Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Палестинада 50дөн ашык адам тынчтык акциясынын курмандыгы болуп, 4000ге чукулу жарадар

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: Интернет / Жарыяланды: 2 май 2018

Газа сектору менен Израилдин чек арасында 30- мартта башталган тынчтык акциясы массалык башаламандыкка айланды. Дүйнөлүк ММКлар жазгандай, 1 айга созулган акциянын жүрүшүндө анын катышуучулары менен Израиль аскерлеринин кагылышуусунан 50 дөн ашык палестиналык көз жумду. Өткөн жумадагы эсеп боюнча, акцияга катышкан 4000 ден ашык адам жаракат алган.

null

Белгилей кетсек, “Кайтып келген улуу марш” (Великий марш возвращения) деп аталган акцияга жалпысынан 30 000ге чукул адам катышкан. Бул тынчтык акциясы качкындар, доктур, юрист, студенттер, окумуштуулар, жарандык коомдун уюмдары жана палестиналык үй-бүлөлөр тарабынан уюштурулганын марштын пресс-катчысы Асад Абу Шарех билдирет.

Катышуучулардын айтымында, иш-чаранын максаты - дүйнө коомчулугун Жакынкы Чыгыштагы конфликтке жана израиль аскерлеринен качып, дүйнөнүн ар кайсы бурчуна тентиген палестиналыктардын тагдырына көңүл бурдуруу.

Күндөн күнгө набыт болгондордун жана жаракат алгандардын саны өсүүдө.

null

Бул каршылык көрсөтүү акциясы Накба күнүнө чейин болору айтылууда. Накба күнү деп палестиналыктар жерин тарттырып, оор жоготууга учураган, Израиль мамилекетинин түзүлгөн күнүн айтышат.

Израиль аскерлери палестиналыктарга каршы көздөн жаш агызуучу газды колдонушууда.

null

Газанын саламаттыкты сактоо министринин өкүлү Ашраф аль-Кидра израиль күчтөрүнүн Хан-Юнистен чыгышка жүрүп бара жаткан мобилдик клиникага карата көздөн жаш агызуучу газды чыгарылышын айыптады. Анткени мунун айынан 10 медициналык кызматкер дем ала албай калышкан.

“Медициналык пункттарыбызга каршы багытталган чабуулдарга карабастан биз жараат алган адамдарга жардам бергенибизди токтотпойбуз”, - дейт ал.

Ошондой эле, нааразычылык акциясын чагылдырып жаткан 9 журналист олуттуу травмалар менен ооруканага жеткирилген. Алардын бири Изз Абу Шанабдын Аль-Жазирага берген маегинде, анын үстүндө “Пресса” деген куртка жана шлемдин болгонуна карабай, аскерлер анын бутуна атып, ок сөөгүн сындырып өткөн.

null

Набыт кеткендердин арасында 15 жаштагы өспүрүм Мухаммад Аюбдун өлүмү коомдо резонанс жаратты. Ал башына жеген октон улам мерт кеткени камеранын объективине түшүп калган.

Russian Today телеканалы видеозаписти түшүргөн оператор менен байланышка чыккан. Абдулхаким Абу Рияштын айтымында, набыт кеткен өспүрүмдүн колунда эч кандай курал болгон эмес.

“Мухаммадды мен камерага түшүрүп жаткан кезде анын колунда таш, рогатка, бычак сыяктуу нерселер болгон эмес. Ал өзүн башка демонстранттардай эле алып жүргөн болчу”, - дейт Абу Рияш.

Бул окуядан соң Израиль тарап өзүнүн расмий твиттер аккаунтуна чек арага жакын турган палестиналыктардын сүрөтүн жарыялап, Аюбдун өлүмүнө теракт жасоо үчүн балдарды колдонгон палестиналык кыймыл “Хамастын” күнөөлүү экенин жазышкан.

Жаш, келечекте көптү үмүттөндүргөн палестиналык видеожурналист жана фотограф Ясир Муртажа жакында эле жумушка кирип, кубанып жаткан. Ал өзүнүн интервьюсунда фотограф болууга аны Газа секторунданы окуялар жана ал жакта чындыгында эмне болуп жатканын коомго билдирүү, мекендештеринин оккупация менен блокадада калган оор ахыбалын жеткирүү үчүн окуяларды документтештирүү каалоосу түрткү болгонун айткан.

null

Ain Media билдиргендей, израиль снайпери журналисттин ичине аткан.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын басма сөз катчысы Лиз Тросселл израиль күчтөрүн тынчтык акциясын сыйлоону эскертип, израиль аскерлеринин мындай күч колдонушу Женева конвенциясын одоно бузарын айтты.

null



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
5 декабрь 2021г.
Багымдат
06:35
Күндүн чыгуу
08:16
Бешим
12:52
Аср
15:46
Шам
17:33
Куптан
18:48