Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бишкекте өткөн Куран жарышына 100 дөн ашык студент кыз катталган

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 10 апрель 2018

Кыргызстанда ислам динине болгон кызыгуу убакыт өткөн сайын жогорулоодо. Бул нерсени Бишкекте студент кыздардын арасында өткөн Куран жарышы тастыктады.

8- апрелде Бишкек шаарында “Адеп Башаты” коомдук прогрессивдүү фондунун аялдар жааты уюштурган Куран жарышына ар кыл жогорку окуу жайларынан 80 катышуучу катышып, билимдерин сынашты.

null

“Адеп Башаты” фондунун аялдар жаатынын төрайымы Зулайка Асылбек кызы билдиргендей, алгач жарыя берилгенде мектеп жашындагы жана жогорку окуу жайын бүткөн эже, апалар да жарышка катышуу каалоосун билдиришкен. Бирок конкурстун шарты боюнча студенттер гана катышууга мүмкүн болгондуктан, алар катыша алышкан жок.

“Бизге Кыргызстан эл аралык университети, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Кыргыз-Түрк “Манас” университети, М.Кашгари атындагы Чыгыш университети, Кыргызстан Ислам Университети, И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университети, Расул Акрам Ислам институту, “Кыз Куран” курстарынын студенттери катышты. Куран жарышынын максаты аялзатынын жашоосунда Ыйык китебибиз болгон Курандын ордунун канчалык маанилүү экенин билүү болчу. Иш-чара өткөн соң биз абдан кубанып жатабыз. Анткени бир эле Бишкектен 110дон ашык студент кыз катышуу каалоосун билдиришти. Айрымдары шартына байланыштуу келе албай калып, 80и келди. Диний окуу жайларында гана эмес, башка дагы жогорку окуу жайларынан жарышка келген катышуучулар бизди кубандырды”, - дейт уюштуруучу Зулайка Асылбек кызы.

null

Жарыш 15 сүрө, 25 сүрө, 1 пара, 5 пара категориясында өттү.

5 пара категориясында 2-орунду ээлеген Сансарова Мадина менен маектештик.

Мадина Расул Акрам Ислам институтунун студенти, 19 жашта. Куран китеби менен 16 жашында таанышкан.

“9-классты бүткөндө ата-энем кайсы кесипти тандарымды сурай башташты. А мен динге кызыкчумун. Исламды изилдегим келерин айттым.Биздин үйдүн жанында “Ала-Тоо” медресеси бар эле. Ошол жакта 3 жыл окудум. Мен тапшырардан мурун жөн гана Куранды окууну үйрөнөм го дегем. Бирок жатташыбыз керек экенин түшүндүм. Алгачкы айларда кыйналдым. 1-курста эс-тутумум начар болуп окуудан кулап кала жаздадым. Ушундан кийин болгон күчүмдү салып, окууга киришүүнү чечтим. 1-курста 5пара, 2-курста 22 пара, 3-курста болсо Куранды толугу менен жаттадык.

Мадинанын айтымында, Куранды жаттоого анын атасы чоң колдоо көрсөткөн. Ал: “Акыретте Куран адамдарга шапаат кылат (жардам берет)”, - деп айтчу. Бул сөздөр мага чоң мотивация берген".

Мадина күнүнө 4 барактан жаттаган. Ал, эгер бүткүл ыкыласыңды коюп жаттасаң Аллах Таала өзү жардам берерин айтты.

“Куранды окуган соң адамдын мүнөзү жумшарып өзгөрөт экен. Мага Ыйык курандагы эң жаккан сүрө – “Марьям”. Бул – абдан кооз сүрө. Башында аны жаттай албай аябай кыйналгам. Негизинен Куранды окуган адам өзүнүн жоопкерчилигин сезип, жүрүм-турумуна кылдаттык менен мамиле жасайт экен”, - дейт маектешибиз.
Азыр ал өзү аяктаган “Ала-Тоо” медресесинде 6-10 жаштагы балдарга Куран жаттоодон сабак берет.

Жарыштын уюштуруучусу Зулайка Асылбек кызы мындай иш-чараны дагы да масштабдуу өткөрүү планда бар экенин баса белгиледи.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
5 декабрь 2021г.
Багымдат
06:35
Күндүн чыгуу
08:16
Бешим
12:52
Аср
15:46
Шам
17:33
Куптан
18:48
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов