Бул күнү түрдүү курактагы жана көз караштагы аялдар аларды бириктирген нерселер көп экенине бир аянтчада күбө болушту.

Белгилей кетсек, бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү Кыргызстанда 2016-жылдан тарта уюштурулуп келет.

1 / 6



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
18 декабрь 2018г.
Багымдат
06:45
Күндүн чыгуу
08:27
Бешим
12:58
Аср
15:47
Шам
17:34
Куптан
18:49
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов