Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Үмүткө толгон кат: Уулумдун көзү доктурлардын катасынан такыр көрбөй калды

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 1 март 2018

Биздин редакцияга 2 жаштагы наристенин апасы кайрылды. Бул айымдын төрөт маалындагы доктурлардын катасы анын наристесинин ден соолугуна олуттуу таасирин тийгизген. Кичинекей бала такыр көрбөйт, баспайт жана өз алдынча тамак жей албайт. Баланы өзгөчө шартта кароого, дары-дармектерине күн сайын өтө көп каражат кетет. Эне жүрөгүнун наристесинин ден соолугу жакшырып, толук кандуу бала болуп, элинин сыймыгы болоруна үмүтү чоң. Азыр алар жардамга өтө муктаж. Бул айым кайдыгер карабаган адамдарга жалгыз уулунун жаркын келечегин түзүүгө колдоосуна үмүттөнөт. Төмөндө биз анын үмүткө, ошол эле учурда көз жаш менен коркунучка толгон катын келтиребиз.

Амир, жардам, кайрымдуулук

"Аллах жакшылык кылгандарды жакшы көрөт".

Ыйык Куран, 3:14

Мен сиздерге чоң үмүт менен кайрылуудамын. Баламдын аты Амир, ал 2 жашта. Төрөтүм абдан оор болуп, кесарево жолу менен баланы алууга туура келди. Доктурлар баламды алып чыгып жатышканда анын башын катуу кармап коюшуптур. Мунун айынан азыр ал такыр көрбөйт, баспайт жана өз алдынча тамактана албайт. Эки жылдан бери балабызды айыктырганга жан үрөп келебиз, буга абдан көп каражат кетүүдө. Айына орточо эсеп менен 50 миң соп сарпталат. Бирок жакшы жыйынтык үчүн комплекстүү кадамдарды жасоо зарыл экен. Доктурлар чет өлкөдө баламдын көздөрүнө лазердик опрецияны жасоону сунушташууда. Бул менин Амиримдин бул жарык дүйнөнү көрүүсүнө мүмкүнчүлүк берет экен. Ага 30 миң АКШ долларынын тегерегинде каражат керектелет. Бирок бизде азыр мындай акча жок. Кыргызстанда менин балама окшогон жардамга муктаж наристелер көп экенин билем. Ошентсе да, биз кайдыгер эмес адамдардын колдоосунан үмүтүбүз чоң. Мен күн сайын Аллахтан бир нерсени гана тилейм: кайсыл бир кереметтүү күнү балам менин жүзүмдү көрүп, буттары менен кадам шилтеп жана башка балдар менен чуркап ойноосун. Балам ал үчүн белгисиз болгон ызы-чуудан селт чочуп, мени аруу, жалдыраган көздөрү менен караганда, бир мүнөт да биздин жардамыбызсыз тура албаганын көргөндө журөгүм миң жолу тилинет. Ал азыр түшүнүктүү, сезимтал жана камкор болуп чоңоюп келе жатат. Ал менин маанайымды кадимкидей сезип, кайгымды жеңилдетүү үчүн жылмайып, кучактайт. Мен биздин арабызда кайгыбызды тең бөлүшкөн адамдар бар экендигине жана алар бизге материалдык жактан колдоо көрсөтүп, Амирибиздин айыгып кетишине себепчи болоруна терең ишенем. Аллах жакшылык кылгандарды сүйөт, жана аларды андан да жакшы нерсе менен кубандырат.

Келиңиздер, баарыбыз чогуу Амирдин бул жарык дүйнөнү көрүп жана кадам шилтеп басып кетишине жардам берели.

Акчаны төмөндөгү эсеп боюнча которо аласыздар:

Алуучунун аты-жөнү: Камчыбек кызы Ширин

Эсеп номери: 1280156045157321

ЭЛСОМ электрондук эсебинин номери:0505808898

1 / 13



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
18 декабрь 2018г.
Багымдат
06:45
Күндүн чыгуу
08:27
Бешим
12:58
Аср
15:47
Шам
17:34
Куптан
18:49
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов