Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Ошто жоолук күнү кыз-келиндердин ынтымагын бекемдеди

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 6 февраль 2018

Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү Кыргызстан боюнча Бишкекте гана эмес, Ошто да чоң шаң менен өттү. “Умма” ислам журналынын Оштогу ыктыярчылары, “Умма-Ош” командасы, 1-февралда Оштогу эже-сиңдилер үчүн пайдалуу жана кызыктуу иш-чара уюштурушту. Ал “Ош Ордо” кафесинде 200гө чукул кыз-келиндердин катышуусунда өттү.

жоолук, Умма-Ош, Ош, белгиленди, 1-февраль

Коноктор үчүн жоолуктун аялзатынын жашоосундагы жана динибиздеги орду, ролу тууралуу маалыматтар айтылып, атайын чакырылган коноктордон өзүн өзү өнүктүрүү, ден соолук, сулуулук темаларында пайдалуу кеңештер, кызыктуу конкурс, викториналар уюштурулуп, баалуу белектер ойнотулду.

Иш-чарага түрдүү курак, кесип жана улуттагы айымдар келишти.

жоолук күнү, Ош, Умма, Умма-Ош

“Ыйман-Бакыт” коомунун жетекчиси Жамиля Жапашова жоолуктун динибиздеги орду тууралуу айтып берди.

“Ыйык Куранда мусулман аялдарга уяттуу жерлерин жаап жүрүүгө буюрулган. Хиджаб дегенде айрымдары арабдардын улуттук кийимдерин түшүнүшөт. Бул – чоң жаңылыштык. Хиджаб болгону жабуучу, тосуучу нерсе дегенди гана түшүндүрөт”, -деди ал.

жоолук, Умма-Ош, Ош, белгиленди, 1-февраль

Ал эми көп жыл гинеколог болуп эмгектенген Танзиля Колесничкова жоолук тууралуу айтып, өзү жазып келген ырын да окуп берди.

"Жоолукту баардык улуттагылар салынат. Жоолук бул-гигиена, ден соолук. Эң эле жөнөкөй нерсе, тамак жасап жатканда сөзсүз аны салынуу керек. Кулактан кирген шамал тамак, мурун, баш мээге барат. Мен дайым айтам-жоолук бул ден-соолук",- деди ал.

жоолук, Умма-Ош, Ош, белгиленди, 1-февраль

Белгилүү дизайнер, жаш кыздарга арналган "Ismanova fashion" кийим брендинин негиздөөчүсү Элмира Исманова жаңы кийим коллекциясын көрсөтүп, ал тууралуу айтып берди.

жоолук, Умма-Ош, Ош, белгиленди, 1-февраль

Кеченин көркүн "Подиум" мода үйүнүн жетекчиси, модельер-дизайнер Асылжан Камбарованын кыргыз кыз-келиндеринин нукура сулуулугун ачкан "Датка" коллекциясы ачып, көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

жоолук, Умма-Ош, Ош, белгиленди, 1-февраль

Ошондой эле, "Жаннат ай" ательесинен дизайнер Жылдыз Токсобаевадан улуттук баш кийим саналган кеп такыялардын түрү көрсөтүлдү.

жоолук, Умма-Ош, Ош, белгиленди, 1-февраль

4 саатка чукул созулган жоолук күнү иш-чарасында көрүүчүлөргө жоолукка байланышкан викториналык суроолор берилип, баалуу белектер ойнотулду.

жоолук, Умма-Ош, Ош, белгиленди, 1-февраль

Кеченин ортосунда конок Надежда Пчелина дене көнүгүүлөрүнүн айымдар үчүн мааниси чоң экендиги айтып, гимнастикалык көнүгүүлөрдүн түрүн жасап, көрсөтүп берди.

жоолук, Умма-Ош, Ош, белгиленди, 1-февраль

Андан соң жоолукту кооз жана тыкан салынуу боюнча пайдалуу мастер-класс уюштурулду. Иш-чарага келгендер жоолук салынуунун кооз, ошол эле учурда оңой жолун өздөштүрүштү.

жоолук, Умма-Ош, Ош, белгиленди, 1-февраль

Ошто бул жылы 2-ирет уюштурулган иш-чарага өткөн жылкыдан көбүрөөк уюмдар өздөрүнүн демилгелери менен колдоо көрсөтүүнү сунушташты. Айымдарга арналган иш-чаранын көркүнө көрк кошкон "Салсабил", "Хиджаб стайл", "Хадия" мусулман кийимдери дүкөнү, "Кел-кел" кеңсе буюмдары дүкөнү, "Актив дизайн" полиграфия жана жарнама дүкөнү, "Систерс" үйлөнүү-үлпөт салону, "Каусар", @osh/platki_elit инста дүкөнү, "Азык ордо" азык-түлүк дүкөндөрүнө "Умма" журналынын жалпы жамааты, "Умма-Ош" командасы терең ыраазычылыгын билдирет.

жоолук, Умма-Ош, Ош, белгиленди, 1-февраль

Белгилей кетсек, бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү Кыргызстанда 2016-жылдан тарта уюштурулуп келет. Иш-чаранын максаты - жоолуктун исламдагы, дегеле аялзатынын жашоосундагы орду тууралуу айтылып, бүгүнкү күндө жоолук салынган кыздардын кандай көйгөйлөргө туш болору, калыптанган жаңылыш ой пикирлерди жокко чыгаруу, түрдүү көз караштагы айымдарды үй-бүлө, карьера, ден соолук, сулуулук сыяктуу жалпы темаларда бириктирип, диалогго чакыруу.

Кошумчаласак, дүйнөдө 2014-жылдан бери 1-февраль бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү белгиленип баштаган. Бул күндү белгилөө идеясын Нью-Йорктун тургуну Назма Хан сунуштап, жоолук салынбаган дос, тааныштарын 1 күн аны салынып көрүүгө чакырган.

1 / 50



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
26 сентябрь 2018г.
Багымдат
5:18
Күндүн чыгуу
6:53
Бешим
12:53
Аср
17:05
Шам
18:59
Куптан
20:14