Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Чай Quizz: "Люди Х" командасы 3-ирет жеңүүчү болду

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 6 февраль 2018

Бишкектеги "Park hotel" мейманканасында 2-февраль күнү Чай Quizz - алгачкы мусулман интеллектуалдык долбоорунун кезектеги оюну өттү. 20 команданын ичинен 3-жолу катары менен "Люди Х" командасы баш байгени багындырышты.

null

Түрдүү окуу жай жана уюмдардан келген күчтүү командалардын ичинен аталган команданын 3-ирет катары менен баш байгени багындырып жатышы бардык катышуучуларды бир четинен таң калтырса, экинчи четинен суктандырууда.

Бул оюндун жеңүүчүлөрү “Люди Х” командасында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 4-курсунун студенттери ойношот. Алар өзүлөрүнүн ийгилигин сыры деп мурда да ушул сыяктуу акыл таймаштарына активдүү катышып жүргөнүн айтышкан.

"Биз оюнга чейин категорияларды бөлүшүп алып, үстүртөн даярданып коебуз. Көбүнчө бизге мурунку окуган билимибиз жардам берет”, - дешет алар.

Турнирдик таблицада мыкты бешилтикти "Нур", "Элдин балдары", "Аметисты", "Сурая", "Ва-Банк" командалары ээлешти.

null

Бул жолку оюнда командалар "Пайгамбарыбыздын өмүр жолу", "Кыргызстандын тарыхы", "Сахабалар", "спорт", "логика", "бизнес", "орус адабияты", "Италия" категориялары боюнча жарышышты.

Кошумчаласак, “Чай Quiz – билим агымында” ураанын карманган долбоорунун максаты- мусулман жаштарынын интеллектуалдык деңгээлин көтөрүүгө салым кошуу, ар тараптуу билим алып, ой жүгүртүүнү кеңейтүүгө шарт түзүү, жаштарды социалдык активдүүлүккө үндөө жана өз ара пикир алышууга аянтча түзүү.

null

Чай Quiz оюнуна катышууга жаш курак боюнча чектөө коюлган эмес. Бирок командалардын көбү жаштардан куралганын байкоого болот.

Аталган интеллектуалдык долбоордун кезектеги оюну 9-март күнү болот.

Эскерте кетсек, аталган оюн ар айда 1 жолу "Триллионер КР" интеллектуалдык-дискуссиялык клубу тарабынан уюштурулууда.

1 / 5



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
18 декабрь 2018г.
Багымдат
06:45
Күндүн чыгуу
08:27
Бешим
12:58
Аср
15:47
Шам
17:34
Куптан
18:49